Чыңгыз Мырзаев:«КӨРӨҢГӨМ БӨКСӨРҮП, РАДИОДОН КЕТҮҮГӨ ТУУРА КЕЛДИ»

Ди-джей кесиби аркылуу аты чыккан Чыңгыз Мырзаев учурда телеалпаруучу болуп эмгектенүүдө. Чыңгыз кайсы гана кесиптин даамын татып көрбөдү. Актёр, ди-джей, телеалпаруучу, тамада, ырчы дегендей. Көп тармактуу талант, бир баланын атасы, «Жылдын ТВ персонасы» наамында үчилтикке кирген Чыңгыз менен биз дагы ар кыл темада баарлаштык.

– Ар бир замандын популярдуу кесиби болот экен. Учурда ошондой кесиптердин катарын тамадалык да толуктайт дешет. Сен да тамадалык ишиңди жөнгө салып алдың көрүнөт. Канча табасың?
– Жакшы, буюрса, азыр ырчы да көп, кафе да көп, той да көп. Мага ишенип «тоюмду өткөрүп бер» дегендердин ишеничин актаганга күчүмдү жумшап келем. Баары адамдын насибинен көз каранды. Тапканым аз же көп деп айтпайм. Канча табарымды, чыгаша-кирешени эсептеп көрүү максатында атайын дептер ачып коём деп көп аракет кылдым, бирок окшошпой калат. Ал үчүн майда-чүйдөнүн баарын жазууга туура келет экен, башымды оорутпай эле коёюн деп чечкем. Тапканым үй-бүлөмө, үй-жайды оңдоого кетет. Кудайга шүгүр, алдымда машинам, үстүмдө үйүм бар.

– Тойду алып барууну сүйлөшүп коюп бара албай калган учур болду беле?
– Болот, кээде туугандарымдын жакшылыгына, кээде кесиптештеримдин тоюна бара албай калам. Анда той ээсинен кечирим сурап, ордума башка тамада таап берген учур болгон. Борборго 20 жашымда келсем, тамадалыкты эки жылдан кийин баштадым. Ошондо той башкарганыма 8 жыл болду. 8 жыл ичинде тойго 2-3 жолу эле барбай калдым окшойт.

– «Тамада болом» деген жарнама бересиңби?
– Жарнама, визитка деген менде жок. Мурун радиого издеп келишчү. Кыргызстан кичинекей эле го, той берчү адамдын алыс тууганы же кудасынын кудасы чыгармачыл чөйрөдөн бирөөнү тааныйт дегендей. Ошентип издегендер өздөрү эле таап алышат.

– Радиодон эмнеге кетип калдың?
– Бир сөздү кечке эле кайталай берип, идиш бош калган сыяктуу менин да көрөңгөм бөксөрүп, айта турган сөздөрүм калбай калды. Анан башка чөйрөгө өтүп, китеп окуп жан дүйнөмө азык топтоюн дедим. Анын үстүнө радионун ички талаптары мага туура келбей калды. Эгер талаптар сага туура келбесе, сен ал жерде иштей албайсың. Ошондон улам телеканалдардын бирине эртең мененки саат жетиден онго чейин, жумасына эки жолу маалыматтык-маанайшат көрсөтүүнү алып барууну чечтим. Андан башка деле көп жерге чакыруу болду. Бирок бирин бышырбай, баарын чалды-куйду кылгым келген жок.

– Эртең мененки ондо эле жумуштан бошойт экенсиң, калган убактыңды кантип өткөрөсүң?
– Расмий жумушум жок болгону менен, кыла турган иш чачтан көп. Тирүү адамдын жумушу түгөнбөйт экен.

– Жаш өткөн сайын журналисттер көңүл ачуучу программалардан олуттуу берүүлөргө өтө баштаганын көрүп келебиз. Сенде ушундай ой барбы?
– «Эрте жазда эккениң күздө бышат» дегендей, олуттуу көрсөтүүлөргө өтсөмбү деген ойлор бар. Супсак, чийки болуп калбаш үчүн бир аз убакыт керек.

– Ошондо ырчылыкты таштадыңбы?
– Тойлордо анча-мынча ырдап коём. Таштайын деген ой жок, бирок өтө жалкоомун. Жаңы ыр жаздырсаңыз, аны радиолорго берип жаңыртыш керек да. Жаздырган күндүн эртеси эле өзүмө жакпай калат, анан кайра жаздырайынчы, оңдоюнчу деп элге угузбай калам. Өсөр Козуев ырдап жүргөн «Атама» деген ырды жаздырып, клип да баштап койгон элем. Жаңы жылга карата тамашалуу «Аяз ата, болчу мага кайната, Аяз кызга ашык болдум» деген ыр жазгам. Кайнатам укса капа болбосун деп «Аяз ата, кимге болосуң кайната?» деп оңдоп салдым.
Андан сырткары жаңы жылдын экинчи айында Рустам Сагыналиев экөөбүз бирге концерт бергени турабыз. Жигиттердин майрамына карата филармонияны сүйлөшүп койдук.

– Жакшы экен. Жалкоомун деп жатпайсыңбы, келинчегиң Надира кийлигишип, «уктап калдың, ыр жаздыр, иште» деп түрткүлөп турабы?
– «Бир баш жакшы, эки баш андан жакшы» дейт эмеспи элибизде. Надира өзү да чыгармачыл адам, «Жаш кыял» бий тобунда бийлеп жүргөн. Кеңеш берчү жерден кеңеш берет, «жаңы ыр жаздырыңыз» деп турат. «Мындай кийиниңиз, тигини кийип алсаңыз жакшы жарашат» деген кептер күнүгө айтылат.

– Өзүңдү ар тармакта сынап көрдүң, жан дүйнөңө кайсы кесип жакын экен?
– Чынын айтсам, баары бири-бирине жакын. Бирок мага телеалпаруучу болгон көбүрөөк жагат. Жан дүйнөмө да ушул кесип жагымдуу.

– Кызың тууралуу айтсаң, кимге жакын?
– Кызым Нурайымга тогуз ай болду. Тиштери чыккан. Надира экөөбүз жумасына бир эле жолу көрөбүз, анткени көбүнчө таята-таенесиникинде. Баарынан таятасына жакын окшойт. Элден чоочуркабайт деле. Келечекте көп балалуу болгум келет.

– Апаң менен келинчегиңдин ортосунда түшүнбөстүк болуп кетсе, сен ким тарапта болосуң?
– Кыздарга кыйын эле, өмүрү көрбөгөн үйгө барып жашап калыш. Надиранын биздин үйгө келгенине эки жылдай болуп калды. Кайненеси экөө эне-баладай, ынтымактуу. Түшүнбөстүк буга чейин болгон эмес, болбойт дагы.

– Үйлөнгөндөн кийин күйөрман кыздар азайдыбы?
– Күйөрмандарым жаш кыздар эмес, улуу эжелер, апалар болчу. Мен үйлөнгөндө деле алар улуу эжелер, апалар дегендей, өзгөрүү жок (күлүп).

– Албетте, сен сыйлаган адамдар болсо керек, кимдин атын атайт элең?
– Мен жаңы шаарга келгенде Бактыбек Мамытов агай аябай чоң жардам берген. Алып баруучу болгум келгенин айтсам өзүнүн тажрыйбасынан бөлүшүп, кеп-кеңешин берип турган. Ушул кишинин талантын баалайм, адамгерчилигин сыйлайм. Ал эми ыр жаатында жетелеген адамдар Каныкей Эралиева, Атайбек Бөдөшов агай болду. Бул адамдар менен тууган-туушкандар аркылуу тааныш болуп калгам. Шаарга жаңы келип Искусство институтуна тапшырганда Атайбек агайдын үйүн атайын билип алып, күндө анын үйүнө барчумун. Ал киши мени ээрчитип жумушуна барат, ошентип, ырчылык сапарымды Атайбек байкенин көргөзгөн жолу менен баштагам.

– «Супердин» тандоосу боюнча «Жылдын ТВ персонасына» көрсөтүлүп, үчилтикке чыктың. Даярдык кандай?
– Добуш бергендерге чын жүрөгүмдөн ыраазымын. Ишенесизби, жадакалса өзүмө өзүм добуш берген жокмун. Элдин баасы.

– Спорт менен доссуңбу?
– Бала кезде дене тарбия сабагын аябай жактырган жайым бар. Теннисти жакшы ойночумун. «Спорт менен дос болсом толом» деп ойлоп, бирок колум такыр жетчү эмес. Азыр бойдок кездеги кийимдерим бир аз тар болуп, салмак кошконумду айгинелеп жатышат.

– Атаандашуудан алга озуу жаралат дейт, атаандашуу барбы сенде?
– Атаандашуу менен көрө албастыкты аралаштырбаш керек. Менде атаандашуу бар. Мисалы, «Тиги ырчы мындай ыр жаздырды, а эмнеге мен иштебей отурам?..» деген нерсе болушу мүмкүн. «Эмнеге мындай сонун ыр жаздырып алды, мен эле жаздырышым керек болчу...» деген көрө албастыгым жок.

«Үйлөнө электегиге караганда азыр бир аз толуп калдым».

«Атам өзү фотограф болгондуктан, мени тартуудан ырахат алчу экен. 2 жашар кезим».

Сүйүн Кулматова
(Сүрөттөр Чыңгыз Мырзаевдинөздүк архивинен алынды)
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Чыңгыз Мырзаев: "Надираны мен багып чоңойтком"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (42)
MES
2013-12-17 08:51:07
Baktyluu jubailardan bolgula ,kyrgyz elim syimyktangan insany bolup juro berin.
+3
Nurzada88
2013-12-17 11:25:06
Чынгыз байке сизге: чын ден соолук, суйуу, бакыт жана ийгилик каалайм. Келечекте Чынгыз Айтматовдой кыргыздын чыгаан инсаны болушунузга тилектешмин. Уй булонуз менен бактылуу болуп, суйуктуу жолдош, камкор ата, мыкты ишмер болуп журо бериниз. Талантынызга таазим!
+1
200409
2013-12-17 18:27:42
Azamat!!!
+2
tavsan
2013-12-17 19:54:48
Chygarmachylyk iygilik jana ui bulooluk bakyt kaalaim.Azamat.
+2
asiia03
2013-12-17 21:48:51
Chungux sen azamatsun. Syilogon sozy oryndyy,urlaru abdan ykkyiyktyy,syiloso sozgo bai ureeti menen. Joldoshyn julduzdyy eken baktulyy bolgyla. Yi-bylolyk bakut,jana jakshu urlardu jarata ber. Syper.
+2
gulperi.kg
2013-12-18 00:36:14
Бактылуу болгула!!!аялы татынакай озуно пара экен
+2
erkin.perizat
2013-12-18 03:49:34
толгон сонун жарашат экен!!! аялы сиз деп кайрылат бекен?
+2
kolya121212
2013-12-18 04:39:23
Суроолор жанагы эле дежурный. Бирок жакшы жигит, жакшы жооп бериптир. Баыкт каалайм.
+3
Sairagul77
2013-12-18 11:41:26
Келечеги кең инсан.Иштериңди ийгиликтер коштоп жүрсүн ар дайым.
+2
elif
2013-12-18 12:29:23
kaynatasin oylop koygonu jakti:))Baktiluu bol uy buloon menen!
+3
aitowa11
2013-12-18 16:01:24
Чынгыз молодец. Бактылуу болгула.
+3
Gulu-5kg
2013-12-18 19:03:31
Жубайынан да маек алганынарда суйунмокмун. А Чынгыз слишком эле скромничить эте берет ээ.
+1
realbek89
2013-12-21 13:39:12
Бактылуу болгула
+1
Aiya-2012
2013-12-22 01:02:36
Азамат Чынгыз!! Ушул мырза аябай жагат. Кыргыздын накта жылдызы деп эсептейм. Бактылуу бол Жана иштерине ийгилик!! Ар дайым озун ойлогон ой максаттарын ишке аша берсин!
+1
AriAdi
2013-12-22 02:06:50
Чынгыз иштерине ийгилик уй-булоолук бакыт, с перва нянка анан лялка лар келет. Чону кыз болгон жакшы атага жакын болот.
+1
№ 580, 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан