Асел, Наргиза Кененбаевалар:«ЭЛИЗАНЫН ЖИГИТИ БИЗДИН СЫНЫБЫЗДАН ӨТҮШ КЕРЕК»

Гезитибиздин тандоосу боюнча «Жылдын ТВ персонасы» наамына талапкер, алпаруучу, ажарлуу бийкеч Элиза Кененбаева теле жаатында көп жылдан бери эмгектенип жүрөт. Элиза секелек кезинде кандай эле? Үй-бүлөдө кандай эже, кандай сиңди? Булар тууралуу Элизанын эжеси Асел жана сиңдиси Наргиза айтып беришет.

БИР ТУУГАН КЕНЕНБАЕВАЛАР
Асел Кененбаева,
28 жашта, үй-бүлөлүү, 2 баланын энеси
Элиза Кененбаева, 26 жашта, бойдок
Наргиза Кененбаева, 22 жашта, бойдок

«Элиза кичинесинде абдан ак көңүл, кой оозунан чөп албаган жоош болчу»,- дейт эжеси Асел.
Асел: – Үй-бүлөдө үч кызбыз. Улуусу мен, ортончусу Элиза, кичүүбүз Наргиза. Атам – дарыгер, апам – мугалим. Элиза наристе кезинде аябай ыйлаак болгонун апамдар айтышат. Түнү менен үйдөгүлөр алмак-салмак көтөрүп чыгышчу экен. Биз төрөлгөндө ата-энем студент болгондуктан, мени чоң энеме, Элизаны таенеме беришкен. Мен бат эле кайра ата-энемдин колуна бардым, Элиза таята-таенемде калды. Анткен менен баарыбыз бир эле айылда турар элек, бат-бат көрүшчүбүз. Абышка-кемпирдин колунда тарбияланган үчүнбү, кээде бизге чоңсунуп калчу. Таятам айлыгын алганда Элизага каттырчу экен. Кичинесинде таята-таенесин алдейлеп эркелетчү. Ак көңүлдүгү жанда жок эле. Элизанын апамдар сатып берген куурчактарды кошуналардын балдарына таратып берип салганычы.
Ымыркайында ыйлаак болгону менен, чоңойгондо жоош болуп чыга келди. Мектепте окуп жүргөндө аябай токтоо болчу, аз сүйлөчү. Тааныштарыбыз алгач Элизанын радиодон сүйлөп жатканын укканда аябай таң калышкан, «Тобо, Элиза ушундай сүйлөй алабы?» деп.

Алпаруучуну кичине кезинде жакындары ырчы болот го деп ойлошчу экен.
Cиңдиси Наргиза: – Элиза эжем бизге караганда таенеме жакын. Эжекем кичинесинде аябай жакшы ырдачу, кээде баарыбызды чогултуп алып концерт коюп берер эле. Жакшы ырдагандыктан, атам ага ырлар жыйнагын сатып берген. Биз эжекемди ырчы болот деп ойлогонбуз да. Өзү болсо Сергей Лазаревдин ашынган күйөрманы, экөөбүз анын плакат-сүрөттөрүн бөлмөбүзгө чаптап, дисктерин чогултуп эле жүрчүбүз. Бир жолу экөөбүз Лиза&Гиза болуп алып, кагаздан билет, акча жасап, атам менен апама концерт коюп бергенбиз. Кышында болсо атам-апам болуп алып целлофан менен жылгаяк тепкени тоого чыгып келчүбүз.
Асел: – Атам, Элиза болуп түн бир оокумга чейин футбол көрчүбүз. Кээде атам уктаганы баратканда бизге «гол болсо мени ойготуп койгула» деп кетчү. Элиза экөөбүз футбол бүткөндөн кийин атамды ойготуп алып эмне болгонун баяндап бергенибизчи (күлүп).

Адатта, жоош адамдар үй-бүлөдөгү тыңдардын көлөкөсүндө калат эмеспи. Урушуп калган учурда Элизаны да эжеси менен сиңдиси бөлүп коюшчу экен.
Асел: – Кичинебизде оюнчук талашып же башка бир себептер менен урушуп кеткенде дароо Наргиза экөөбүз бириге калып Элизаны бөлүп койчубуз. Ага арданчу деле эмес, өзү менен өзү жүрө берчү.
Наргиза: – Элиза эжемдин дагы бир таланты бар, адамдарды жакшы туурайт. Үйгө келгенде саясатчыларды, жылдыздарды өзүндөй кылып туураганда боорубуз эзилгенче күлүп жатып калабыз.
Асел: – Ал эми таарынып, капа болгондо бат эле көзүнө жаш тегеренип кетет. Абдан жашык, ыйлап эс алып калат. Анан да жеткен иштерман. «Эс албайсыңбы?» деп урушсак болбой жумуш дегенде ичкен ашын жерге коёт. Эмгек өргүүсүнө чыкса деле жумуштары менен алек болуп жүрө бермейи бар. Апам дайыма «карьера деп жүрө бербе, кыз кишинин бактысы үй-бүлөдө, теңиңди тапсаң турмушка чыга бер» деп айтат.

Көз күйдүргөн селкиге көз кырын салып жүргөн жигиттер да аз эмес. Элизанын бир туугандары бул тууралуу мындай дешет.
Асел: – Сөз айткан жигиттери, күйөрмандары, айтор, жеке жашоосу тууралуу биз менен бөлүшөт. Бирок негедир сиңдим Наргиза экөөбүзгө жаккан жигиттер Элизага жага бербейт. Жигиттерге болгон табитибиз башка окшойт. Элизага өзүнөн 5-6 жаш улуу, чечкиндүү, башкаруу жөндөмү күч мырзалар жагат. Өзү айтмакчы, Элизага башкарганды билген мырза керек.
Наргиза: – Күйөрман жигиттеринен белек-бечкек, таттууларды алса мага алып келип берет.
Асел: – Элизанын жигити биринчи биздин сыныбыздан өтүш керек, «подходду» жакшылап жасап, таттууларды алып берип (күлүп).
Наргиза: – Кээде ушундай «красиво ухаживать» эткен жигиттерди деле «жо-ок, жаккан жок» деп чанып салат. Ошондо тартышып кетебиз, «эмнеге жакпайт, жакшынакай эле экен го» деп.
Асел: – Ооба, ошондон да ортобузда келишпестиктер болуп кетет. «Сага кандай бала болуш керек анан?» деп. Бирок көңүлүнө жаккан, анын бардык талаптарына жооп берген теңин таба элек го дейм. Тапса эле мени күйөө балалуу, Наргизканы жезделүү кылмак да.

Ал эми Элиза өзү бир туугандары тууралуу мындай дейт:
– Бир айлыгымдан баштап таята-таенемдин колунда өскөм. Таенемди апа дейм, ал эми өзүмдүн апамды мама дейм. Кичинемде таенем мени мамамдан кызганчу, мектептен ары өзүмдүн үйүмө кетип калсам мени урушар эле. Кийин өзүмдүн үйүмө барганымды таенеме айтпай калгам. Эжем, сиңдим менен кийинчерээк окууга тапшырганда чогуу жашап калдым, ошондо эле мени бир тууган катары кабыл алышты окшойт (күлүп). Улуу эжеме бир нерсени абайлап айтам, анткени сүрдүү. Ал эми Наргиза сырды бекем катат, ошон үчүн сырларымдын баарын ага айтам. Секелек кезде үчөөбүз урушуп же бир нерсени талашып калсак, экөө бири-бирине болушуп мени бөлүп коюшчу.

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Бизге жаккан балдар Элизага жакпайт" дейт эжеси Асел Кененбаева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Jamalym
2013-12-09 14:09:37
Жан дуйносу назик,боорукер жана акылдуу кыз экен.Алып барганы аябай жагат.
0
AikoWka
2013-12-09 17:26:45
Аябай жакшынакай эже-синдилер экен, ушундайынардан жазбагыла!
0
Nice0101
2013-12-09 17:34:08
Yntymaktuu eken,koz tiybesin!
0
nurik838383
2013-12-09 21:04:59
ошондо эмне силер суйуп элиза турмушка чыгабы
+1
nurik838383
2013-12-09 21:06:36
бир туугандары кызыкко ар бир адамдын оз жашоосу каалосу ар башка да силердин сынынардан отсо деп койосунар, эгер элизанар суйгон болсо силердин сынынар суу кечпей калат
+2
Begai_kg
2013-12-09 22:19:33
суллуу эжелер экен
0
RACh
2013-12-10 11:16:21
Сулуу кыздар экен
0
ere
2013-12-10 11:33:09
эх сулуулар сулуулар
0
Aselina_kg
2013-12-10 15:26:58
Учоо тен таптатынакай го,бактылуу болушсун!
0
piramida
2013-12-10 20:40:22
Ежесинин шарапаты менен синдисинин багы ачылыптыр да.
0
LadyD
2013-12-14 15:02:29
учоо тен абдан татынакай кыздар экен, Асель деген эжеси 28 эмес 18 деги кыздай корунот экен.
0
Baktyluumun
2013-12-14 19:12:13
Biri-birine okwowpoyt eken.
0
Nepa
2013-12-15 15:27:17
Ushul ejeni suiom da suiuom
0
zuyada
2013-12-19 13:51:14
аябай жаш корунот экенсиз сыры эмнеде?
0
uty
2013-12-28 00:35:22
Магада аябай жагат Элиза эже азаттыкты алып барганыда соонун...чыгармачылык ийгилик
0
№ 579, 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан