Арабызда алты саны аман туруп, бел оорутуп иш кылбастан оңой оокат таап, ылайыгы келген жерден адамдарды тоноп, баалуу буюмдарын жана акчаларын уурдап жүргөн адамдар ондоп саналат. Иш десе ишке тойбой турган кыргыздын жигиттеринин Кыргызстандагы Кытай жарандарын тоноп жүргөндүктөрү ачыкка чыкты.
3 АЙДА 11 ТОНОО ФАКТЫСЫ КАТТАЛГАН
Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан тарта ушул кезге чейин борбор калаабызда Кытай жарандарын тоноо фактыларынын толкуну каптап кеткен. Бирок бири да укук коргоо кызматкерлерине кайрылган эмес. Жакында алар Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине кайрылышып, укук коргоо органдарына арыздарын жеткирип коюуну өтүнүшкөн. Натыйжада Бишкек ШИИББине бир нече арыз түшүп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө 3 айдын ичинде 11 окшош кылмыш катталган. Келип түшкөн арыздарда окшош окуялар баяндалат.
23-сентябрда саат 17:30 чамасында белгисиз 3 адам Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан 101-үйдүн подъездинен кытай улутундагы Чжан Цзен Хун аттуу жаранды ок атуучу курал менен коркутуп, 30 миң сом акчасын алып из суутуп кетишкен. Мындан сырткары Цзень Хун аттуу кытай улутундагы адамдын 45 миң сом жана 100 АКШ долларын тартып алган болсо, биринде Жан Ли Финдин 47 миң сом акчасын тоноп кетишкен. Декабрь айынын башында ушундай эле эки кылмыш катталып, анда да Кытай жарандыгындагы адамдарга кол салынган.
Мындан улам кылмыштуу топко укук коргоо органдары тарабынан тузак салынып, 2013-жылдын 4-декабрында кылмышка шектелип 3 адамдан турган кылмыштуу топ кармалган. 4-декабрда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, 1984-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ала-Баш айылында туулган, Бишкек шаарынын Ак-Бата жаңы конушунда жашап жүргөн Тельман Иманкулов колго түшүрүлгөн. Мурда соттолгон эмес жана эч жерде иштеген эмес. Ушул эле күнү 1986-жылы Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айылында туулган, учурда Бишкек шаарынын Достук кичи районунда жашаган Данияр Садыков да кармалган. Мурда соттолгон, үй-бүлөлүү, 1 кыз, 1 уулдун атасы. Ал эми 7-декабрда уюшкан топтун дагы бир мүчөсү, 1985-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган Азат Жакшылыков кармалган.
«ОЛЖОЛОРУН» ИЛИКТЕП, АНАН ТОНОП ЖҮРҮШКӨН»
Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын жетекчиси БАКЫТ СЕЙИТОВ аталган факт боюнча атайын уюштурулган маалымат жыйында буларды белгилеп өттү:
– Уюшкан кылмыштуу топ жалаң кытай улутундагы жарандарды аңдып, ылайыгы келген жерден баалуу буюмдарын, акчаларын тоноп жүрүшкөн. Мындай иштерге ок атуучу курал жана бет кап колдонушкан. Акыркы 20 күн аралыгында тонолгон адамдардын берген арызы боюнча териштирүүдө эле 150 миң сом өлчөмүндөгү акча шылуундар тарабынан алынган. Үч айдан бери аталган топ тарабынан Кытай Эл Республикасынын жарандарынан тонолгон акча болжол менен жарым миллион сомго жетет.
Алар тартып алган акчаларын ар кандай көңүл ачуучу жайларга жана башка нерселерге короткондуктары белгилүү болду. Кылмышка шектүүлөр бири-бири менен байланышта болуп, кытай улутундагы адамдар кандай бизнес жүргүзүшөт жана кайсы жерлерде жалгыз жүрө тургандыктарын алдын ала изилдеп туруп иш кылышкан.
Кылмышка шектүүлөр Орусиядан Кыргызстанга депортацияланган жарандар. Айта кетчү нерсе, акыркы убакта Орусиядан депортация болуп мекенине кайткан адамдар 20дай кылмыш ишин жасоого үлгүрүштү. Алардын ичинде оор кылмыш жасап кармалгандары да бар. Буга мисал катары акыркы учурда коомчулукту дүрбөткөн Бакыт Букаевдин кыйнап өлтүрүлүшүн айтсак болот.
Учурда аталган кылмыш ишинин топтомунун негизинде иликтөө иштери улантылууда. Себеби кылмыштуу топтун дагы башка мүчөлөрү болушу мүмкүн. Ал эми аталган кылмыш боюнча колго түшкөндөрдүн үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Кармалган адамдардан кылмыш жасоодо колдонуп жүргөн травматикалык ок атуучу курал алынган. Курал учурда баллистикалык экспертизага жөнөтүлүп, шектүүлөр камакка алынышты.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg