«Орус драма театрынын актрисасы Оксана Гоголду өлтүргөн» деген шек менен борбор калаанын Ак-Босого жаңы конушунун 50 жаштагы тургуну, Михаил аттуу адам кармалды. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, кылмышка шектүү мурда үч ирет соттолгон. Ал шаарда көчө шыпыргыч болуп иштечү.
Кылмыш иликтөө тобу шектүүнү маркумдун уюлдук телефондору аркылуу табышкан. Актрисанын сим-картасын колдонуп кылмышка шектүү бирөөгө чалган да, кайра өчүрүп койгон. Сыртка чалынган чалуулардын негизинде ал колго түшүрүлгөн. Михаилдин үйүнө тинтүү жүргүзүлгөндө отургучтардын арасына катылган Оксана Гоголго тиешелүү Самсунг жана Моторола үлгүсүндөгү 2 телефон табылган. Мунун негизинде кылмышка шектүү жабырлануучуну тоноо максатында ур-токмокко алганы айтылууда.Учурда кылмышка шектүү Кылмыш жана жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, байкабастыктан жабырлануучуну өлүмгө жеткирүү) менен айыпталып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында саат 04:45 чамасында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө кишинин өлүгү табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барышканда Уркуя Салиеванын эстелигинин жанынан катуу сабалган европа улутундагы аял табылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бирок ал денесинен алган оор жаракаттардын айынан эсине келбей, 1-декабрда көз жумган. Тергөө иштеринин негизинде маркум Орус драма театрынын актрисасы, 50 жаштагы Оксана Гоголь экени аныкталган.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg