Бала чагымда индиялык Амриш Пури аттуу актёрду жек көрөр элем. Себеби ал бардык тасмаларда терс каармандын ролун жаратчу. «Актёр үчүн эң коркунучтуусу – бир образга байланып калуу» деген сөздү кулагым көп чалат. Бизде дагы коркунуч жок эмес...
КӨЗ ЖАШЫ ДАЯР «ЗОЛУШКА»
Кайгылуу тасма тартууда көпчүлүк режиссёрлор актёрлорду ыйлата албай кыйналышат. Ошол себептен актёрлордун көзүнүн алдына вазелин, пияз сүйкөп ыйлатуу ыкмасын колдонушат эмеспи. Биздин режиссёрлордун бактысы тоодой экен. Анткени кайгылуу ролдордун «апасы» Гүлнур Асанова деген сулуу актрисабыз бар. Кыргыздын «Золушкасы». Качан болсо ыйлай берет. Ал түшкөн тасмаларды карап отуруп кээде режиссёрду да аяп кетесиң. Себеби Гүлнур айымга бет аарчы сатып берем деп чөнтөгү бир топ жукарса керек...
ТОКЧУЛУКТУН БЕЛГИСИ – КАМЧЫ
Камчы Сарыбаев деген шайыр актёрубуз – токчулуктун символу. Бардык тартылган тасмаларында кишинин боорун эзип эле жүрөт. Элдин баары жакшы көрөт. Ага башка образ жарашпаса деле керек өзү. Элестетсеңиздер, Камчы акебиз каарданып, бир кишини өлтүргөнү жатат... Хе-хе... Канчалык кайгылуу, коркунучтуу образ жаратса да, бул актёрду көргөн адам күлө берет болуш керек.
«БАБНИК» БОЛУШ БИР ПАСТА
Чыныгы эркек кандай болушу керек? Чыныгы эркек эртең менен эрте туруп, кийинип, «технично» өзүнүн үйүнө барышы керек! Эгер «мергенчиликтен» жолу болбой калса, терезе аркылуу качышы керек. Туура баамдадыңыздар. Сөз актёр Аскат Сулайманов тууралуу болуп жатат. Кыргыз кино дүйнөсүнүн атактуу «бабнигине» айланган Аскат мырза канчалаган роль аткарса да, ушул образын унутууга мүмкүн эмес. Кыз жандуу жигиттин ролун аткарууда алдына киши салбагандыктан, көп кыз-келиндер «өзү деле ошондой болсо керек» деп кызыгышары айдан ачык.
КАРАТИСТ ОБРАЗДАН ЧЫГА АЛБАГАН АСКАТ
Кыргыздын Брюс Лиси десемби же Жеки Чаны десемби, айтор, Аскат Эрбаев аттуу каратист актёрду кимдер тааныбайт. Тасмаларда жалгыз өзү бардыгын талкалап салат го, шумдугуң кур! Ушул образынан чыга албай койду. Бирок Жораны деле түшүнсөк болот. Себеби министрдин кыздары жөнөкөй, уруша албаган жигиттерди жактырбайт эмеспи.
ОТТОН ЫСЫК ОБРАЗ
Охо, жеңил ойлуу аялдын образын «Оскарга» тете оңой аткарган Назира Бердигулованы көргөндө далай жигиттер шилекейин жутат го, чиркин. Бирок жаман ойлобогула, бул деген – кино. «Чыныгы актёр роль тандабайт» деп коёт. Анын үстүнө мындай роль аткаруу ар бир эле актрисанын колунан келе бербейт. Буга деген чыныгы эрдик, талант керек. Ооба. Актриса ар кандай кесипте өзүн сынап жүргөнүнөн эле кыйын экенин билсек болот.
Чымчып кеттик, чычаламай жок. Ал эми аты аталган актриса, актёрлорубуз мындан башка да ролдору менен элди кубантат деп ойлойбуз.
Асхат Субанбеков
star@super.kg