Популярдуу америкалык ырчы Бритни Спирс белгилүү телеканалдардын бирине берген маегинде үй-бүлө куруп, кайрадан бала жытын искеп, аялдык бакыты үчүн ырчылык карьерасын жыйынтыктаарын билдирди. Бирок ырчы 2 жылдык келишимдин негизинде 96 концерт бериши керектигин баса белгилеп өткөн. Келишим бүтөрү менен Бритни ырчылыкты жыйыштырарын айтат.
Көпчүлүк күйөрмандары Бритнини сүйүүдөн көп азап чеккен, жеке жашоосу жолго салына элек ырчы айым катары билишет. Ырчынын жашоосундагы кайгылуу, чуулгандуу окуялар дайыма папараццичилердин негизги материалы болуп келген. Бритнинин сахнадан кетишин эмитеден күйөрмандары кайгыруу менен кабыл алышууда.
Эске салсак, ырчынын сүйүктүүсү адвокат Дэвид Лукадо анын колун сурап, үйлөнүү тууралуу сунушун киргизген. Жыл жаңырганда Бритни менен Дэвиддин үйлөнүү тою Гавайи аралдарында жашыруун өтөрү айтылууда. Бритнинин бул мыйзамдуу түрдө 3-никеси болмокчу, экс-күйөөсү бийчи Кевин Федерлайндан 2 уулу бар.
Лунара Бекиева
star@super.kg