Абдумалик Шерматов САХНАДА ЖАНА ЖАШООДО

Абдумалик Шерматовдун “кудай буюрса, жүз аял алып, жүз бала жаратам...” дегени бар. Анткени көздөрү күйүп-жанган жигиттин гүлүнө убагында көп кыздар көз жаш төккөнүнө күмөн жок. Бирок акыркы кезде бул инсан көрүнбөй кетти. Ал эми Абдумалик Шерматов жөнүндө замандаштары мындай дешет.


Гүлшайыр Садыбакасова: «Мыкты ырчылардын катарына кирбейт»

– Бул жигит эстрада дүйнөсүнө кокусунан кирип келди. Мунун себеби Динара Акулова экөө баш кошуп калганы болсо керек. Талантын айта турган болсом, мыкты актёр, өжөр уюштургуч. Бирок мыкты ырдаган ырчылардын катарына кирбейт. Анткени ал ырчы эмес, тубаса актёр.
Дайыма эже деп сыйлап турат. Бир жолу жолугуп калып, көп аял алгандыгы тууралуу айтып, балдарыңды арсар кылып жүрө бересиңби десем, “эже, эмне кылайын?! Менин аялзатына таарынычым бар. Эмне таарыныч экенин айтпай эле коёюн. Ошондуктан жакшы аялга жолукмайынча кайра-кайра үйлөнө берем” деген эле. Акыркы күндөрү бул бала көрүнбөй кетти. Артынан ар кандай сөздөр айтылып жүрөт. Эмнеси болсо да эсине келер деп ойлойм.


Байыш Момунов: «Динара эже менен ажырашканына ичим ачышат»

– Абдумалик Шерматов жөнүндө айта турган жакшы сөздөрүм көп. Ал киши аркылуу мен элге таанылдым. Анда Жаныш экөөбүз “Динара” эстрада тобунда ырдачубуз. Малик агай бизди аскер тартибинде кармачу. Азыр ойлосом, ал ичинде кири жок, ачык-айрым инсан экен. Ал эми анын жеке жашоосуна киришкенге эч кимдин акысы жок дечи. Ошондой болгон күндө да, Динара эже менен эки башка жолго түшүп кетишкенине менин ичим ачышат. Кантсе да бир топто чогуу иштеп калганбыз да. Эмнеси болсо да бар болсун, ден соолукта жүрсүн деп айтар элем.


Шахрезада Аскарова: «Абдумалик ырдан шоу жана бизнес жасаган»

– Биз советтик доордогу ырчылардан эмеспизби. Азыр шоу-бизнес деген сөздү, түшүнүктү баарыбыз билебиз. Мына ошол шоу-бизнес дегенди Кыргызстанда Абдумалик Шерматов биринчи баштаган десем жаңылбайм. Бул жигиттин уюштургуч жагын өзгөчө баалайт элем. Өткүр, мээнеткеч адам. Бир кезде сахнанын көркү болчу. Канчалаган таланттар ооздорун ачып жүргөндө Абдумалик топ түзүп, эстрадага жан киргизип, ырдан шоу жана бизнес жасады. Мен аны сахнада гана көрүп жүрчүмүн. Жайынча отуруп маектешкен эмес элем. Бирок байкашымча жана угушумча ал бир көргөн адамы менен бат эле тил табышып кете алат.


Борончу Кудайбергенов: «Алдамчы деп уккам»

– Абдумаликти Динара менен жашап жүргөндө жакшы таанып калдым. Ошондо анын бир терс жагын байкагам. Ал – алдамчылыгы. Гастролдоп Орусияга барып калып, ал жактан да анын алдамчылык сапаты жөнүндө угуп калдым. Малик Томск шаарындагы мусулмандар имамынын 1000 долларын алдап алып, кайтарып берген эмес экен. Айтор, ушул сыяктуу жоруктарын көп угуп калдым. Негизинен, табият бул мырзага талантты аябай берген десем жаңылбайм. Эмнегедир бир кезде алоолонуп күйгөн жалыны учурда учкун болуп турат.


Айчүрөк Иманалиева: «Аялдан жолу болбоду окшойт»

– Мен Малик менен 1989-жылдан баштап театрда чогуу иштешип калдым. Малик мыкты уюштуруучу, таланттуу продюсер. Өзү да өң-келбети келишкен, көрктүү, жакшынакай жигит болчу. Динаранын атын чыгарган да ушул Малик болду го дейм. Бешенесине жазганы ушул окшойт, эмнегедир аял жагынан жолу болбоду. Кыргызда бир жакшы макал бар. “Вазир жакшы – хан жакшы, аял жакшы – эр жакшы” деген. Мүмкүн, аны түшүнгөн аялдар жолукпагандыр, ким билет?..


Бармактайынан баш кошкон жубайлар Шайыр менен Абдумалик бир кыздуу болгондо турмуш оту күйүшпөй калган эле. Абдумалик мырза кандай күйөө, кандай ата болгондугун билүү максатында Шайыр Касымалиевага кайрылып, төмөндөгү жоопту алдык.

Шайыр Касымалиева: «Бүткөн жаранын картын козгобогулачы?!»

– Негизи, кыздар, ушул суроо мени абдан тажатты. Бүткөн жаранын картын козгобогулачы?! Катуу тийсе кечиргиле, бирок мен кесе эле айтам. Ал адам мурда жашоомдо болсо болгондур, бирок азыр жашоомдо жок. Ал киши кызымдын жашоосунда да жашабайт. Кызым Мээрим экөөбүз да аны менен эч кандай байланышпайбыз. Болгону, аман болсун дейбиз.


Абдумалик менен Динаранын «Кош жылдыз» атуу ыры бир кезде хит болбоду беле. Көрсө, турмуш деген алар ырдагандай “ажайып дүйнө аларга тийбе...” болбойт тура. Тагдыр экөөнү эки айрылыш жолго салган.

Динара Акулова: «Ал киши жөнүндө эч нерсе айталбайм»

– Алтыным, билесиңби, мен ушул суроого канча жылдан бери жооп берип жүрүп тажадым. Эмнеге ал киши жөнүндө менден сурап жатасыңар?! Мен ушул сурооңду жоопсуз калтырам. Эч кандай жооп да бере албайм. Ал адам жөнүндө аны жакшы билгендерден сурагылачы?!


РS. Бул инсан жөнүндө сахналаштарынан ушундай сөздөрдү уктук. Эмнегедир бир кезде Малик менен бир нанды бөлүп жеген жубайларынан жарытылуу жооп алалбадык. Мүмкүн, Абдумалик мырза эки эжебиздин жүрөгүн катуу ооруткан чыгар, ким билсин?..

Окурман журт, бул материалды даярдап жатып, башкы каарманыбызды издештирип таппадык. Угушубузча мурунку жашоосун сызып таштап, дагы бир жубайы менен бактылуу өмүр сүрүүдө экен.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jazka
2009-09-29 15:06:39
daa,Aichyrok eje!aityptyrsyz e?!Dinara ejege ochynyz bardai ele sezilet!))
Malik baike,kaida bolbosun,aman bolsun!al dele bir jan go

+1
№ 360, 25-сентябрь - 1-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан