ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (16-декабрдан 22-декабрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын башында бардык иштериңиз сыдыргыга салгандай түз кетет. Шаршембиде жетекчилик менен олуттуу сүйлөшүүгө барып, жыйынтыгы сиздин пайдаңызга чечилет. Жума күнү күтүлбөгөн окуя сизди туюкка камайт. Өз акылыңызга таяныңыз. Апта акырында Жаңы жылга кам көрүүгө киришесиз. Сүйүктүүңүз таарынычтарын унутуп, мамиле калыбына түшөт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Көп энергияны жана чыгымды талап кылуучу апта. Күнүмдүк тамак-аштан тышкары дары-дармек сатып алуу үчүн көп акча коротуу керектелет. Шейшембиде жок жерден күнөөлүү болуп калбоо үчүн өз укугуңузду коргоңуз. Жума күнү үй-бүлөңүз менен чакан жакшылыкты белгилөөңүз мүмкүн. Апта аягында жакын адамыңыз бир топ талаптарды коёт. Дароо «согуш» баштабай, алгач ачык сүйлөшүү кажет.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта ичинде майда кагылышуулар күтүлөт. Бойдоктор жашоодо эмнеге жетишүүсү керек экендигин тактап, өмүр жолуна жаңы чыйыр салууга кирише башташат. Шаршембиде бирөөлөрдү коноктоо, ал эми ишембиде үй эмеректерин которуштуруу жана ашыкчасынан арылуу түйшүгү күтөт. Дем алышта балдар үчүн камылга көрүп, базар кыдырууңуз ыктымал.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада туугандардан материалдык колдоо алып, кубанасыз. Дүйшөмбү, шейшембиде табыңыз жок болуп, элдин тамашасы жана катардагы сыны оор тиет. Бейшембиде жамаатка кошулуп бир иш-чараны уюштуруу керектелет. Апта соңунда бойдоктор түбөлүк жан шеригин тандоо жана баш кошуу жаатында баш катырышат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада чечүүдө жагымсыздыкты жаратуучу көйгөй чыгат. Артында сизге залакасы тийбегидей кылып чечүүгө жетишүү зарыл. Сүйүктүүңүз мурункудан түнт тартат. Себебин териштирип жинине тийбей, ал ачуусун басканча убакыт бериңиз. Шейшембиде сиз үчүн кимдир бирөөнүн чечим чыгаруусуна жол бербеңиз. Бейшембиде тууганыңыздын сүйүнүчү менен бөлүшөсүз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Өзүңүз күтпөгөн жерден чоң максатыңыз орундалат. Пайдалуу маалыматтар менен тааныштарды да таап, аларды керектүү учурда пайдалана аласыз. Соода менен алектенгендер шериктерин туура тандабаса, чыгымга кириптер болушат. Апта ортосунда өзүңүз тууралуу ушактарды угасыз, бирок кепти кулак сыртынан кетирип койгон оң.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада акча, ден соолук маселеси жаралбайт. Бирок артында өкүнүп калбоо үчүн чала тааныш адамдар менен жолугушууга барбаңыз. Шаршембиде достор менен жаңылыкты талкуулоого катышасыз. Бейшембиде бир ишти бүтүрүүдө таасирдүү таанышыңыз кол сунат. Ишембиде алыстагы туугандар менен байланышасыз.

 

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бардык мүмкүнчүлүктү колдонуп, бир мүнөткө да тыным албоо кажет. Анткени ийгилик апкелүүчү апта. Акчалуу да болосуз, демек, үйдөгүлөрдүн керектүүлөрүн сатып берип кубантасыз. Жеке жашоодо кол сунган адамыңыздын көңүлүн калтырбоо үчүн анын пикирин, оюн сыйлоо туура. Дем алыш күнү сизди чарба, үй иштери күтөт.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада күтүлбөгөн жагдай чыгып, сиздин эрктүүлүк менен жашоодон алган тажрыйбаңыз керектелет. Кээ бир тааныштардан биротоло кол үзүүгө мажбур болосуз. Жаңы жылга карата үй шартыңызды оңдоого кам уруп, буюм сатып алууңуз мүмкүн. Апта ортосунда эски досуңуздун ишин бүтүрүп берүүңүзгө туура келет. Апта аягы жагымдуу мүнөттөрдү тартуулайт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Апта оор өтөт, андыктан пландарыңызды кыскартып, күчүңүздү топтоңуз. Шейшембиде иштер менен көп чуркайсыз, суукка урунбоого аракет кылуу абзел. Бейшембиде үйүңүз конокторго толуп, жаңылык угасыз. Жума күнү жакшы кыялдарыңыздын бири орундалышы ыктымал. Эс алуу күнү гардероб жаңыртуунун камында дүкөн кыдырасыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Кырдаалды көзөмөлгө алсаңыз, ийгиликке жетишесиз. Кетирген каталарды оңдоо үстүндө иштөө да керектелет. Түгөйү жок жалгызсырап жүргөндөр жакшылап байкашса, чөйрөсүнөн көңүлүндөгүдөй адамды таба алышат. Өнөкөт чарчоодон арылуу үчүн дары чөптөрдөн ванна кабыл алыңыз.
Аптанын соңку күнү уурунун курмандыгы болбоого тырышыңыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Иште жана жеке жашоодо талкуулоочу маселелер жаралат. Жакшы адамдын кеңешине кайрылуу кажет. Шейшембиде жетекчилик сизди бурчка такап, жаңы иш ыкма менен идеяны талап кылат. Даяр болуңуз! Шаршембиде жекече калып, жашоо тууралуу ойлоно аласыз. Бейшембиде тамак-аштан уулануунун алдын алуу кажет. Жекшембиде сапарга чыгууңуз ыктымал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 580, 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан