ЭРОТИКАЛЫК УКАЛОО

Эзелтеден эротикалык укалоо шеригине көңүл буруп, сыйлоонун, аны менен катар анын сексуалдык дареметин көтөрүп, төшөктөн чогуу рахат алуунун ачкычы болуп келген. Андыктан канча заман өтсө дагы эротикалык укалоо өз маанисин жоготпой, ушул күнгө чейин колдонулууда. Укалоонун түрлөрүн үйрөнүп алсаңыз, жашооңузга кереги тиет.

Эротикалык укалоонун бир топ түрлөрү бар. Алардын ичинен аялдар жана эркектер үчүн бирдей колдонулуп жүргөн аралаш түрүн сунуштайбыз.

ПАЙДАЛУУ ЖАГЫ КАЙСЫ?

  • Нерв системин бекемдеп, активдүүлүктү арттырат. Чыңалуудан арылтып, стресстен кутулууга, депрессиядан чыгууга көмөктөшөт.
  • Канды айлантып, теринин өңүн, дем алууну, тамак сиңирүүнү жакшыртат.
  • Денедеги уулуу заттардын чыгуусуна түрткү берет. Анча-мынча шишиктерден арылтат.
  • Сексуалдык энергияны ойготуп, жандантып, керектүү багытка бурат. Бел кубатын көтөрөт. Жан дүйнөнүн калыпка келүүсүнө шарт түзөт.

Жана да... Жаш куракка карабай жыныстык жашоону байытат, үй-бүлөлүк мамилени чыңап, бекемдейт.

КАЙСЫ УЧУРДА БОЛБОЙТ?

  • Онкологиялык оору бар болсо же өнөкөт оору козголуп жатса.
  • Варикоз бар болсо, ал жерлер укаланбайт.

КАЙСЫ ЖЕР ЫҢГАЙЛУУ?

  • Эң ыңгайлуусу жагымдуу бөлмөдөгү төшөк же үстүнө жука төшөк салынган чоң стол.
  • Кандай май колдонулат?
  • Укалоо үчүн чыгарылган майга эфир майын (мисалы, гвоздика, роза, кипарис ж.б.) кошуп даярдап алуу. Мындай майдан укалоонун таасири күчөп, жакшы жыйынтык берет.

ДАЯРДЫК
Бөлмөнүн ичи, сиздин колуңуз жана май жылуу болушу кажет. Жарыкты өчүрүп, түстүү шамды жагып, сезимди эргитүүчү жагымдуу музыканы коюңуз. Романтиктер бөлмөгө гүл желекчелерин (жасалмасы деле боло берет) да чачып койсо болот. Жан шеригиңиздин бул убакта душка түшүп чыгышы укалоого жакшы шарт түзөт.

КОШУМЧА
Эротикалык укалоонун алдында аял менен эркекке сексуалдык энергия тартуулай алган азыктардан жеп алса, жыйынтыгы сиз күткөндөн ашып түшөт. Мисалы, курамында бел суунун иштелип чыгышы үчүн керектүү B витамини жана калий бар бананды. Төшөктө күүлөндүрүүчү азык – спаржаны же ашкабактан жасалган пирогду. Болбоду дегенде илгертен келе жаткан афродизиактар – жумуртка менен шоколадды.

УКАЛООНУ ҮЙРӨНӨБҮЗ
1.Чыгышта аял күйөөсүнүн бутун дагарадагы жылуу сууга салып, жууп берүү салты бар. Кааласаңыз жасаңыз, болбосо жок. Жууганда ар бир манжасын, кызыл ашыгын, томугун акырындан сылагылап, ушалоо сунушталат.
2. Түгөйүңүздү көмкөрөсүнөн жаткызып, колуңузга майдан шыбаңыз. Эми төмөнкү бир топ көнүгүүлөрдү аткаруу үчүн түгөйүңүз макул болсо, үстүнө чыгып отуруп алыңыз. Болбосо жерде туруп же отуруп деле жасаса болот.
3. Белден өйдө укалоо

  • Белинен өйдө колуңуз менен бир нече ирет толук сылагылап чыгыңыз. Бул денени көндүрүү жана жумшартуу ордуна жүрөт.
  • Омуртканын эки капталынан белден өйдө колдун учу менен алгач түз, анан спираль, акырында зигзаг түрүндө укалоо.
  • Моюндан далы булчуңдарын көздөй алакан менен укалоо.
  • Далылардын этин акырындан чоюп-тарткылоо.
  • Колдордун кыры менен белден өйдө акырындан чапкылоо.

4.Кол
Кадимкидей укалоо, чыканактарды айланта сылагылоо.

5. Бел
Алгач белди сүргүлөө, анан колдун учу менен айланта укалоо, акырында сылагылоо кажет.

6. Жамбаш

  • Өйдөдөн ылдый, ылдыйдан өйдө тегиз бир нече ирет сылагылоо.
  • Сылап баратып колду тартып алуу, дагы бир аз сылап, колду тартып алуу...
  • Алакан менен тегерете укалоо, анан кол менен жамбашты аздан чапкылап чыгуу.
  • Чычаңды баш бармак менен тегерете укалоо.

7. Эми түгөйүңүздү чалкасынан жаткырыңыз.
Кулагын, мойнун, анан акырегин акырындан сылагылап, укалаңыз.

8. Эмчек

  • Акырындан тегиз сылагылоо.
  • Эмчекти колдун учу менен тегерете спираль түрүндө укалоо.
  • Манжалардын учун жамгыр жаап жаткандай дыбыратып өтүү.
  • Эмчегинин үрпүн ортон манжанын учу менен тегерете сылагылоо, үрпүн акырындан тарткылоо.

9. Курсак

  • Тегиз сылагылоо.
  • Кол менен курсакты саат жебеси боюнча айланта укалоо, өйдө-ылдый акырындан сүргүлөө.

10. Киндик, жука чурай, тизе

  • Киндиктен ылдый жука чурайына чейин өйдө-ылдый, тегерете, анан манжалардын учу менен сылагылоо (бирок жыныстык мүчөлөргө тийишпөө кажет).
  • Сандын ички бетин да сылоо.
  • Тизеге чейин сылагылоо.

11. Мойнун, эмчегин, үрпүн, киндигин өпкүлөп чыгуу менен укалоону жыйынтыктасаңыз болот.

Эскертип кетчү нерсе, убактыңыз тар болсо, жогорудагы көнүгүүлөрдүн айрымдарын колдонбой, керектүү дегендерин тандап алсаңыз болот.

Канымжан Усупбекова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (65)
dasu
2014-02-18 15:30:11
жакты сонун.мен эркелеткенди эркелегенди ото суйом
+1
asd12
2014-03-05 00:33:09
Массаж аябай маа д жаат
0
syimyk92
2014-03-30 04:36:11
менин суроомо жооп жок го супер инфо кутом сиздерден
0
admin_media
2014-03-31 12:05:37
madagaskar, syimyk92,
Саламатсыздарбы! Силерге купуя менен жооп берилди.
0
muha.med
2014-04-12 10:33:19
maga dele jasap bergile4i?))
+1
ALADUWKIN
2014-04-16 05:05:03
Буйруса турмушка чыкканда жолдошума жасап берем
+3
admin_superstan
2014-06-05 18:12:17
bakut-2013, курамы окшош сайтты жарыялоого тыюу салынган!
3 күн БАН!
0
kanat_myrza
2014-06-23 20:15:22
соонун экен!!! кийин аялыма созсуз жасап берем!!! конуп алып кундо жасатпайбы)))
+2
alomir
2014-08-29 23:56:42
ушундай массаж жасап,аркасынан секин опкулоп баштаса сонунда
+1
milabem
2014-11-05 21:20:11
Жолдошум массаж кылып бер деп эч айтпайт эми жасап берейин десем сени кыйнагым, келбейт дейт. Озумо келсем мен да каалабайм.
0
almaz55
2014-11-18 15:19:44
Алигимден мөлтүрөп 1 тамчыдай сууга окшогон суюктук чыга берет, кошулаардын алдында, кичине кармалап койсо. Эмнеге?
Ошондой эле капкатуу болуп мурункудай зынкыйбай бошураак болуп жатат, ичип алсан катуу болуп калат. Кошулганда 10 мүнөткө аран жетет, бат эле токтоп калат, жашым 38де. жооп берип койгулачы.
0
Kamil_
2015-04-25 00:50:30
almaz55,Тезинен доктурга бар жана ичкиликти токтот.
0
HAPPY.GIRL
2015-07-02 02:29:46
almaz55,вам конец)))Шутка))
+2
mambetov88
2014-11-26 12:40:50
камйран канымжан жарайсын керекке
0
Bagamol
2015-02-04 17:14:49
Айалдар бир конуп алса жаман, кундо жасатышып журбосун жигиттер )))
0
Brunnen
2015-02-21 01:38:12
Jakwy eken
0
Kamil_
2015-04-25 00:48:36
Студенттик кез эле, группалашым экообуз автобус менен Астанага жолго чыгып калдык. Туура 26 саат дегенде жеттик. Жолдо журуп абдан чарчаган экенбиз бир аз душка тушуп чайканган сон бири-бирибизге жан эргиткен, конул сергиткен массаж жасап берип уктап калдык. Эми массаж тууралу укканда ошол кун коз алдыга тартыла берет.

0
Svoboda83
2016-01-18 18:19:07
келинчегин экообун тен бири бирини суйуп сыйласан эркелетип массаж кылып кошулуп турсан сенден откон бактылуу жоктой сезилет бул дуйнодо
0
№ 580, 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан