«Форсаж» тасмасынын жылдызына айланган Пол Уокер 2013-жылдын 30-ноябрь күнү автокырсыктан каза таап, көптөгөн күйөрмандарын кайгыга салды.
«ФОРСАЖ-7ГЕ» ТАРТЫЛМАК...
Пол Уокердин чыгармачылык тушоосу 2 жашында, «Pampers Diapers» фирмасынын жарнамалык түрмөгүндө балакайлардын жалаяк-шымдарын жарнамалоодо кесилгени кызык. Башында жарнамалык түрмөктөргө, түрдүү шоу-берүүлөргө, сериалдарга тартылып жүргөн. Бирок чыныгы атак-даңк ага «Форсаж» тасмасынан кийин келген. Аталган тасма чыгары менен Пол тез эле Голливуд жылдызына айланат. Албетте, «Форсаждын» уландылары да Полдун атактуулугун күчөткөн. Акыркы эсте каларлык эмгеги болуп 2013-жылы чыккан «Форсаж-6» эсептелет. Келерки жылы аталган тасманын 7-бөлүгүнө тартылмак, бирок...
Канчалаган сулууларды жандаган Пол али үй-бүлө кура элек болчу. Бирок анын артында 14 жаштагы Мидоу Рэйн аттуу кызы калды. Ал азыр апасы Ребекка менен Гавайи аралдарында жашайт.
КАРГАШАЛУУ КҮН
Кырсык болгон күнү Пол Уокер досу Роджер Родас менен кайрымдуулук кечеден кайтып келатышкан. Рулда отурган актёрдун досу Роджер унааны өтө катуу ылдамдыкта айдап бара жатып жол жээгиндеги устунду, андан соң даракты сүзгөн. Унаанын дароо күйүп кеткенине байланыштуу ичиндеги экөө окуя болгон жерден жан беришкен. Бул маалыматтар боюнча өзгөрүүлөр же жаңы фактылар пайда болушу мүмкүн. Себеби актёрдун өлүмү боюнча изилдөө иштери ушул тапта да жүргүзүлүп жатат.
Азыр актёрду эскерип жаткан адамдардын баары анын: «Эгерде мени ылдамдык өлтүрсө кайгырба, себеби мен жылмайып өлгөн болом»,- деп көп айтарын эстешип, «ылдамдык түбүнө жетти окшойт» дешүүдө.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg