Кыргызстан айыл чарбасына ылайыкташкандыктан, калктын басымдуу бөлүгү айыл жергесинде дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен күн көрүшөт. Бүгүн мал чарбачылыгындагы бодо малды бордоп семиртип, андан пайда табуунун жолдорун баяндайбыз.
БУКА БОРДОО
Буканын салмагы инекке салыштырмалуу 30-40 пайызга жогору болгондуктан, аны семиртүү кирешелүү. Ошондуктан бодо мал байлагандар букаларга басым жасашат. Алгач илимий жактан мал байлоонун жолдорун иликтеген адистердин бука байлоо боюнча сунуштаган көрсөтмөлөрүнө токтололу. Буканы жашына, эттүүлүгүнө жана тоюттун түрүнө жараша семиртүү мөөнөтү 2 айдан 5 айга чейинки аралыкты камтыйт.
Букалар бир күндө негизги тоют (көк чөп, силос, кызылча жана башкалар ширелүү өсүмдүктөр) 20-40 килограммга чейин тоют жешет жана ал тоюттун өлчөмүнүн 50-70 пайызын түзөт. Ал эми кошумча берилген кесек тоют (кургак чөп) 12-17 пайызын, жем 12-27 пайызын түзүүсү зарыл. Мындан сырткары 100 килограмм тирүүлөй салмакка карата минералдык тоюттардан да берилгени оң. Чоң букага 6-7 грамм кальций (торпокко 17-18 грамм), 4-5 грамм фосфор (6-8 грамм), 12-15 грамм ашкана тузу (кесеги, 12 грамм) жана 15-18 грамм каротин (20 грамм) берилүүгө тийиш.
Тоюттун түрүнө жараша семиртүү күндөрү
«КОЛДО БАР ТОЮТ МЕНЕН СЕМИРТИП ЖАТАБЫЗ»
Жогорудагы буканы бордоо боюнча адистердин сунушун фермерлер толугу менен сактабайт эмеспи. Себеби Союз учурундагыдай минералдык жана силос өңдүү чыктуу тоюттар айыл жергесинде жокко эсе болгондуктан, мүмкүнчүлүк чектелүү. Мал байлоого ылайыкталган айрым тоюттар жетишсиз азыркы учурда фермерлер букаларды кандай жол менен семиртип жатканына кызыктык. Сапарыбыздын тизгинин Кочкор районунун Көк-Жар айылына буруп, 10 жылдан бери мал семиртип сатуу менен алектенген фермер ТИЛЕК ТАБЫЛДИЕВДИ кепке тарттык.
– Учурда мурдагыдай тоют кызылчасы жана силос сыяктуу чыктуу тоюттар жок. Андыктан колдо бар арпа, буурчактан жем даярдап, беде же эспарцет чөбү менен малды семиртүүгө туура келет. Мунун ичинен буурчак жана эспарцетке мал бат семирет экен. Эртең менен саат сегизде жана кечки саат төрттө жем берем. Чөптү болсо түшкө чейин үч ирет салып, түшкү 12лерде сугарам. Түштөн кийин дагы 4-5 ирет чөп салынат. Бир күндө орто эсеп менен бир букага 15-17 килограмм чөп жана 7 килограмм жем берилет. Түнкүсүн тоют берилбейт. Өзү деле жебей калат.
Ал эми Токмоктогу мал байлагандар мал тоютту көп жеп, тезирээк семириш үчүн атайын анын табитин ачуучу дарыларды сайышат деп угуп жүрөм. Бирок ал экологиялык жактан адамга зыян, тукумсуздукка жеткирет дегенин уккан элем. Оорулардан жана биттеп кетүүдөн сактоо үчүн ар бир букага алгачкы бир айда эки ирет иммунитетин жакшыртуучу дары сайылат. Жаш жана карыган мал жакшы семирбейт. 3-4 жаш ортосундагы букалар абдан жакшы эт байлашат. Ошондой эле жармага семиртилген мал сыртынан жакшы көрүнгөнү менен, сойгондо салмагы күткөндөн аз болуп калат. Ал эми кургак жем, чөпкө семирген мал чылк семиз болот.
БУКА СЕМИРТИП САТУУДАН КАНЧА КИРЕШЕ ТҮШӨТ?
– Бир буканы 3-4 ай, кээде 5 айга чейин байлайм. Жайлата жем-чөптү өзүбүз камдап алгандыктан, чыгым азыраак кетип, киреше көбүрөөк. Ар бир букадан орто эсеп менен 15-20 миң сом пайда табам. Кээ бир букалар 4-5 ай байлаганда башкалардан айырмаланып абдан тез семирип, баасы 100 миң сомго чейин жетет. Бул малдын өзүнөн дагы болот окшойт. Кээ бир букаларды канча байласаң деле көп салмак кошо албайт. Буюрса, жазында азыркы букаларымды 80-85 миң сомдон сатам деп турам.
Негизи, күзүндө мал арзандайт. Ал эми жазында элдин көбү жайлоого чыгарганга деп мал алгандыктан, бир аз кымбаттай түшөт. Августта 3 жаштагы букаларды 38 миңден сатып жибергем. Азыр болсо 65-70 миң сом. Андыктан бука байлап сатам дегендер күзүндө алып койсо, жазга чейин байлап, чекесинен сатып жакшы пайда тапса болот. Учурда 2 жаштагы букаларды базардан 40 миң сомго алып, аларды семиртип, кайра 55-60 миң сомдон сатабыз.
Эми жем-чөптү сатып алып мал байлап сатканда канча киреше түшөрүн эсептеп көрөлү.
Беде чөптүн 1 түгү – 130 сом. Арпанын 1 килограммы – 8 сом. Буурчактын 1 килограммы – 15 сом.
Бир букага күнүгө орто эсеп менен 100 сомдун чөбү кетсе (15 килограмм), 11 сомдун тегерегиндеги арпа жана буурчактын аралашмасынан турган жем (жарым килограммдан арпа менен буурчак) керектелет. Ошондо 3 жаштагы бир буканы август айында 40 миң сомго алып, 4 ай байласа: 840 килограмм жем – 9240 сом, 1800 килограмм чөп – 9000 сом сарпталат.
Ошондо жалпы чыгым – 58 240 сом.
Байланган малды 4 айдан кийин 65-70 миң сомго сатсаңыз ортодон 6760-11760 сом пайда түшөт.
Бул эсептөө базардын болжолдуу баалары менен эсептелди. Базардагы бааларды алдын ала айтуу кыйын. Кээде мындан да көп пайда тапкан учур болсо, кээде өзүн актабай калган учурлар да болот.
БУКА ЖӨНҮНДӨ КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg