Нурбек Аканов, «Жылдын супер спортчусу» наамына талапкер:«УТУЛУП БЕР ДЕП АКЧА СУНУШТАШТЫ»

Үстүбүздөгү жыл кыргыз күрөшү үчүн да, балбаныбыз Нурбек Аканов үчүн да өтө ийгиликтүү жыл болду. Ал бул жылы 3 ири мелдеште чемпион аталып, ийгилик тепкичинин эң жогорку баскычынан орун алды. «Жылдын супер спортчусу» наамына ат салышып жаткан Нурбек өзү жөнүндө айтып берди.

АКАНОВ НУРБЕК КАЛМАМАТОВИЧ
Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 8-декабрь.
Туулган жери – Сузак району, Кара-Дарыя айылы.
Бою – 177 сантиметр.
Салмагы – 100 килограмм.
Жетишкендиктери – Бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын жана бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Азиянын 3 жолку жана Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону. Дүйнө Кубогунун 2 жолку ээси. Бүткүл Дүйнөлүк Универсиаданын жана Чыгыш өнөр искусствосунун фестивалынын чемпиону.

«АГАЛАРЫМДАЙ ЧЕМПИОН БОЛСОМ ДЕЧҮМҮН»
– Мен төрөлүп-өскөн Кара-Дарыя айылында кичинесинен чоңуна чейин күрөшүшөт. Бир тууган агаларым Сапар менен Чыңгыз да чоң балбандар. Сапар агам кезинде Дүйнө жана Азия чемпиону аталса, Чыңгыз байкем 2 жолу Дүйнө чемпиону болгон. Аларды көрүп мен да агаларымдай чемпион болууну кыялданчумун.
Атамдын Шергазы деген иниси күрөшкө болгон кызыгуумду көрүп, айылдагы клубдун чатырына машыгуу үчүн жай жасап, койдун жүнүнөн килем даярдап берген. Ал залдан машыгып чыккандан кийин кой жыттанып калчумун. Анан чыгып эле каналдагы сууга түшөм. Кыскасы, айыл шартында эле машыгып чоңойдум. 10-классымдан баштап чоң мелдештерге катышып, 62 килограмм, кийин 74 килограмм салмакта Кыргызстандын чемпиондугун ута баштагам. Ошол эле салмак менен абсолюттук эң оор салмактагылар арасында да жеңишке ээ болчумун.

«БАЯМАН ТАЯКЕМДИ КӨТӨРҮП ЧАПКАМ»
– Атам Калмамат, апам Сонун – карапайым адамдар. Сапар, Чыңгыз деген агаларым, Миргүл, Айгүл деген эжелерим бар. Мен эң кичүүсүмүн. Бир туугандарымдын баары үйлөнүп-жайланышкан.
Атам Калмамат (лакап аты Ак балбан) да кезинде катуу күрөшкөн. Таяке тарабымдан Баяман балбан, Тапанча балбан күчтүү чыккан. Баяман Эркинбаев – бир тууган таякем. Аны менен бир ирет күрөшүп да калгам. Анда мен 11-класста окуп жаткам, ал эми Баяман таякем депутат болчу. Алгач жакшы көргөн ыкмама салып чаап жеңип алгам, ошого ал ачууланып кеттиби, мени жамбашка алып катуу чапканда эсимди жоготуп коюпмун. Өзүмө келсем, жанымда күлүп отуруптур.
Машыктыруучум Чыңгыз агам экөөбүздүн салмагыбыз бирдей болгондуктан, мелдештерде кез келип калган учурлар көп. Бирок бири-бирибиз менен байге талашып күрөшпөйбүз. Ал эми машыгуу учурунда чындап күрөшөбүз. Залда көбүнчө ал утат. Ал мени 5 жолу чапса, мен аны 2-3 жолу эле утам.

«МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ЖЕҢГЕМ»
– Санкт-Петербургда өткөн чыгыш өнөр искусствосунун Бүткүл дүйнөлүк оюндары жогорку деңгээлде өттү. Бардык өлкөлөрдөн күчтүү балбандар келишти. Күрөш боюнча 90 килограммга чейин жана 90 килограммдан жогору 2 гана салмакта таймаш жүргүзүлдү. Мен 90 килограммдан жогоркулар арасында күч сынаштым. Менин салмагым 100 килограмм болсо, атаандаштарымдын салмагы 120 килограммдан өйдө болду. Күрөштүн алдында орусиялык спортчу машыктыруучусу менен келип «утулуп бер» деп мага
5 миң доллар акча сунуштады эле, «ойлонуп көрөйүн» демиш болуп, кеткенче шаштым. Баарын мөөнөтүнөн мурда далыларын жерге тийгизип таза жеңип алгам.

«КАРА НАН ЖЕСЕМ ДА ӨЗ ӨЛКӨМДӨ БОЛОМ»
– Бизде күчтүү балбандар көп, дагы да өсө берет. Тилекке каршы, балбандарыбыз колдоонун жоктугунан чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Канчалаган мыкты жигиттерибиз спортту таштап коюшууда. Колунда бар жеке ишкерлер таланттуу жигиттерибизди колдосо жакшы болмок. Ошондо спортчуларыбыз жаман жолдорго барбай, спорт менен алек болуп, туубузду желбиретишмек.
Мени да көп акча сунуштап чакыргандар бар. Ирандан, Украинадан сунуштар болду. Алардын балбандарына күрөштүн сырларын үйрөтүүмдү каалап жатышат. Биздин күрөшүү ыкмаларыбызды үйрөнгөндө кайра эле өзүбүзгө каршы күрөшүшөт да. Билишимче, ирандыктар ансыз деле биздин күрөшүүлөрүбүз тартылган дисктерди алып барып алышып, ошого карап машыгышат экен. Бирок мен үчүн чет жерде жакшы шартта башка бирөөлөрдү машыктыргандан көрө кара нан жесем да өз жеримде өзүбүздүн жигиттерди үйрөткөнүм жакшы.

«40ТАЙ МАШИНА УТКАМ»
– Ушул убакка чейин күрөштөрдөн уткан машиналарымдын саны 40ка жетип калды окшойт. Арасында 8, 9 миң долларлык, 500 долларлык автоунаалар да бар. Аларды сатып, каражатты кайра эле өзүбүзгө жумшайбыз. Машыгууга, витамин алууга, тиричиликке сарпталат. Мамлекеттен 15 миң сом, «Дордой» ассоциациясынан 5 миң сом стипендия алам. Буюрса, дагы 5 жыл күрөшөм деген оюм бар.

«БАЛДАРЫМ «НУРБЕК – ЧЕМПИОН!» ДЕГЕНДИ ЖАТТАП АЛЫШКАН»
– 4 жыл мурун үйлөнгөм. Келинчегим Зарина – түрк кызы. Бир мектепте чогуу окуганбыз. Ырчы Доорон Нуриевдин бир тууган агасынын кызы. Ортобузда 3 жаштагы Нурайым аттуу кызыбыз жана 2 жаштагы Нурислам деген уулубуз бар. Экөө тең «Нурбек – чемпион!» дегенди жаттап алышкан. Кыйкырып калышат. Жубайым Зарина менин жашоом күрөш экенин түшүнөт.
Таза эмгек менен тиричилигибизди өткөрүп жатабыз. Жараткан берген күч-кубат менен үй-бүлөмдү багып келатам. Чоң мелдештерден келгенде бир нече күн үйдөн чыкпай бала-чакам менен бирге болом. Күрөштөн тышкары футбол жана стол үстүндөгү тенниске кызыгам.

«Менин салмагым 100 килограмм болсо, атаандаштарымдын салмагы 120 килограммдан өйдө болду».

«Ата-энем жана агам Чыңгыз».

Нурбек Абдыкадыров
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
faha
2013-12-17 13:33:28
Iygilik!!! Alla taalam koldosun!!!
+1
Turadi
2013-12-17 14:41:05
Доорон Нуриев кыргыз эле го, анан каяктан агасынын кызы турк? тушунбой калдым.
+1
aza91
2013-12-17 21:55:39
Turadi, Доорон Нуриевдин атасы турк болгон Кыргызстанда жашап калганы учун кыргызмын деп айтышат.
0
chinko
2013-12-17 15:47:40
Ооба чын айтат Кара Дарыя балбандар айылы. Бирок колдоо жокта. Ийгилик сага иним.
+1
Jamalym
2013-12-17 22:57:08
Суперде мен ушул балбан жигитке добуш берген болчум.Азмматсын!
0
Asus84
2013-12-18 10:06:40
кара нан жеп оз олкомдо болом деген созу майдай жакты осо бер иничек кудайым колдоп журсун дайыма
+1
Sairagul77
2013-12-18 12:08:25
Азаматсың!Дагы көп ийгиликтерге жетишиңе тилектешпиз.
0
rust
2013-12-18 22:15:22
азаматсын иним! баскан кадамдарын жалан ийгиликтерди жаратып журо берсин. кыргыздын ушундар патриот уулдары менен сыймыктанабыз. кыргыздын бел боо курошун дуйного тааныткан агаларыбыз да бар болсун. иштерине албан албан ийгиликтер болсун.
+1
Umaka
2013-12-19 17:17:15
Нурбек аяшыма жана Зарина подружкама омурунун акырына чейин бактылуу омур сургуло демекчимин!Жана дагы бул атактуулук силерди адамдык сапаттан арылтпасын, дос, туугандарынардан алыстап кетпегиле демекмин! Нурбек молодец! Подружка тоже большая молодца!
0
piter93
2013-12-19 20:00:39
Ураа Алга КЫргызстан.
0
boztalaa
2013-12-19 21:35:08
Жонокой жигит экен азаматсын
0
Adik74
2013-12-20 07:32:16
Нурбек саган ийгилик!
0
Mederina11
2013-12-20 10:55:15
Азаматсыз,оркундоп-осо бериниз!
0
Zalkar93
2013-12-20 20:34:13
Жалалабат алга азаматсыз
0
RIO.
2013-12-21 11:30:45
Zalkar93, ушул созду тим койбопсун да, тууган!
+2
sportik
2013-12-21 19:15:30
Красавчик, неге аялы турк кызы? Мени деле алам десе, тиймекмин. Мен супсулуу болгон Кыргыздын кызымын!
+2
azamat1997
2013-12-26 15:42:13
кимдер акча сунуштады калп эле мактана береби алардын биздикине окшогон спортчулары толтура
0
nusu95
2014-01-10 16:40:55
azamat1997, туура айтасын ошону айтпай эле койсо болмок.
+1
№ 580, 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан