УУРУЛУК КЫЛДЫҢЫЗ БЕЛЕ?

“Ал кезекте сен тентек кыз секелек,
Мен да бала сүт оозумдан кете элек...” дегендей, бала кезде билип да, билбей да уурулук кылган күндөр болгон. Белгилүүлөрдүн ошондой бет кызарып уятка калган күндө­рүнөн бир элес.


Нурдөөлөт Копоев, актёр жана алпаруучу: «Таттуу издеп сандыкты тешип салчумун»

– Мен бала кезден азыркыга дейре таттууну ушунчалык жакшы көрөм. Кичинемде апам момпосуйларды кайсы жерге катпасын, таап жеп салчумун. Үйгө конок келгенде эле апам момпосуйларды таппай калчу. Момпосуй түгөнүп калса шекерди кайнатып кант кылып жеп, шекер каткан идишти тазалай албай үйдүн чатырына ыргытып жиберген күндөрүм болгон. Бир жолу апамдар кудага барабыз деп эки коробка момпосуй алып келип, сандыкка бекитип коюшту. Издеп жатып сандыктын ачкычын таппай койдум. Анан сандыкты жылдырып артын тештим. Тешикке колум батып, коробканы канчалык тытмалаганым менен, аны ача албай койдум.

Апам кудага жөнөп жатып, сандыкты ачып коробканын тытылганын көрүп “түлкүдөй жойлоп ушуга да жеттиң беле?!” деп мени аябай урушкан. Таттуу жеген адатым дагы деле кала элек. Достор болуп чогулганда алар тамеки тартып, сыра ичишсе, мен шоколад алып жеймин. Бирок тишиме курт түшпөй, ошол бойдон сакталуу. Сыягы, тишиме залакасы тийгичекти деп чайнап отурбай эле жутуп жиберет окшоймун.


Нурайым Азыкбаева, скрипкачы: «Шляпа уурдап кийип, башымды биттеткем»

– Мен айылда чоң энемдин колунда өскөм. Сонун шөкүлөм бар эле. Ага кыздардын баары көз арта берчү. А мен болсо, тескерисинче, алардын баш кийимине кызыкчумун. Бир жолу кошуна кызга апасы кооз шляпа алып бериптир. Чоң апама ошондой шляпа сатып бер десем “сенин шөкүлөң аныкынан да кооз” деп сатып бербей койду. Анан ал кыздын шляпасын уурдап үйдө кийип жүрүп, башым биттеп кеткен. Чачым узун болгондуктан, чоң апам башымды бир айда араң тазалап “экинчи бирөөнүн баш кийимин кийбе!” деп урушканы эсимде.


Тынар Курбаналиев, куудул: «Алма бакка уурулукка кирип, китептеримден айрылгам»

– Мектепте окуп жүргөн кезде алма-өрүк дегендер үчүн чарбактарга, бактарга далай жолу “жортуулга” чыкчубуз. Бир жолу сайдагы чоң сууну жээктей өскөн колхоздун багына уурулукка кирем деп ит эле болгом. Суудан өтүп алма, алмуруттарды сумкама шыкап толтуруп асынып жөнөгөм. Анан эле зым тосмодон өтөм деп секиргенимде сумкамдын боосу үзүлүп кетпеспи. “Багы жокко дагы жок” болуп сумкамдын оозу ачылып, уурдагандарым эле эмес, китеп-дептерлерим да чачылып сууга агып кетти. Апамдан коркконумдан кечке дейре үйгө кире албай, калтырап эшикте турдум. Эптеп эбин таап үйгө киргеним менен, апамдан уруш угуп, экинчи уурулук кылбас болгом.


Клара Алибекова, ырчы: «Сиңдимдин кийимин уурдап киер элем»

– Мен кичинемден эле той-топурга жакын болуп чоңойдум. Ата-энем бир жакка жөнөдү дегиче заматта даяр болуп калчумун. Сиңдим Жанаранын кийимин уурдап кийип кетчү адатым бар эле. Бир жолу апамдар тойго жөнөдү, мен да барам деп чыр салып ээрчидим. Алар болсо “көйнөгүң кир экен, барбайсың” деп коюшту. Мен болбой эле Жанаранын жаңы, жылтырак, ак көйнөгүн уурдап кийип, машинанын багажына түшүп, жатып алдым. Аңгыча атам менен апам машинага отуруп, той болчу жерге жеттик. Той ээси апам-атам менен учурашып жатканда багаждан түшүп алардын жанына барып калдым. Мени көрүшүп “сен качан келдиң?” деп таң калышкан. Багажда машинанын майы жугуп ак көйнөгүм да, бети-башым да карала-торала. Ошондон кийин үйдө ууру атка конгом.


Ынак Осмоналиев, ырчы: «Короз уурдап уят болгом»

– Мен эки жолу уурулук кылгам. Биринчиси апам иштеген дүкөнгө барып таттуу уурдаганым аз келгенсип, акча да уурдагам. Дүкөнгө кирсем эле баштыкта акча турган экен, эч нерсени ойлонбой туруп алып алдым. Көрсө, акча салынган баштыкка уурулар үчүн жукса оңой менен кетпей турган порошок-боёк салып коюшуптур. Акчаны алып санаганымда колум боёк болуп калып жатпайбы. Анан эле үйдөгүлөр “дүкөндөгү акчаны ким уурдады?” деп ызы-чуу болуп калышты. Менин колумду көрө калып, мен алган жокмун деп актанганыма болбой “калп айтпа, колуң уурдады деп жатпайбы, экинчи уурулук кылсаң колуңду кесип салам!” деп сабаган болчу.

Кичинемде короз уруштурганды жакшы көрчүмүн. Көзүмө жакшы көрүнгөн корозду алгым келе берчү. Бир жолу мектептеги мугалим, окуучулар болуп, башка айылдагы мектепке олимпиадага барып калдык. Ал жакта да жөн жүрбөй бир бейтааныш үйдөгү корозго көзүм түшүп, уурдап алгам. Уурулугум билинип калып мектепти уят кылып, мугалимден тил уккан болчумун.


Аида Баякова, скрипкачы: «Гүл уурдап өстүрчүмүн»

– Кичинекей кезимде “гүлдү сурап алса жакшы өспөйт, уурдап алыш керек” дегенди угуп, ошол сөзгө ишенип алган окшоймун. Мектепте болобу, бирөөнүн үйүндө болобу көзүмө жакшы көрүнгөн гүлдү эч ким жокто сындырып, сумкама же чөнтөгүмө салып алчумун. Бир жолу мектептеги бардык кооз гүлдөрдөн үзүп келип, үйгө сонун кылып өстүрдүм. Ар күнү гүлдөрдү эртең менен күнгө турсун деп эшикке алып чыгып, кайра кечинде үйгө киргизчүмүн. Бир жолу ошентип эшикке чыгарып коюп кетсем, аларды торпок жеп кетиптир. Ошондон кийин уурдаган нерсе буюрбайт турбайбы деп ойлоп, бул адатымды таштагам.


Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
tentek
2009-10-03 02:45:59
Уурулук ар бир адамда болот калп эле урдаган эмесмин дебегилечи!!!
0
№ 360, 25-сентябрь - 1-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан