Мыктылардын эмгегине баа берип, «Жылдын суперлерин» тандоочу мезгил келди. Ушул жылдын негизги каармандары Супер концертке кантип даярданып жатышты экен? Чогуу билели.
Жылдын супер наамдарына талапкерлер «Жылдын супер саундтреги», «Жылдын супер ырчы айымы» наамына талапкер Чолпонай:«АЗЫРКЫГА ЧЕЙИН ЧУРКАП ЖҮРӨМ»
-Азыр эле атайын Супер концертке деп тиктирген көйнөгүмдөн кабар алганы келгем. Чынын айтайын, даярдыгым өзүмө жагып жатат. Калганын эл чечет. Бирок азыркыга чейин концерттин убарасы менен жүрөм.
«Жылдын супер ырчы мырзасы», «Супер ыры», «Супер ремейки» наамдарына талапкер Нурлан Насип:«УЯТ БОЛБОЮН ДЕП АРАКЕТ КЫЛУУДАМЫН»
-Аваз досум менен үйдөн «Атаман» деген ырга бий даярдап, окшош формаларды ойлонуштуруп койдук. Кошумча «Супер ырчы мырзага» да атайын жаңы форма тиктирип, уят болуп бүтпөй калбасын деп тигүүчүнүн артынан кууп жүрөм (күлүп).
«Жылдын супер ырчы мырзасы», «Жылдын супер ыры» наамына талапкер Гүлжигит Сатыбеков:«ЭЛДИН ИШЕНИМИН АКТАБАСАМ БОЛБОЙТ»
-Өзүм интернетке жакшы кызыга бербейм. super.kg порталыңарга сурамжылоого коюлганда деле эч кимге айткан эмесмин, мага добуш бергиле деп. Анан минтип алдыда бараткан соң эл мени тандап жатышса, ишенимин актабасам болбойт. Дос-туугандарым да «быйыл катуу иштедиң. Жаш балдар арасында албасаң болбойт» деп жатышат. Концертке чыкканга деп атайын костюм да сатып алып койгом. Ал эми номерим эсте калчудай болсун деп бир планды түзүп жатабыз, ал азырынча сыр.
«Жылдын супер ремейки» наамына талапкер Сагыныч:«ЫРЫМДЫН МААНИСИН САХНАДА ЧАГЫЛДЫРАМ»
-Мен «Супер-Инфонун» сынагына эчак даярданып бүттүм. Сүйүнгөнүмдөн жаңы чач жасалгам, кийчү формамды ушунчалык бат даярдаптырмын. Бирок «Кетпейм сага жолукмайынча» татыктуулардын татыктуусу. Ошондуктан филармонияда аны жандуу үн менен ырдап, ырдын маанисине жараша сахнада постановка кылмакчымын. Азырынча үнүмдү жакшылап машыктырып жаткан кезим. Жыйынтыгы жаман болбойт, көрөсүңөр.
«Жылдын супер клиби» наамына талапкер Ильяз Андаш:«БААРЫ ДАЯР, КОНЦЕРТТИ ЭЛЕ КҮТҮП ОТУРАМ»
-Менин аткаруумдагы «Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар» аттуу ыр Super.kg порталындагы добуш берүүдөн үчүнчү орунду ээлегени менен, менин жеңишке ишеничим күч. Мен аткарган ырдын клибиндей клип али көрө элекмин. Сценарийи да оригиналдуу, анын артында жаткан эмгек «Жылдын суперлеринин» катарына кошулууга татыктуу деп ойлойм. Мына ушундай ишенич менен болгон нерсени даярдап койдум, кийимим, ырга ылайыктуу бий, «баштадык» десеңер эле жөнөй калам.
«Жылдын супер дебюту» наамына талапкер Жоодарбешим:«ТАТЫНАКАЙ СЮРПРИЗ ДАЯРДАП ЖАТАБЫЗ»
-Менин продюсеримдин кол алдындагы Минюра Рахимжанова экөөбүз наамга талапкер болуп, Минюра өтпөй калбадыбы. Акырына чейин өзүмдүн өтүшүмө ишенген эмесмин. Добуш берүү токтотулган соң жеңибизди түрүп продюсерим менен ишке кириштик. Минюра талапкерлердин катарын толуктабай калганына эч капа эмес. Бир туугандай мага жардам берип, сахнага кантип чыгарымды талкуулашып, жардамдашып жүрөт. Колубуздан келишинче башкалардан өзгөчөлөнөлү деп жатабыз. Чакан сюрприз даярдап койдук. Албетте, «ар кимдики өзүнө ай көрүнөт көзүнө» демекчи, мен «Супер дебют» наамына татыктуу талапкермин деп ойлойм. Канчалаган ырчылар «Супер-Инфонун» концертине катыша албай жүрүшөт, а мен ошончонун ичинен суурулуп чыктым. Демек, бул эмгегимдин акталып жатканын көрсөтөт. Ушул деңгээлге чыккан соң уят болбойлу деп кызуу даярдануудабыз. Кыскасы, максатыбыз катышуу эмес, жеңүү.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg