КЫЯЛ

Жагымдуу үнү, чырайлуу жүзү менен көптөрдүн көңүл борборунан орун алып келаткан Улуттук телеканалдын «Кыргызстан» маалымат программасынын алпаруучусу Кыял Шаршеева менен тааныштырабыз.

Кыял 1982-жылы 25-июнда Жетөгүз районунда төрөлүп өскөн. Каракол шаарындагы университеттин филология факультетин бүтүргөн. Бош убактысында үй жумуштары менен алек болууну жакшы көрөт.

Кыял, чыгармачылыктын чыйыр жолуна кандайча түшүп калгансыз?
– Негизи, мен бала кезимде юрист болгонду жакшы көр­чүмүн. Ошондон улам өзүмдү сот элестетип кыялдангандарым эсимде. Бирок, мектепте окуп жүр­гөнүмдө эле чыгармачылыкка жакын болуп ыр жазып, кыргыз тили, адабияты боюнча олимпиадага катышып жүрчүмүн. 11-классымда бул сабактар боюнча областтан 1-орунду алгам. Ошол же­тиш­кен­дигим үчүн университетке экзамен тапшырбастан түз эле кабыл алынгам. Ал эми телевидениеге болгон кызыгуум студент кезде Ысыккөл областтык телевидениесинде тажрыйба үйрө­нүүчү болуп жүргөнүмдө башталган. Окуумду бүткөн соң, Бишкекке келип Улуттук илимдер академиясында кенже илимий кызматкер болуп иштеп калдым. Көп узабай жолдошум аркылуу телевидениеге келдим. Жол­дошум кесиби боюнча журналист. Учурда кыргыз радиосунун «Казына» чыгармачыл өн­дүрүштүк бирикмесинин продюсери.

– Алгач кыйынчылыктар болсо керек? Эфирдин сүрү бир топ дегендей...
– Кыйынчылыктар болбой койгон жок. Алгач мен «Кыргызстан» маалымат программасында кабарчы болуп сырттан иштеп жүр­дүм. 3 айдан кийин штатка алынып, беш мүнөт­түк жаңылыктарды алпара баштадым. Тажрыйбамдын аздыгынан улам бир аз кыйынчылыктар болуп жатты. Бирок, чоң кызыгуунун деми мененби, айтор, түз эфирди тез эле өздөштүрүп кеттим. Негизи, адамдын аракети күч болсо көздөгөн иши­нин өтөсүнө жетет экен.

– Башка телеканалдардан сунуш түшсө кабыл алат белеңиз?
– Алгач мен Биринчи каналга келгенимде радиолордон, башка телеканалдардан сунуштар түшкөн. Негедир мага бул жак жакындай сезилет. Анткени, жолдошум айткандай, экинчи үйүм болуп калды. Ошондуктан, баш­ка каналга кетүү оюмда жок.

– Көпчүлүктүн купулуна толгон диктор болуу үчүн эмне керек деп ойлойсуз?
– Сулуулук же болбосо журналисттик дарамет деп бирөөсүнө басым жасоо туура эмес. Анткени, көпчү­лүк­түн табитине туура ке­лүү үчүн диктор бардык жагынан төп келүүсү зарыл. Сырткы келбет, акыл, үн, билим, ошондой эле жоопкерчилик.

– Жолдошуңуз сулуулугуңузга суктанган кү­йөрмандарыңыздан кызганбайбы?
– Жок. Бирге түтүн булатып жашаганыбызга эки жыл болду. Ошол эки жылдын ичинде бир да жолу ортобузда келишпестиктер болгон жок. Дайыма менин кесибиме түшүнүү менен карап, карьерама колдоо көрсөтүп келет. Эң негизгиси, мен ага, ал мага ишенет.

– Кандай белектерди баалайсыз?
– Белекке гүл алганды жакшы көрөм.

Маектешкен Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 207, 20-26-октябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан