Шоумен, тамада жана «Супер футболдун» жылдызы Улан Барпиев казак, өзбек жылдыздары катышкан «Туман» аттуу тасмада роль жаратты. Фильмде көпчүлүккө белгилүү «Жатакана» сериалында роль жараткан актриса Шахзода Матчанова, казактардын «Рэкетир» аттуу киносунда Русландын ролун аткарган актёр Мурат Бисембин катышат.
Казак, өзбек актёрлору менен чогуу тартылган Улан Барпиев тасмадагы ролу тууралуу: «Тасмада башкы каармандардын бири Аман деген байдын баласынын ролун аткарам. Бул менин дебюттук ролум. Кино жаратуучулар өздөрү мени издеп таап, тасмага тартылууну сунушташкан. 1,5 ай тартуу аянтында жүрдүм. Башында «тажрыйбалуу, профессионал актёрлор менен тартылып, кыйналып калбаймынбы...» деген ойлор болгон. Тартуу аянтында андай чочулоолор өзүнөн өзү жоголуп кетти. Азыр баары эле мактап жатышат, «жакшы аткардың» деп. Чыныгы сынды тасма жарыкка чыкканда көрүүчүлөр айтышат да»,- дейт тамашалай.
Бир бүркүм
star@super.kg