Ар бир адамдын тагдыр жолу бар.Жаркыраган кыздын тагдырын ушундай болот деп ал убакта эч ким ойлогон эмес. Анын жолу бир жаңылуудан башталып, арты өлүм менен аяктады.
АВТОБУС КҮБӨ БОЛГОН СҮЙҮҮ
Мектептин активисти, тың чыкмасы Арзыгүлдү мугалимдердин баары, жигиттердин көбү жакшы көрүшчү. Башкаларга үлгү катары да көп айтылар эле. Кыскасы, мектеп жылдызы. 11-классты бүтүп, аттестат алуу учурунда Арзыгүлдү ала качабыз дегендер да болду. Мектепке узатып барып, чыкканда кайра тосуп алуу инисине чоң милдет катары жүктөлүп, ата-энеси сак-сактап жүрүштү. Ошентип калкалаган ата-эне кызын борборго жиберген эле. Баары анын шаарга келгенинен башталды...
Айылына тынбай каттаган кыз эмнегедир келе жатканда да, бара жатканда да бир автобуска түшүп калат десең. Анан айдоочу Калыйбек менен таанышып, жакшы достордон болуп калышкан. Калыйбек менен Арзыгүлдүн ортосундагы жылуулук алоолонуп бара жатканын кыз алтынчы туюму менен аңдап эле жатты. Бирок токтотууга эч кудурети жеткен жок. Жадакалса «Үй-бүлөң барбы?» деп суроодон коркуп турду.
Калыйбек эки балалуу болгонуна карабай Арзыгүл деп калды. Үй-бүлөсүн унутуп, экөө чогуу жашап калышкан. Арзыгүл шаардан батир алып, жолдошун күткөндөй Калыйбек айылдан келерде дасторконун жайнатып тосуп алат. Ал да «кара жаным, как жүрөгүм» деп кагылып, сагынып калат. Ушундай күндөр өтүп жатты.
ТОЛГОО...
Арзыгүлдүн үйдөн чыкпай, Калыйбектин алып келген тамак-ашын, акчасын үнөмдөй баштаганына 2 ай болду. Анткени ичиндеги баласы 9 айга чукулдап калган эле. Алаканына салып көтөргөн ата-эне болгон окуядан кийин кызынан эчак жүз үйрүп кетишкен. Кыздын күткөнү жалгыз Калыйбек.
Толгоо... Жан кыйнаган ооруну бир заматта жок кылгысы келген келиндин көзүнөн чаар чымын уча баштады. Бир бөлмөдө жапжалгыз. Улам-улам эшикти карайт. Күткөнү кечиге берди.
Ыңаалаган баланы дарыгерлер ичине жаткырышканда Арзыгүл катуу чочуп кетти. Ымыркайдын алсыз денесинен үркүп кеткени менен, кайра бир жылуулук пайда болду. Келин уул баланы кучактап өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап жиберди. Мына ошондон тарта анын жашоосунда чоң өзгөрүү болду. Ата-энесинин кызына таарынычы болгону менен, «балада эмне күнөө...» деп небересин багып алышты. «Сен эми иште. Окууну го жаныңа жолотпой койдуң, балаңды айылга алып кетип багабыз» дешип уулун таята-таене айылга алып кетишти.
Бир жолку келишинде Калыйбек маселени кабыргасынан койду.
– Биринчи баланы го ата-энеңе бердик. Экөөбүздүн мамиле улана берсе, экинчи бала да пайда болот. Мамилени үзөлү, үй-бүлөмдү таштай албаймын,- деди.
Арзыгүл мындайды күткөн эмес эле. Кучагына оролуп, ысыгына күйүп, эркелеп жаткысы келген келин эми муздай түштү. Эне болгондон бери Калыйбекти мурункудан да жакын сезип калган эле.
– Жогол, кет, экинчи көзүмө көрүнбө!- дегенден башка эмне айтарын билбеди. Өксүп-өксүп ыйлап жатты.
ТАБЫШМАКТУУ ӨЛҮМ
Жумушсуздук, курсактын ачканы, көздүн караңгылаганы... Баары, баары Арзыгүлдүн жанына батты. Акыры «түнкү көпөлөктөр» турган жерге барды да, кошулду. Бул нерсени максат кылып, алдын ала «ушундай кылайын» деп деле ойлогон эмес. Ойдо жок жерден малынды. Бул күндөрдү эстегенде Арзыгүлдүн жашагысы да келбей кетчү. Анткени эмнелер гана баштан өтпөдү...
Денесин сатып бир жылдай иштеп, анан тыңдыгынан «мамашалыкка» өтүп алды. Кыздардын өздөрүнчө «менин иштегениме мынча жыл болду, дагы деле жүрөм, мамашалык кылмак тургай өтпөй да калам» деп шыбырашкандарын көп эле жолу кулагы чалган. Арзыгүл кыздарды Бишкекте гана тескебестен, Алматыга «экспорттой» баштады. Коңшу мамлекетте кыздар кымбат турарын кардарларынан уккан эле. Өзү Алматыда батирге чыгып, Бишкектеги ордуна башканы дайындап койду. Бишкектен барган кыздарды өзү Алматыда сата баштады. Курсагы тамак-ашка, капчыгы акчага толду. Колунда, кулагында, моюнунда, билегинде кымбат алтын. Кыскасы, «мына жашоо деген» деп отуруп калды.
Бирок турмуш дейбизби же тагдырбы, өз жообун бербей койбойт эмеспи. Бул ишке кириптер болгонуна 5 жыл өтпөй Арзыгүлдүн жансыз денеси өзүнүн батиринен табылып отурат. Капырай, бул эмне деген шумдук?! Батирдеги таңгак-таңгак долларлар, бриллиант, алтын топтомдор, баары турат. Арзыгүлдүн байлыгы кичине бөлмөдө болгону менен, абдан чоң суммага бааланмак. Кол алдында иштегендер кесиптешинин азасына барганда акчасын, алтындарынын бирин да жок кылбастан ата-энесине тапшырышты. Ошол окуядан бери 4 жыл өттү. Арзыгүлдүн өлүмү дагы деле табышмак.
АКЫРЫ БЕТИ АЧЫЛДЫ
Ооба, бул окуяны билгендер «табылса керек, жанында жүргөндөр эле өлтүрүштү, акчасына да, баалуу буюмдарына тийишпептир» деп шыпшынып жатышты. Ал эми орган кызматкерлери көпкө чейин илинчек табышпады. Арзыгүлдүн эмне иш менен алектенерин айыл-ападагылар бурч-бурчтан сүйлөшө калышканы менен, ата-энеси аны «саунада администратор» деп жашырып келишкен. Ким билет, балким, чынында эле кызынын кандай жол менен акча табарын билишкен эмес чыгар.
Чуулгандуу бул окуя унутула баштаганда кайрадан дүң болду. Анткени кылмышка шектүү делинип өзү менен чогуу иштеген эки кыз кармалды. Кыздар кылгандарын толугу менен моюндарына алышкан. Мыкаачылыкка барышканынын себебин мындайча түшүндүрүшкөн. Айтымдарында, Арзыгүл көп учурда тиги экөөнү иштетип, бирок акчаларын бербей, берсе да аз бөлүгүн гана карматчу экен. Ошого жини келген кыздар көзүн тазалоону пландашыптыр.
Ошентип, күлгүндөй үч тагдыр талкаланды. Бири жаштайынан жаман жолго түшүп, акыры кол алдындагылардан каза тапса, берки экөө «киши өлтүргүч» атка конуп, темир тор артына кетишти.
Асия Алиева
lira@super.kg