Ош шаарынын борбордук аянтына жаңы жылдык балатыны орнотуу иштери ушул жумада башталат. Бул тууралуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Алимбай Кадыров билдирди. «Учурда каржы маселелери чечилип бүттү. Буюрса, өлкөдөгү эң кооз балатылардын бирин орнотобуз деп турабыз»,- дейт бул тууралуу Кадыров.
Элира Чынтемир кызы
osh@super.kg