Ар бир замандын өзүнүн артисттери бар. Азыркы жаш ырчыларды коё туруп, Айчүрөк Иманалиева, Алина Жетигенова, Бек Борбиев, Динара Акулова сыяктуу орто муунду алсак, айылдарды түрө кыдырып концерт койгондору көпчүлүк угармандардын эсинде. Алардын жолун улай азыркы жаштардан деле гастролго дайыма чыкканы жана барбаганы да бар. Алардын айрымдары менен азыркы гастролдордун жүрүшү, күнгөй-тескейи, пайдасы, кыйынчылыгы туурасында баарлаштык.
Бегимай Бекбоева:«МЕНИН АТЫМ ГАСТРОЛДОН ТААНЫЛДЫ»
– Кээ бир ырчылар 10 күн гастролдосо эле чарчап кетишет. Мен, тескерисинче, үйдө отурсам жүдөп кетем да, атама «гастролго чыгалычы» дей баштайм. Бир чыкканда 3 айлап жүрө берем. Кыш мезгилинен башка убакта тынбайм. Мен барбаган жер түштүктө эле калды окшойт. Буюрса, жаз башталары менен түштүктүн айылдарын бүтүн кыдырайын деп жатам. Калган аймактарда менин үнүм жаңырбаган айыл калган жок. Барган жериме кайра бир жылдан кийин барам. Токмок менен Кара-Балта шаарларынын эли аябай окшош. Бир концертиң аншлаг менен өтсө, бир концертиңе ашып кетсе он чакты адам чогулат. Ошондуктан ушул 2 шаарга койгондон кооптонуп турам.
Айылдардын клубдары менен атам сүйлөшүп чыгат, топто иштеген инилерим түнү менен афиша чапташат. Айылда билеттер 100 сомдон сатылат. Эң жакшы дегенде 200, орто дегенде 100 адам келет. Клубга түшкөн акчанын 10-15 пайызын таштайбыз. Көбүнчө күндүз мектепке, кечинде клубга концерт коёбуз. Биз баргыча 55 сомдук билеттердин баары окуучуларга сатылат. Ар бир билеттен сүйлөшкөнгө жараша 5-10 сомдон мектепке таштайбыз. Айрым мектептердин жыйындар залы, спорт залы да жок, анда фойеге концерт коёбуз. Ал эми Воронцовка, Ысык-Ата сыяктуу ден соолукту чыңдоочу жайларга 10 күн сайын барабыз десем туура болот. Анткени ал жакка келгендер тез-тезден алмашып турушат да. Билет баасы 100 сомдон, зал үчүн 1000 сом таштайбыз.
Ушунча болуп бир жолу гана жагымсыз окуяга туш болдук. Көлдөгү айылдардын бириндеги концертибиз аябай жакшы өттү. Кетели деп машинага түшүп жатсак эле бир мас чоң таш менен машинанын артында отурган топто иштеген Рамисти коюп калса болобу. Машинанын терезеси сынып, Рамистин башы жарылды. Милиция чакырттык, каматып коёлу десек ата-энеси ыйлап кечирим сурап туруп алышты. Рамис бир жума Чолпон-Атанын ооруканасында жатып, гастролубуз үзгүлтүккө учурады. Тиги жигит машинанын айнегин салып, дарыга, бир жумалык гастролго акча берди.
Кечкисин тааныбагандар деле «биздикине келип конок болгула» деп сыйлап чакырышат. Алар менен дос болуп калабыз да, кийинки келгенде алардыкына түнөп калган учурлар көп. Биз жата турган үйдүн келини, баласы же кызы сөзсүз биз менен клубга чогуу келип, эшик тосушуп дегендей жардам беришет. Кетерде жакшы сөз сүйлөп, ыраазычылыгымды билдирип бир аз акча берип коём. Кыскасы, мени Бегимай Бекбоева кылып элге тааныткан гастроль болду.
Дайыр Исмадияров:«КҮЙӨРМАН КЫЗДАР МАНТЫ, САМСА, ПИРОЖКИ БЫШЫРЫП АЛЫП КЕЛИШЕТ»
– Мен дайыма жаз айларында гастролго чыгам. Бир чыкканда 10 күн жүрөм. Андан ашык жүрө албайм, себеп дегенде чарчап каласың.
Алдын ала кайсы жерлерде болорун тактап, анан ага жараша афиша, роликтер чыгат. Мен кийим алмаштыргыча ырдап турганга деп кээде досторумду кошуп алам. Ар бир облуста мен ишенген бирден администратор бар, алар көрнөк-жарнакты өздөрү кылышат. Мен жөн гана барып концертимди коюп кетем.
Гастролго чыгарда бир айылга мынча чыгым кетет деп эсептебейм. 10 күндүктүн жалпы жыйынтыгын эсептейм, себеби тамак-ашка, машинанын майына акча керек. Мисалы, Жалал-Абадга барган 10 күндүк концертимдин чыгымын айтсам, 60 000 сомдун тегереги. Жыйынтыгында акча Кудайга шүгүр түшөт, канча экенин айтпай эле коёюн.
Ар бир айылдан жок дегенде сөзсүз бирөө чыгат, сахна артына өтүп сыйлайм деген. Үйүнө конокко чакырып, кой сойгондор да жок эмес. Жадакалса концерт алдында күйөрман кыздарым манты, самса, пирожки бышырып алып келишет, анан ысык чай менен жеп алабыз.
Тентек балдар сабаган учур болгон эмес, болбой эле койсун. Бир жолу кичинекей балдар машинабыздын номерин чечип ыргытып жиберишиптир. Анан «ким номерди алып келсе, концертке бекер киргизебиз» десек чуркап алып келишти. Бекер киргизип, бирок эскертүү бергенбиз.
Көп айылдарда мейманкана жок, ошол себептен анча-мынча жерлерде клубдун директорунун үйүнө барып конок болобуз. Кетерде чай ичип коюңуз деп акча таштап коём.
Гастролдун мен үчүн пайдасы – ысык-суукту түшүнөм, чыныгы артисттин жашоосун баштан кечирем, эл менен жакын болом, элден дем-күч, энергия алам. Зыяны жок го дейм.
«Беш тапан» тобунун куудулу Болсунбек Стакеев:«КЛУБДАР МУЗДАК, ЭСКИ»
– Кээде айылдын клубу бошобой калса, жарык өчүп калса, көчөгө деле коё беребиз. Гастролдун жаман жагы – клубдар муздак, эски, айрымдарыныкы шыбактары түшүп калган болот. Жакшы жагы – эл менен жолугушабыз, кол чабуусуна арзыйбыз, эс алабыз, бугубузду чыгарабыз. Кыскасы, элден рахат алабыз.
Азыр Өзгөндүн айылдарында концерт коюп жүрөбүз. Негизи, 5-6 күн мурун биздин адамдар клуб ээлери менен сүйлөшүшөт, анан афишаларды чаптап салабыз. Өзгөн Ош шаарына жакын болгондуктан, азыр кечкисин Ошко барып жатабыз. «Конок болуп кеткиле» деп үйүнө чакыргандар деле болот. Кээде эле барбасак, көбүнчө күнүмдүк батирлерге түнөйбүз. Билет 80 сомдон сатылат. Бизге тийишип кээде майрамдап алган байкелерибиз «эй, кетишиңди ойло» деген учурлар көп эле болот. «Мейли, байке, кандай кетирсеңиз деле кайра келе беребиз» деп тамашалап коёбуз. Бирок азыр мурунку убакка караганда мушташкан учурлар сейрек болуп калды. Жигиттер Орусия, Казакстан сыяктуу чет жерге барып иштеп, турмушка көз карашы өзгөрдү дегендей.
Ал эми алыскы айылдарга гастролго барбаган ырчыларыбыз анын себебин төмөнкүчө түшүндүрүштү:
Чолпонай:«ГАСТРОЛДОН КӨҢҮЛҮМ КАЛГАН»
– Чынында, артисттер акча табуу үчүн гастролго чыгышат да, туурабы? Менде азырынча муктаждык жок, ошон үчүн чыкпайм. Бирок мурда «Кылым» тобунда жүргөндө бир жолу чыкканбыз, ошондо аябай көңүлүм калган. «Жол азабы, көр азабы» дегендей, аябай кыйналганбыз.
Гүлзинат Суранчиева:«ОБЛУСТУН БОРБОРЛОРУНА ГАНА БАРАМ»
– Мен гастролго облустун борборлоруна гана барам. Анткени борбордо аппаратура бар. Болгону көрнөк-жарнак менен гана иштеш керек. Ал эми айылдарга барыш үчүн өзүңдүн аппаратураң болуп, уюштуруу үчүн бир топ адам иштеш керек.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg