«БАЛДАРЫМ, АТА-ЭНЕМ МЕНИ БИЛИШПЕСЕ ДЕЙМ»

«Жакшы ишке себепкер болсоң, аны аткарган менен барабар» деген кеп бар. Бизге бир окурманыбыз келип, Ош шаарынын райондорунун биринде кыргыз жигитинин селсаяк болуп жүргөнүн кабарлап, ага жардам берип жатканын кошумчалады. Селсаяк болуп кеткен адамдын тагдыры башкаларга сабак болсун жана анын жашоосун жакшы нукка бурууга жардам бере тургандар чыгып калабы деген максатта чагылдырууну туура көрдүк.

– Саламатсызбы, өзүңүз жөнүндө айтып бериңизчи?
– Ноокаттан болом. 37 жаштамын. Аты-жөнүмдү айтпай эле коёюнчу, ата-энем, балдарым билбей эле коюшсун. Аялым өзүмдөн 4 жаш кичүү болчу, азыр башкага турмушка чыгып кеткен. 1 уул, 1 кызыбыз бар эле, алар апасынын колунда. Турмуш кыйынчылыгынан Орусияга кеттим. Ал жакта да ишим жүрүшпөй кайра келгем. Келсем ата-энем банктан насыя алып, төлөй албай калышканда банк үйүмдү алып коюптур.Жумуш жок, үйүм жок, кыжалат болуп жүрүп ушул абалга түшүп калдым.

– Мекениңизге келгенден кийин ата-энеңизге бардыңызбы?
– Бардым. Алар менен тил табыша албай уруша кеттик. Чыгып кетип, эмгек биржасында кара жумуш жасап иштедим. «Бул жумушуң болбойт» деп жиниме тийишти. Ошол бойдон ичип кеттим.

– Ушул жашоо сизге жагып жатабы?
– Жакпайт. Кайрадан өзүмө келип, кебетемди оңдоп, башка жумушка кирип иштейин деп ойлоном. Мурда волейбол оюнчусу болчумун, жаштарга да үйрөткөм, азыр окуучуларым көрүп «агай, агай» дешет. Кыйналып кетем.

– Орусияда иштеп жүргөнүңүздө кандай кыйынчылыктар болду?
– Кыйынчылык болбой койбойт. Эшиктин алдын тазалачумун. Паспортумдун мөөнөтү бүтүп калып келе бердим. Ал кезде акчам бар эле, келбей эле ошол жактан паспортумду бүтүрүп алсам болмок экен. Кайра кетем деп ойлогом, бирок андай болбой калды.

– Ушул учурда иштеп, бутуңузга турганга дареметиңиз жетеби?
– Ошону көп ойлоном, анан отуруп ыйлайм. Оор жумуш кыла албай калгам. Айлананы тазалап, жеңил жумуштарда иштей алам. Балдарды көрүп кызымды эстейм. Мен да кызымды жетелеп, эркелетип жүрсөм болбойбу дейм.

– Аракты таштай аласызбы?
– Аракты бат таштай албайм, өнөкөт болуп калды окшойт. Бир аз арак ичип туруп иш кылбасам соолуп калам, баш көтөрүп иш кыла албайм. Акырындан таштасам болот, бирок бирөөлөр жардам бериш керек. Эрким жетпей калган. 50-100 граммдан ичип турам, болбосо кыйналып кетем. Кимдир бирөө мага жардам берсе, мурунку жашоомо кайтат элем. Бирок оңолсом да, баары бир «алкаш» деген атым өчпөсө керек деп калам. Эл мени «алкаш» дейт. Мурдагы кошуналарымды көргөндө качам. Бир жолу бирөөсүнө жолугуп калдым, «Талгат (каармандын суранычы боюнча аты өзгөртүлүп берилди), сен эмнеге мындай болуп калгансың?» дейт. «Турмуш ушул экен да, кыйналып жатам» деп койдум.

– Бул абалга түшүп калышыңызга эмне себеп болду?
– Мен волейбол ойночумун, менин арак ичип кетишиме ошол оюн себеп болгон. Оюнда сыра ууртай калабыз, оюн бүткөндөн кийин балдар менен арак ичмей адатыбыз мени ушул күнгө алып келди. Кээ бир адамдар жаман көрүшөт. Көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддерин тазалайм. Чаң болуп чыгып баратсам «бомж, бомж» деп кыйкырышат. Эмне кылмак элем? Өздөрү ошол жумушту кылышпайт, көчөдө баратсаң «бас» деп кубалап келишет. Эшектей болуп подъезддерди тазалайсың, 50 сом беришет. 50 сомго бир муздак суу менен кургак нан жейм.

– Көөдөнүңүздү өйүп келген арманыңыз кайсы?
– Жашоодон адашканым, волейболду таштаганым, балдарымдын астына атаңмын деп бара албаганым – чоң арманым. Апам баарын өзү жасай берип мени жаман үйрөткөн экен. Бетимди араң жуучумун. Эч нерсе кылбайт элем. Үй-бүлөдө жалаң кыздар болуп, көп жумушка менин колумду жеткиришчү эмес.

– Кайрадан өмүр берилсе эмнелерге жол бермек эмессиз?
– Ичпейт элем. Эрктүү болуп, үй-бүлөмдү сактап, ата деген атка татыктуу болмокмун. Балдарымды күндө эстейм. Бала бакчанын жанынан өтүп калганда балдарды карап туруп кыйналып кетем. Бир классташым бар, анын кызынын аты да Диана экен. Ошолорду көрүп калсам эле кызымды көргөндөй көңүлүм көтөрүлө түшөт. Кайрадан турмуш куруп, бала-бакыралуу болуп, эл катары жашагым келет.

– Балаңызды көбүрөөк жакшы көрөсүзбү же кызыңыздыбы?
– Кызымды көбүрөөк эстейм. Аны көрө элегиме 4 жыл болду. 2005-жылы 18-августта төрөлгөн. Ал күн такыр эсимден кетпейт. Мен да жакшы иштеп жүргөн кезим эле. Азыр балдарымдын мени бул абалымда көрүшүн каалабайм, ушул абалымды укпасын дагы. Жакшы ата болуп, балдарыма кам көргүм келет. Аларга барып, балдарымды кучактагым келет. Болду, эми... (ыйлап жиберди).
Бизге Талгаттын жайын айткан окурманыбыз Нургазы мырза 25 жашта экен. Селсаяк болуп кеткен Талгатты мурунку абалына кайтарууга катуу белсенгени көрүнүп турду. «Бул адамга жардам бере тургандар болсо күтөбүз. Бир жаралган өмүрдө жөн гана жашап өтүп кетпей, бир замандашыбызды адашкан жолунан буруп, ыйман жолуна салып, жакшы жашоого үндөсөк Жараткан да ыраазы болор»,- дейт Нургазы.

Уулбү Каныбекова
osh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (55)
elif
2013-12-18 12:43:50
Allah jardamchin bolsun! Biroo jardam berip kalaar
0
Erkin.kg
2013-12-19 12:01:56
Жаман болуш жакшы болуш ар адамдын колунда жана бугу коомчулук да, жанындагы адамдар да, жаманына жакшысына болуусуна себепчи.
0
kokjar92
2013-12-19 18:08:29
Адатта, спортчулар эрктүү келип, ичкиликтен алыс болчу эле го... Бул күндөрүңүз тезирээк өтүп кетсин!
0
Shekerbek
2013-12-20 11:56:10
Аллах ынсаф берсин туура жолун озу корсоткон болсун дуа кылабыз биз да!
0
alchyn94
2013-12-20 13:27:48
ушул адамга жардам бериш учун кайда кайрылсак болот билгендер маалымат берип койгула
0
admin_media
2013-12-20 14:45:49
alchyn94, mahona,
Саламатсыздарбы! Сиздерге купуя менен жооп берилет. Рахмат!
0
alchyn94
2013-12-20 13:30:32
сабыр берсин
0
Nurs19.kg
2013-12-20 16:32:48
Жашоонун оор сыноосу туртку болду да бул адамдын бомж болуп кеткенине,бирок кандай гана кыйынчылык болбосун бардыгын чыдап которгонго аракет кылыш керек бул жашоодо
0
gang_ster
2013-12-20 18:06:33
ьиринчи арамдан алыстан мечиттерде таалим алып кудайга кызмат кылын иншаллах мечиттердеги мусулман биродарлар ал бетте жардам берет туура жолго тушуп намазга жыгылсаныз мусулман боордошум жаратканым озу кечирсин кылган куноолорунузду кудайдан сизге жардам берсин деп дуба кылабыз
0
Jomi
2013-12-20 20:20:01
Аллах ар адамга өзү ыйман жолуна түшүүнү насип этсин.
0
shanur
2013-12-20 23:11:00
Shai! Алла сенин башына салса сен которо бер! Мен кудай деп жашаган адаммын . Алкаштын миллионер болгонун кинодон корсон турмушта андай эмес . Ата энеге таарынган эч качан онбойт,ичкен адамдын бири эки болбойт. Арак арам ,ошондуктан аны ичкен адамдын иши он келбейт.
0
TARANTINO313
2013-12-21 02:00:29
Сабырдын тубу сары алтын. Аракты таштап жакшы адам болуп кет. Айтканынан кайтпа алдында даагы коп жашоо бар,башынды ойдо которуп артты карабай алга кет. Кудай тилеген тилегинди берсин.
0
bemaKG90
2013-12-21 14:50:27
Menin oiumcha ozum onolom degen adam erki kuchtuu bolso onolot. Aga jon kana poddershka kerek ar taraptan. Kaisyl ele bomj gezitke kelip men onolom jardam bergile dep atyptyr anan uyat dep kemsintken da bolboit
-3
bayash
2013-12-22 12:04:23
менда ыйлагым келип кетти арак емнелерге алып барбайт ее
0
kuba.kg
2013-12-22 23:32:53
бирок мен валейбол кунолу дегенине кошулбайм ал спорт туруго бизда ойночубуз бирок арак ичпей жок эле болчу
0
kalbek87
2015-03-27 15:41:08
арак кунолу эмес ал адамдын озунон
0
№ 580, 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан