``Кыз-Бурактын`` тобунун ырчысы Г.Калдарованын жолдошу Мырзабек: ``ГҮЛНАРАНЫ СООРОТУШ ҮЧҮН КӨП ЭНЕРГИЯ КЕТЕТ``

«Сындырбачы назарымды, сылатып кой жамалыңды.
Өмүр бою тарткым келет, жыргалыңды, азабыңды...» деп ырдаган Гүл­на­ра Калдарова турмуш куруп, сүйүктүүсүнүн жыргалын да, азабын тартып жатканына беш жыл болду. Эки жарым, бир бүтүнгө айланган Гүлнара менен Мырзабек бизде конокто.

– Гүлнара, жолдошуңузду эртең менен чайын берип, жумушка узатасызбы?
– Жолдошун эртең менен чай берип узатып, кечинде ысык тамагы менен тосуп алуу – ар бир аялдын милдети. Мен беш мүнөт болсо да Мырзабектен эрте туруп, чайын берип узатканга аракет кылам.

– Гастроль, концерт деп жүрсөңүз, күндө эртең менен чай бергенге мүмкүнчүлүк болбосо керек...
Мырзабек: – Жок, Гүлнара гастролго чыкпайт. Чоң концерттерге гана катышат, кээде тойлорго барат. Анан чет жакка гастролдорго ашып кетсе бир жумага гана барганга уруксат. Айлап-жылдап гастролдогонун азыр токтоткон.

– Концерт, тойлорго жубайыңыз менен сиз да кошо барасызбы?
Гүлнара: – Эл “келинчегин ээрчип жүрөт экен” деп айтышпасын деп барбай калган. Бирде жолдошумдун ырдаганын Кенже угуп алып, “сонун ырдайт турбайбы, элге сюрприз кылабыз” деп бир концертте ырдаткан болчу. Азыр ошол ырдаганын эстесе, “уялбай кантип чыктым экен?”деп калат. А мен болсо сүйүүнүн күчү керемет деп күлүп калам.

– Мырзабек, ушунча жылдын аралыгында казан-аяк кагышпай койбосо керек...
М: – Албетте, бардык эле үй-бүлө­лөрдө мындай көрүнүш болуп турса керек. Кудай сактасын, катуу эмес, анча-мынча жашоонун эрежесин сактап кагыштыра коёбуз. Эми бул мыйзам ченемдүү көрүнүш да. Бирок Гүлнаранын таарынганынан корком. Анткени анын таарынычын жазуу үчүн көп убакыт, анан көп энергия кетет (күлүп). Дагы бир сырыбызды айта кетсем, биз көз тийбесин деп кээде атайын казан-аякты кагыштырып коёбуз.

– Үй-бүлөдө акчаны ким кармайт?
М: – Акча таап, үй-бүлөнү багуу – менин милдетим. Жанымда жүргөн акчадан сырткаркы үй-бүлөлүк бюджет Гүлнаранын колунда сакталат.
Г: – Мен аны катып коём. Эгерде бирдеме сатып алып коротсом, Мырзабекке айтам.

– Эки жаш ээрчишип, базар кыдырып кийим тандайбы же...
М: – Кымбат баалуу кийим алганымда гана Гүлнара экөөбүз кеңешип алабыз. Ал эми майда-чүйдөлөрдү жолумдан жолугуп калса өзүм ала берем.
Г: – Мырзабек базар, дүкөн кыдырганды жаман көрөт. Ошондуктан кийим алганы курбуларым, эже-сиңдилерим менен барам.

– Бири-бириңерди кантип эр­ке­летесиңер деп кызыгып кеттим...
М: – Гүлнара көңүлү келгенде мени “жануськам” деп калат.
Г: – Мырзабек такыр атымдан айтпайт. Телефон чалса да “жану”, “жануся”, “радость моя” деп эркелетет. Калганын айтпай эле коёюн, гезитти кайын журтум окуса эмне дейт?

– Баарыбызда кемчилик бар эмеспи, бири-бириңерден жактырбаган сапаттар барбы?
Г: – Мырзабекке менин уйкучулугум жакпайт. Ал эми мага анын жумуштан “10 мүнөттө барам” деп, анысы жарым саатка созулуп, кармала бергени жакпайт. Мырзабек бажы кызматкери болгондуктан, түндө күзөткө калып, мени көп күттүрөт.

– Мырзабек, айтсаңыз, жу­байы­ңызга канча калың бердиңиз эле?
– Эми канча калың бергенимди айтпай эле коёюн, себеби Гүлнараны канчага алганымды эл билип алат дебейимби. Кыскасы, куда жакты да, Гүлнараны да капа кылган жокмун. Анын оюндагыдай чоң той өткөрүп бердик окшойт.

– Кайын журтка барганда кой союп кызмат кыласызбы? Бажалар менен баш тырмашкан учурлар болобу?
– Кайын журтка барганда, албетте, жан дилим менен колумдан келишинче кызмат кылам. Ал эми кой сойгонду билсем да, эмнегедир кайын журтта кой союп көрбөптүрмүн. Бажалар менен жакшы эле баш тырмашабыз. Улуу жезделерге караганда Темир Назаров экөөбүз жакынбыз.

– Гүлнара, сиздин апаңыз менен жолдо­шуңуздун мамилеси жакшыбы?
– Апам мага караганда Мыр­за­бекти жакшы көрөт. Мырзабекте сенин тууганың, менин тууганым деген түшүнүк жок. Менин жакындарымды да бир тууганындай жакын көрүп сыйлап турат. Жаңы турмуш курганда “мен үйгө коноктун келгенин жактырам, сенден суранычым, конокторумду жакшы тосуп берсең эле болду” деген. Ошондуктан үйдөн конок үзүлбөйт.

– Борбордо кимдер менен ту­ра­сыңар? Кайненеңиз менен ма­ми­леңиз кандай? Үйдө жоолук салы­на­сыз­бы?
– Мен эң кичине келинимин. Кай­ненемди өз апамдай көрөм. Ушунчалык акылдуу аял, мени келиндей эмес, кызындай көрөт. Апам Ошто деле, бул жакта биздин колубузда деле жүрө берет. Анан жоолук салынбаганга өзү уруксат берген. Чоң кайнагам кайната ордунда болгондуктан, ал үйгө келгенде сөзсүз жоолугумду байлай калам. Ал эми айылга барганда жоолук башымдан түшпөйт.

– Качан балалуу болоюн деп жа­та­сы­здар?
М: – Негизи, пландап койгонбуз. Кудайдын буюрган күнү деп күтүп жатабыз. Мен көп балалуу болгонду жактырам. Баса, биз жакында эле өкүл уул, өкүл кыздуу болдук. Эми өз уул, өз кызыбызды күтүп жатабыз.
Г: – Мырзабекке караганда мен чыдамым кетип күтүп жатам. Акыркы убакта жолдошум жаш балага жакын болуп баратат. Мырзабек биринчиси кыз болсо десе, мен эркек болсо деймин.

– Кудайым тилегиңерди берип, көп балалуу болгула!

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
chopa_07
2009-09-29 20:21:32
Inshallah balaluu bolup baktyluu omur surushunuzdorgo chyn jurokton tilekteshmin! Sizderdei baktyluu uibuloolor Kyrgyzstanda kooop bolsun!!!!!!
0
№ 360, 25-сентябрь - 1-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан