ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (9-декабрдан 15-декабрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Тааныштар суранбаса да жардамга кол сунуп, ыраазычылыкка чөмүлөсүз. Талаш маселени жакындар менен талкуулоодон мурун таразалап алсаңыз, баарына пайдалуу чечим кандай экендиги маалым болот. Сүйүктүүңүз сизден жакшы мамиле күтөт, андыктан декабрдын суугуна карабай үйдө майрам уюштуруңуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жүрөгүңүздү көптөн бери өйүп келе жаткан маселе оң жакка чечиле баштайт. Бирок бейшембиден тарта талаш-тартышка, бирөөлөрдүн сиздин үстүңүздөн арыздануусуна кабыласыз. Абалды калыстык менен карап чыгыңыз. Өтмө курактагы балдар ойлонбой бир иш жасап жибербөөсү үчүн тарбиялык, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү кажет. Жеке жашоодо сизди жагымдуу мүнөттөр күтөт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жакын адамыңыздын кыялы, жүрүш-турушу сизди иренжитип, ичте топтолгон ачуунун баарын чыгарып алсам дейсиз. Бирок абалды курчутпоо үчүн унчукпай, андан алысыраак боло туруңуз. Аптада бөйрөк оорусу тынчыңызды алышы мүмкүн, врачка кайрылыңыз. Иште алгылыктуу ийгиликтер күтүлбөйт. Бош убактыңызда досуңуздукуна баш багасыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сизди ойлондура турган сунуш түшөт, дароо жок дегенден мурун анын пайдалуу жагы канчалык экенин ойлонуп көрүңүз. Турак жай маселеси алдыңкы планга чыгат. Апта ортосунан тартып өзүңүздү жакшы сезбей баштайсыз, андыктан сүйүү тууралуу ойлонууга чамаңыз жетпейт. Балдардын мектепте өтчү иш-чаралары үчүн кийим-кече жана башкаларды сатып алууга туура келет.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада жылдыздар бардык жактан колдошот. Учурду колдон чыгарбай, жеке жашоо жана жумуш үчүн да колдонуп калыңыз. Бейшембиде, мүмкүн, банкетке барасыз же көптөн күттүргөн жолугушууга туш келесиз. Жума күнү шашылыш жумуштар менен сапарга чыгууңуз ыктымал.
Ооруп калбайын десеңиз, эс алуу күндөрү оор жумуштардан качуу керек.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада маанайыңыз бирде ачык, бирде бүркөө болот. Жасаган жумушуңуз да кеч бүтүп, алымсындырбашы ыктымал. Андыктан убактыңыздын көбүн өзүңүзгө бөлүңүз. Айрымдар турак жайын жакшыртуу же батир алмаштыруу маселеси менен алектенет. Жеке жашоодо жаңы таанышуу күтүлүп, ойлонууга түртөт.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жашоо бир орунда кыялданып отура бербөөнү талап кылат. Элге аралашыңыз, жаңы адамдар менен таанышыңыз. Бул максаттарды алга жылдырууга, ишке ашырууга көмөкчү болот. Аптада күтүлбөгөн окуяга аралашасыз. Туура жол таап чыгып кетүүгө аракеттенүү керек. Сасык тумоонун алдын алып, чыйрыкканда эле дары кабыл алыңыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Баарын жарым сөздөн түшүнгөн адамдар менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө аракеттениңиз. Алар сизге жакшы маанай тартуулап, чоң көйгөйүңүздү чечип беришет. Жашоодо баары кайтып келет. Андыктан жакшы көргөн адамыңызга белек тартуулоого жетишиңиз. Күнүмдүк рационуңузга көңүл буруп, витаминдүү азыктар менен камсызданыңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Сүйлөгөн сөзүңүздү, жүрүш-турушуңузду көзөмөлгө алыңыз. Антпесе кайгы таап аласыз. Бойдоктор эл көп жерлерде, жолугушууларда көп болсо, сүйүү өзү эле таап келет. Айлыгынын көбөйүшүн каалагандар эмнелердин үстүндө иштөө керектигин пландоолору кажет. Кан басым оорусу барлар тамагына көңүл буруулары керек.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптанын башында эскерүүлөргө көбүрөөк берилип, кетирген күнөөлөрүңүз үчүн жапа чеге баштайсыз. Бирок өзүңүздү кечирип, алдыга умтулмайынча жакшы жашоо болбостугун унутпаңыз. Иште баары сыдыргыга салгандай жүрөт. Остеохондроздун алдын алып, массажга баруу зарыл. Сүйүктүүңүз аптада таарынчаак болуп чыга келет, жумшак мамиле жасаңыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада сиз күтпөгөн учурда жардам өзү келип, татаал кырдаалдан чыгып кетесиз. Жеке жашоодо күтүлбөстүктөр жолугат, андыктан өзгөртүү жагын ойлоносуз. Шаршембиде чөйрөдөгүлөр кайсы бир иш боюнча сизге нааразы болуулары мүмкүн. Жума күнү эскерүү кечесине катышууңуз ыктымал. Апта аягында энергияңыз азаят, иш пландабай туруңуз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бойдокторго таанышуу үчүн ийгиликтүү апта эмес. Маанайды чөктүрбөңүз, анткен менен карьерадан көтөрүлүүгө ылайыктуу мезгил. Тиш дарыгерине барууну артка жылдырбаңыз. Оорунун айынан түндө алапайыңызды таппай калууңуз мүмкүн. Аптада алыскы туугандар менен байланышуу күтүлөт.
Дем алыш күндөрү жакшы жаңылык угасыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 579, 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан