КӨЙГӨЙҮ КӨП ДЕРЕС АЙЫЛЫ

Аксы районуна караштуу Дерес айылы. Бул айыл Өзбекстандын Наманган, Андижан райондору менен чектешет. 9 аймактан турат. 200дөн ашуун түтүн, 1500дөн ашуун адам жашайт. Туздуу жер, суусу жок, уюлдук байланыш жете элек, жашоо шарты катаал айылдардын катарында.

Ааламга жол айылдан башталат. Көбүбүз эле айылда туулуп-өсүп, кийин айрымдарыбыз айылда иштеп калсак, көпчүлүгүбүз ар кандай себептер менен борбор калаада, чет жерлерде жүрөбүз. Ким эле өз айылын сагынбасын, ал тууралуу маалыматтарды билгиси келбесин? Ошол себептүү гезитибиздин «Элет үнү» рубрикасынын астында мекенибиздин айылдарын кезеги менен чыгарып турууну чечтик. Айылдардын абалы, көйгөйү, башкаларга окшобогон өзгөчөлүктөрү жана башка кызыктары менен тааныштырабыз. Анда эмесе күтүңүз, биз сиздин айылга да барабыз. Өзүңүздүн айылыңыздагы кызыктар, көйгөйлөр тууралуу маалымат бергиңиз келсе, koom@super.kg электрондук дарегине кат жөнөтүңүз.

СУУНУ САТЫП ИЧИШЕТ
Иш тажрыйбамда көп жер кыдырсам да, Дерес айылындай суусу жок, туздуу жер көрбөптүрмүн. Топурактын бетине аппак болуп шор чыгып калганын көрөсүң. Талаалар алыстан караганда туздан улам аппак таштуу сайга окшоп көрүнөт. Суунун тартыштыгын айтпай эле коёюн. Бирок мөмө-жемиш, жашылча-өсүмдүк, дан эгиндин баары өсөт экен. Эгин эгилген ар бир жөөктүн башына сууну кара кагаз менен алып келишет да, ар бир жөөктүн тушунан мык менен кара кагазды тешип коюшат. Суу үнөмдүү агып, эгин сугарыла берет экен. Шордуу жер болгондуктан, жайында ысык 40 градустан ашат. Көпчүлүк жерлерге суу жетпей, эгиндер жай мезгилинде эле куурап калат. Жайында айылды чегиртке басып кетет.
Айылдын кайсы аймагына барбайлы, көп көйгөйлөрдү көрүп, угуп жаттык. Элдин баары таза суу, чек ара маселесин көп айтып жатышты. Эшек-Мойнок аймагынын эли «Арыздана берип пайда таппадык. Таза суу маселесин тынбай көтөрөбүз, эч ким укпайт. Сууну Кызыл-Жар айылынан машина ташып келет. 4 тонна сууну 3 миң сомго сатып алабыз. Ага тыйын таппай калган учур болот. Андайда жамгыр суусун же шор сууну ичебиз. Идиши барлар суу сатып алып куюп коюшат, ал суу сасып кетсе да ичүүгө туура келет»,- дешти.

«ӨЗҮБҮЗДҮН ТЕЛЕКАНАЛДАР ТАРТПАЙТ»
Айыл тургуну ӨСКӨНБЕК ТОКТОРАЛИЕВ:
– Айылыбыз чачкын, ар жерге 4-5 түтүндөн бөлүнүп кеткен. 5 үй-бүлө жашоо шарттын катаалдыгынан көчүп кетишти. Көчөбүз деп жаткандар да көп. Ар бир үйдүн чатырына шланг улап койгонбуз. Жамгыр жааганда анын суусу шланг менен темир челектерге агып түшөт. Ошол сууну ичебиз, жамгыр жаабай калганда 17 чакырым алыстыктагы айылдан ташыйбыз. Мөмө-жемиш эксек өспөй калат, суу жок. Корообуздагы жаңгактарыбыз да куурап калган. Балдарыбызды жуунтканга суу таппайбыз. Жетекчилер келип, «кыйратабыз, моминтебиз, тигинтебиз» деп гүлдөтүп сала тургандай сүйлөшөт, анан тиги ашууну ашкандан кийин убадаларын унутуп коюшат.
Телефон станциясы жок, сүйлөшө турган болсок, адырларга чыгып антенна издейбиз. Кыргызстандын бир да телеканалы тартпайт. Барабан антеннасы барлар чет элдин каналдарын көрүшөт. Анысы жоктор Өзбекстандын каналдарын көрүп, Кыргызстанда болуп жаткан кабарлардан алыспыз.

КУНДУЗ БЕКЕНОВА, Дерес айылынын Сазык аймагынын жашоочусу:
– Жашоо кыйын, мал чек арага бир аз жакындаса эле өзбек чек арачылары айдап кетишет. Жылына 5-6 малдан өзбектерге алдыртабыз. Кайтарганын кайтарышат, болбосо калып кетет. Дарыгерлер ара-чолодо келет, ооруп калсак барууга ооруканабыз жок. Бир кичинекей ФАП бар, ал жердеги мээрман айымдар айылды өздөрү кыдырып элдин ден соолугун карап кетишет. Келиндер толготуп калганда эптеп бирөөнү таап үйдө төрөтөбүз, жетишип калсак, башка айылдардын ооруканаларына алып барабыз. Чек араны караган жоокерлер да аз, ушул учурда жок деле. Өзбек тарап бир күнү келип, атып кетип калабы деп да коркобуз. Мектепке барчу жол алыс, жолдо балдарды кармап кетеби же дагы бир нерсе болобу деп чочуйсуң.

 

«КӨПҮРӨДӨН ӨТСӨҢ СҮЙРӨП КЕТИШЧҮ»
Айыл тургуну МАКСАТ БЫЛЖЫБАЕВ:
– Көп жерлерибиз 1987-жылы Өзбекстанга өтүп кеткен. Чек ара көпүрөнүн ортосунан болуп калган. Көпүрөдөн өтсөң адамбы, малбы, баарын сүйрөп кетишчү. Ортого киши салып, айып төлөп араң алып чыкчубуз. Негизинен, мал менен тирилик кылабыз, корообуздагы мал, тоок, үндүккө чейин айдап кетишчү. Эгип койгон дарбыз, коондорубузду тебелеп, талкалап, бир нерсе десек «бери кел» дешет. Бара алчу эмеспиз. Бакыт аке (ред. айылдашы Бакыт Узгенбаев) 2006-жылы өзбектер менен атышып жүрүп аларга өтүп кеткен ушул жолду айланасындагы жери менен кошуп кайра өзүбүзгө каратып алды. Жалгыз карапайым кишинин колунан келип жаткан нерсе кантип мамлекеттин колунан келбесин?! Бийликтегилер жерибизди тарттырып коюп эле отурушат.

 

«ЖЕРЛЕРИБИЗДИ КАЙТАРЫП АЛСАК БОЛОТ»
«Баатырдын даңкын алыстан ук, жанына келсең бир киши» деген кеп бар. Бул кепти бурмалап айткым келди: «Карапайым кишинин аты чыкпайт, бирок баатыр аталып жаткандардан да чоң иш жасаганы бар»,- деп. БАКЫТ УЗГЕНБАЕВ чек ара боюнча күйүп, өз каражатынан Дерес айылына чек ара заставасын курууга жардам берип, бир канча жыл мурда Өзбекстан тарапка өтүп кеткен жерлерди жалгыз өзү кайра тартып алыптыр.
– Бул жер Союз мезгилинде 40 миң кою бар Тельман атындагы колхоздун кой кыштата турган жайы болгон. Эки жерде тоют базасы болуп, 2 эле кароолчу отурчу. Сакмал, төл, кышында чөп кыркуу убагында адам жетишпей, келген жумушчулар качып кетчү. Тоют маселесин чечиш үчүн Дереске Тельман атындагы колхоздун элин 1984-85-жылдары электр энергиясын бекер кылып, көчүрүп келишкен. Эл тамеки, тоют чөптөрүн экчү. Кийин Союз убагында тартылган насос, түтүктөр чирип, элди эч ким карабай, жашоо шарты оор болуп калды.
Шамалды-Сайдагы чек ара отрядынын штаб жетекчиси Нурлан Тыналиев, ал аркылуу командири Буралиев менен тааныштым. Патриот жигиттер экен. Алардын жардамы менен 1995-жылы өзбек чек арачылары менен талашып-тартышып өзүбүзгө караштуу 5 жарым гектар жерди кайра өзүбүзгө өткөргөнбүз. Кийин Өзбекстандан дагы 80 гектар жерди алдык. Чек ара постун да асфальттан ары 200 метрдей жылдырттык. Өзүбүздүн жерден өзүбүздүн элди өткөзбөй кыйнап, алардын акчасын, малын алып, кордогонун көрүп, өзүбүздүн жерибизге өзүбүз ээ болбогонубузга намыстандым. «Жерибизди алгандан кийин ошол жерге улак чаптыртам» деп айткан элем. Жерди алгандан кийин буздуруп, тегиздеп, улак чаптырттым. Берекелүү жер, 2 жерден нефть чыгат. Бирок кытайларга сатылып кеткен. Иштетилбей эле жатат. Иштетсе 1 суткада 4 тонна нефть чыкмак дешти. Иштетилбей жаткандан кийин башка жакка агып кетет да.
Эгер эл болбогондо Өзбекстан Дерестин көп жерин алып коймок. Дерестен ары Сазыктан Көк-Мойнокко чейин 1000 гектар жер бар. Ал 1980-жылы Өзбекстанга өткөн. Ага чейин биздин жер болгон. Ал жерди да Өзбекстандын акими менен элдик дипломатиялык жол менен сүйлөшкөндө «бул биздин жер, аны баары бир алабыз, иштетпей тургула» деп талап койсок туура көрүп, эгин эгилбей калган. Азыр жогору жактан жардам болсо эле, 1000 гектардан ашык жер Кыргызстанга өтмөк. Ал жер – эртеңки күндө газ менен нефть чыга турган жерлер. Биздин чек арачы балдарды иштебейт дешет. Жок, алар Өзбекстандын көп сандуу отрядына каршы туруп, иш алып барып жатышат. Мамлекет чек арачылардын айлыктарын көтөрүш керек. 10 миңге жетпеген айлык менен жанын мекенге арнап, ата-энесинен алыста иштеп жатышат. Булардын абалын аралашып жүргөн гана адам түшүнөт.

КОНЦЕРТ ШАЙЛООДО ГАНА БОЛОТ
Бул айылда да жаштардын көпчүлүгү чет өлкөлөргө иш издеп кетишкен. Жаштар үчүн айылда эч нерсе жок. Маданий үй жок, концерт деген нерсе шайлоо учурунда гана болот. Спорт зал, бала бакча дегенде айыл эли күлүп жиберишет экен. Мектеп да эскилиги жетип, мугалимдер тартыш, кээ бир сабактар окутулбай калган. Дерес айылында жайгашкан Нүзүп бий атындагы мектептин директору ОРОЗ БУСУРМАНКУЛОВ буларга токтолду:
– Мектеп мурда чабандардын балдары окуган интернат болгон. Азыр 183 окуучу, 1ден 11ге чейин бирден класс болуп 11 класс бар. Ар бир класста эң азы 11 окуучу, эң көбү 24 окуучу. 16 мугалим иштеп жатат. Мугалимдердин көпчүлүгү мектепке жакын жайгашкан үйлөрдө жашашат. Жок дегенде мугалимдердин турак үйүн даярдап берели деп ушул үйлөрдү бөлгөнбүз. Булар да эскилиги жетип, көчүп түшөйүн деп калган. Чет тили, 8-класска чейинкилерге орус тили окутулбай турат. Окуучуларыбыз 10 чакырым алыстыктан келип окушат. Айыл ортосуна чоң болбосо да жакшылап мектеп куруп беришсе болмок. Жогорку окуу жайга тапшыргандар көп, окуучуларыбыз олимпиадаларга катышып турушат. Математика, биология боюнча ийгиликтерди жаратышкан. Бул жердеги окуучулар оюн-зоок дегенди билишпейт. Мектеп, кетмен, үй. Интернет жок, телефон тартпайт.


Ичүүчү сууларын жаан жааганда ушинтип топтошот.

Айылга жакын жерден нефть чыгат.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (46)
Saiha.84
2013-12-11 14:26:38
1.Жергиликтуу бийликтегилер эмне учун ушундай проблемаларды айтып чыгышпайт?,айылдык кенештин депутаттары ойлонуп жогорку бийликтегилерге жеткире турган маселе,2.Айыл окмоту эмне жумушу учун айлык алып отурат ал жерде,элдин койгойун жогору жакка жеткире турган копуро болушпайбы?3.Ушундай койгойлуу айылдарга акча болдуруу учун чуркап эмгектениш керек жергиликтуу бийликтегилер,тескерисинче келген акчаны дагы жашырып жаап жеп алышканга аракет кылышат!!!
0
omurbek9393
2013-12-11 15:39:26
Чынында жакшы макала бул Дерес айылына чынында эле жардам керек экен. Дагы да бул айылдагылар кыйынчылыктарга чыдап эч жака кочпой жашап келе жатканына рахмат!
0
bek123
2013-12-11 23:57:41
Жигиттер жардам бергиле Дерес айылынан уйлонуп алсак жардам болот , ) ))))
0
bek123
2013-12-12 00:00:59
Жигиттер жардам бергиле Дерес айылынан уйлонуп алсак жардам болот, кыздары сулуу дешетко ) ))))
0
Baktyyar
2013-12-13 08:42:09
bek123, Ушуну туура айтасын , сулуу анан ыймандуу дагы болушу керек.
0
myshka406
2013-12-12 08:43:17
макала жазууда туура багыт тандалыптыр, жыйынтык (жардам) чыгаруга аракет жасаныздар(супер инфо), колдон келет
0
Meri77
2013-12-12 15:54:55
Аксы районуна караштуу баардык айылдардын жигиттери топтолушуп,колдон келген жардамдарын беришпейби?Коп тукурсо кол болот дешетко,Россиянын баардык аймактарында иштеп жаткан Аксылык жигиттерибиз да карап турбас эле.Аксакалдар оздору эле ишке козу жеткен жигиттерибизден шайлап алып,чек арага жакын жашаган айылдарга колдон келген жардам корсотсок болбойбу?Бийиликтен жардам кутпой эле коелу.
+1
asanov.chyngyz
2013-12-12 22:27:27
Аксы районунда мындай жер талаш проблемалар коп ушул маселени бийликтеги атка минерлер ачык айрын чечип койсо эч кандай уруш талаш жок болот эле .Биздин чондор оздорунун кызыкчылыгын эле ойлошот.Бийликтегилерге эч эле ичибиз чыкпады.
0
Baktyyar
2013-12-13 08:39:28
Карачы карапайым эл озу менен озу . Ушуну кичине колдоп коюшса эле онолуп осмокпуз да , ызылдап бийлик талашкандын оордуна . Жардам бергин келип кетет , бирок мумкунчулук жок , а жанагы мумкунчулугу бар жип менен жургон , алкынып бийлик деп коздору куйгон чондор олуп калышсын ..
+1
Meri77
2013-12-13 10:26:21
Дерес айылына суу чыгарып берип,мектеп,эмкана куруп берип,анан айылга жакын жердеги нефтини иштете баштасанар,чондор чекеден чыгат кимден уруксат алдынар,нефтини урдап жатасынар деп.Мына ошондо чондор менен эл чечишип алыш керек,силерсиз деле тиричилик болуп жатат деп.Силер креслодон кресло талашып журо бергиле деп.
+1
Erhan
2013-12-13 12:44:15
Ээ ушул бийликтегилер качан онолушат? Тажикстанчалык да оз чекараларыбызды коргой албайбыз чекеден эле басып кирип жатышат ушул чекара маселесине бугут коюш керек .!!!
0
nurjasi
2013-12-13 16:51:16
Барекелде, Бакыт Узгенбаевке, кана эми биздин бийликте ушундай патриот адамдар болсо. Депутаттар болсо эгерде аларга пайда болсо гана иштешет, бизнесмендер. Туура ичин ачышат, качан корсон биздин жерди алышат, а биздин пайдабызга чечилген учур болду беле чек ара маселелеринде.
0
Begimay
2013-12-13 21:30:03
At-Bawy jonundo jaza alasinarby?
+1
Aliyamili
2013-12-13 21:54:21
Эх ата журтум
0
Aliyamili
2013-12-13 21:55:33
Бизде элдердин койгойлорун чечкендин ордуна бийлик талашат чондордон жардам сурап убара болосунар
0
Rostov-on-Don
2013-12-15 18:45:01
Супер инфо туура эле видеосун деле жуктоп койсонуздар?Анан да бул айыл Афганистанда жашаган кыргыздардан айырмасы климатында эле болбосо калган жагы окшош эле экен
0
admin_media
2013-12-16 12:45:08
Rostov-on-Don,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз.
0
№ 579, 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан