Акула – сууда сүзүүчү жаныбарлардын күчтүүсү, лидери. Психологияда да энергиясы ашып-ташкан, күчтүү айымдарды ушундай деп аташат. Алардын канча бир пайызы өзүнөн кичүү мырзаларга турмушка чыгат экен. Ошол себептен төмөндөгү айымдарды биз «акулалар» тибине коштук. Жаш жигиттердин жүрөгүн багындырган атактуу айымдардан биз дагы куру эмеспиз.
Алина Жетигенова:«ЖОЛДОШУМ МЕНИ ЖУМУШЧУЛАРГА КӨРСӨТКҮСҮ КЕЛБЕЙТ»
«Айымдын жашын сурабайт» дейт. Алина Жетигенова мынчада деп жашын так айтпасак да, бир топ эле жашты чапчыганын көпчүлүк билет. Бирок эжекебиз сахнада дайыма жаш, сулуу. Балким, мунун сыры өзүнөн жаш жигит менен өмүр сүрүп келе жатканында болуп жүрбөсүн...
– Жолдошум Эржан менден жети жаш кичүү. Бирок бизди турмуш теңдеп койду. Айланамдагылар «Эржанды өзүңө теңеп алдың, ал сенден жаш көрүнүшү керек эле» деп тамашалай беришет. Үйлөнөбүз дегенде жаш айырмачылыгыбыз эске алынбай койгон жок, каршы чыккандар болду. Бирок сүйүү жеңди окшойт. Мага каршы чыккандардын баары менен кийин жакшы болуп кеттим.
Мен улуулук же ал кичүүлүк кылган учур таптакыр болгон эмес. Кээде эле мен «мага теңтуш болбочу» деп койсом, ал «сен эч качан минтип айтпа» деп калчу. Жолдошум интеллигент үй-бүлөдө чоңойгон бала. Андыктан менин улуу экенимден маселе жаралган эмес. Биздин үйдү, албетте, Эржан башкарат. Кээде билинбей эле бийликти мен алып алат окшойм. Анткени аяштарыбыз тамашалап «бийликти Алина алып койгон турбайбы» деп калышат.
Үй-бүлө курганыбызга 20 жылдан ашса да, ошол кездегидей эле сезимдер менен жашап келе жатабыз. Биринчи никемден уулум Азиз бар. Эржан экөөбүз эки уул, бир кыздын ата-энесибиз. Учурда көп кабаттуу үйдөн жер тамга көчүп, оңдоо-түзөө иштери менен алекпиз. Эржан мени жадакалса үйдө иштеп жаткан жумушчуларга көрсөткүсү келбейт. Алар менин пол жууп, чаң сордуруп жүргөнүмдү көргөндөрүн каалабайт. «Сени сахнадагыдай сулуу бойдон гана көрүшсүн» дейт. Жакында Азиз үйлөнөт. Келинибиз ак жолтой болсун деп ак дарбаза койдуруп жатабыз.
Бурулкан Карагулова:«АЛЛА МЕНЕН ГАЛКИНДЕН КИЙИН ЭЛЕ БИЗ БОЛУШУБУЗ КЕРЕК»
Акын-жазуучу Бурулкан Карагулованын жолдошу да өзүнөн бир топ кичүү.
– Кыргыз аялдарынын күйөөсүнөн улуулугу 10 жашка чейин болуш керек. Нурбек экөөбүздүн ортобуз 10 жаштан да көп. Алла менен Галкинден кийин эле биз болушубуз керек. Жердиги мен жаш көрүнөм, бирок сүйлөгөндө кагылып-согулуп жатып өзүмдүн улуу экенимди билгизип коём. Мен жеңил адаммын, бир нерсе болсо чыйпылыктап тияк-биякка чуркайм. Жолдошум токтоолугу менен да улуу көрүнөт окшойт.
Айчүрөк Иманалиева:«АЯЛ ЭКЕНИМДИ ЭСТЕП АРТКА БИР КАДАМ ТАШТАЙМ»
«Акула» айымдардын катарын ырчы Айчүрөк Иманалиева толуктайт. Анткени жолдошу Таалай ырчыдан 5 жашка кичүү.
– Таалайдын менден кичүү экенин жашырбайм деле. Баш кошордо эки тарап тең каршы болушту. Акыры балдарым менен Таалай экөөбүз жеңдик. Чогуу түтүн булатканыбызга 20 жыл болду. Бул өтө чоң убакыт. Телегейибиз тегиз деп айта албайм. 20 жыл ичинде казан-аяк көп эле жолу калдыр-күлдүр болду. Катуураак кетип баратканда «жок дегенде сен унчукпай калчы» десем Таалай «эмнеге мен унчукпай калышым керек?» дейт. «Сен менден 5 жаш кичүүсүң» деп жашымдын улуулугун жармаштыра салам. Ортодо талаш-тартыш болсо, улуулугумдан мурун аял экенимди эстейм да, артка бир кадам таштайм. «Уруш-талаш боло берсе үйдөн кут качат» деп коюшат эмеспи.
«ЭРКЕК ҮЧҮН АЯЛЫ – ЭКИНЧИ ЭНЕСИ»
Психолог, медицина илимдеринин кандидаты ТЫНАРА ТОКСОНБАЕВА:
– Эгерде аял эркектен бир топ жаш улуу болсо, ал күйөөсүнө карап түздөнөт. Жаш күйөөсү кандай кийинсе ага ылайык кийинип, анын мүнөзүнө жараша өзүн алып жүргүсү келет. Дайыма өзүн кароо менен алектенет. Анткени анда «күйөөм башкага кетип калбаса экен» деген коркунуч дайыма жашайт. Өзүнөн кичүү жигиттердин жүрөгүн багындырган аялдар энергиясы ашып-ташкан, күчтүү айымдар болуп саналат. Алар өзүнүн жаштыгын кармап калуу үчүн жаш жигиттер менен мамиле түзүшөт.
Эркек үчүн аялы – экинчи энеси. Аялдардын эркелеткенин, мээрим менен мамиле кылышын самашат. Жаш жигиттерге өзү менен теңтуш айымдар мындай жылуулукту бере албагандыктан, алар өзүнөн бир топ жаш улууну издешет.
ДҮЙНӨЛҮК ЖЫЛДЫЗДАРДАН МИСАЛ
Алла Пугачёва менен Максим Галкиндин ортосу 27 жаш. Актриса Дебора Ли-Льюис күйөөсү Хью Жекмандан 14 жаш улуу. Мэрайя Кэри актёр Ник Кэннондон 11 жыл мурун жарыкка келген. Актриса Сэм Тейлор жолдошу Аарон Тейлор-Жонсондон 23 жаш улуу.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg