Ырыскелди Осмонкулов: “КРИМИНАЛ ОРТОГО ТҮШТҮ ДЕГЕН – УШАК”

“Ак булутту аралап, ай баратат...” деген ыр жаңырганда көз алдыбызга Таттыбүбү Турсунбаева, ага кошо бул саптарды ырдап жүргөн Ырыскелди Осмонкулов тартылат. Мындан 10-15 жыл илгери бул ырчы далай кызга уйку бербеген жигит болчу. Байкебиздин жүзүн бырыш, чачын буурул аралабай эми деле жапжаш бойдон. Андыктан “чоң ата десе неберем, чок боло түшөт бүт денем” деп турган кези.

– Ырыскелди байке, бир кезде Бишкектин чоң сахналарындагы концерттер сиз, Актан Исабаев, Гүлнур Сатылгановаларсыз өтчү эмес эле. Гүлнур эжекебиз сахнада дале жакшы сакталып келе жатат. А сиздерге эмне болду?
– Биз ушул, көрүнүп эле жүрөбүз. Концерттерге катышпасак да, Москва, Алматы, Астана сыяктуу жерлерге атайын чакыруу менен барабыз. Учурда өздүк студиям бар. Мына ушул жерде ырларды жаздырабыз дегендей. Мындан сырткары, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда вокалдан сабак берүүдөмүн.

– Ошол легендарлуу трио кайрадан биригип, ырлар жаздырат. “Жылдызчаларга” сахнанын чыныгы жылдызы болуу кандай экенин көрсөтүшөт” деп угуп жатабыз. Актан Исабаев, Адил Чекилов үчөөңөрдүн жаңы ырларыңарды качан угабыз?
– “Пенденин оозунда болсо, периштенин кулагында” дешет. Элибиз ошентип айтып жаткандан кийин биз алардын ишеничин актаганга бар күчүбүздү жумшайбыз. “Ыр майрам” деген ырыбызды билсеңиз керек. Эми ошол ырдын экинчи бөлүгүн даярдоодобуз. Аталышы азырынча чечиле элек. Шарттуу түрдө “Ыр майрам – 2” деп койдук. Анан да биздин топто иштеген кесиптешибиз Азамат Аширбеков деген жигит бар эле, көзү өтүп кетти. Ошол досубуздун элесине арнап ырдан эстелик орнотолу дедик. Буюрса, көктөм жыттуу жазда элибизге 3-альбомубузду тартуулайбыз. Жалаң сөзү-обону бири-бирине шайкеш келген ырларды аткарууга аракеттенебиз.

– “Бизди концертке кошпой, эптемей ырчыларды чыгарышат” деп бир кезде Ассоль Молдокматова менен чырдашкан элеңиз. “Ошондо ортого криминал да аралашып, Ырыскелдини талаага алпарып коркутушуптур” деп укканбыз. Бул кептин чын-төгүнүн өз оозуңуздан уксак...
– Жок, андай деле болгон эмес. Болсо айтат элем да. Чынында, Ассоль экөөбүздүн ортобузда чоң талаш болгон. Ар адамдын өзүнүн жеке көз карашы болот эмеспи. Мен ага өзүмдүн профессионалдык оюмду айткам. Ал өзүнүн оюн бербеди. Пикир келишпестиктер чыгармачыл чөйрөдө кездеше берет экен. Бирок мен бирөөнүн көңүлүн оорутушту каалабайм жана өзүмдүн да көңүлүмө кир жугушуна жол бербейм. Анан жанагы криминал ортого түшүп, мени талаага алпарып сабатты деген – ушак.

–Жакында Алыкулдун “Сулууга” деген ырын жаңыртып ырдап, клип тарттырдыңыз. Отуз жашыңызды сагынып жатсаңыз керек, ээ?
– Бул ырды 5-класста окуп жүргөндө уккам. Асанкалый Керимбаев агабыз бир тойго келип ырдаган эле. Ал кишинин ушунчалык күйүп-жанып ырдаганын көрүп тамшанып калгам. Сыягы, бала кездеги ошол көз ирмемдер ичимде катылып жүрүп эми чыкты окшойт. Быйыл жаңыча ырдап, клип тарттырдым. Чын эле отуз жашым эсиме түштү. Албетте, алгачкы сүйүүм көз алдыма тартылып эргип ырдадым.

–“Ырсыз жашай албаган сахна адамдары үй-бүлөгө, айрыкча түгөйүнө туруксуз болот” дешет. Буга көпчүлүгүбүз эле күбө болуп келебиз. Сиз кандайсыз?
– Беш кол тең эмес да. Мен үй-бүлөгө туруксузмун деп айталбайм. Анткени сүйүп алган жарым менен эле жашап келе жатам. Эсимде, 1987-жыл болчу. Райгүл менен көл жээгинде таанышып калгам. Бир досум экөөбүз көл жээктеп жүрсөк, татынакай эки кыз келатат. Оо, андай учурду кантип текке кетирели. Чөнтөгүбүздө аз эле тыйын болсо да, тигилерге сыр билгизбейбиз. Бат эле таанышып, чогулуп сыра ичип, дискотекага барганбыз. Ошентип жүрүп Райгүл экөөбүздүн ортобузда сүйүү оту тутанып, үй-бүлө курдук, үй-жай күттүк. Уул-кыздын ата-энеси болдук.

– Учурда көп ырчы жигиттер үй-бүлөсү, баласы-кызы бар болсо деле “күйөрмандарымды жоготуп албайын” дешип ачыкка чыгарышпайт го. Дегеним, сиз да учурунда үй-бүлөлүү экениңизди жашырган белеңиз? Күйөрман кыздардан жеңебиз кызганчу беле?
– Мен жашырган эмесмин. Эмнегедир күйөрмандарым же башкалар «үй-бүлөңүз барбы?» деп сурашпаптыр деле. Сураса, бар деп эле айтмакмын. Аны жашырганда эмне? А жубайым кызганчу. Кызганычтан казан-аяк кагышып, бир-эки ай көрүшпөй калган убактар деле көп болгон. Андайда балдар мектептен келгичекти деп өзүм тамак жасап калчумун (күлүп). Көрсө, ошол сыноолордон да өтүш керек экен. Эми азыр чоң ата-чоң эне болуп, небере жыттап калбадыкпы. Балалуу болуу бакыт болсо, неберелүү болуу да чоң кубаныч экен. Уулумдун уулун жетелеп сүйүнүп жүрөм. Андыктан кызганычка орун жок болуш керек. Бирок жеңеңерди билбейм, кааласа азыр деле кызганып салышы мүмкүн.

– Учурда популярдуу болуп турган ырчылардын кимиси күчтүү деп баа бересиз? Дегеле, жаш ырчыларды тааныйсызбы?
– Жаш ырчылар азыр Орусия же башка жакты туурамай менен алек. Чет эл ырларын которуп алуу же аранжировкасын көчүрүп коюу – оңой иш. Дээринде болсо, патриоттук сезими күч болсо, жакшы ырларды аткарышар деген үмүттөмүн. Учурда шоу-бизнесте мыкты ырдаган ырчылар көп эмес. Мирбек Атабековдун таланты бар, бирок билим алышы керек. Мындан сырткары, Раллия, Айпери, Каныкей, Омарларды тааныйм.

–Ырчылык сиз үчүн эмне? Акча таап, бутка туруу, үй-бүлөнү багуубу же...
– Ырчылык азыр акча табуу да, бутка туруу, үй-бүлөнү багуу да болуп калбадыбы. Мен үчүн ырчылык – жашоо. Демек, жогорудагылардын баарын кошсок болот.

– Өзүңүз бирөөгө күйөрман болуп көрдүңүз беле?
– Ооба, жогоруда айтпадымбы, Асанкалый Керимбаев, Атай Огомбаев, Эстебес Турсуналиев, Ашыралы Айталиев сыяктуу залкарлардын керемет аваздарына сугарылып, музыка дүйнөсүнө сүңгүп кирген адаммын. Ал эми чет эл жылдыздарынан Оскар Питерсон, Майкл Жексондун, “Битлз” тобунун фанаты элем. Ошолордун сүрөтүн студияма чаптайын деп топтоп жүрөм.

–Кантип эс аласыз?
– Элчилеп жаратылыш коюнуна барып кой союп эс албайм деле. Билесизби, мен кандан корком. Кыргыз жигити кой сойгонду билбегени уят дечи, бирок тирүү жандыкты союу мен үчүн оор. Бирок эт жегенди жакшы көрөм. Эс алуу боюнча айтсам, төрт жылдан бери досторумдун арасында бильярд уюштуруп келем. Кадимкидей кубок жасатып, байге коюп дегендей. Ушул жакшы нерсе экен. Достор бири-бирибизди жакындан билип алабыз, ичимдиктен кичине ууртап коёбуз. Эртеси башты көк чай ичип жазабыз дегендей.

– Байге деп калбадыңызбы, ушундан улам сурадым. Кандай ийгиликтерге жетишкенсиз? Дегеле, азыркы маданият кызматкерлерине берилип жаткан наамдар тууралуу сиздин оюңуз.
– Ырларым эл оозунда, жүрөктөрдө сакталып калганынын өзү ийгилик эмеспи. 2003-жылы Ялтада өткөн конкурстан 1-орунду алып келдим. Ошол эле жылы 31-декабрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти деген наам алдым. Негизи, наам берүү жөнүндө оюм жаман. Бир эле мисал, мына кыргыз тилинин гимнинин автору Бакыт Алишеров эч кандай сыйлыксыз, наамсыз эле жүрөт. Эмне, ал киши мага наам бергиле демек беле? Анан кайдагы бир ырчыларга “Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген наамдарды берип жатышса, айласыз күлөсүң.

– Ырыскелди байке, маегиңизге чоң рахмат. Кыргыздын жүрөгүн керемет ырларга байытып жүрө бериңиз.

Кыскасы мындай...

  • 1968-жылы 28-январда төрөлгөн. Жубайы Райгүл ырчыдан бир жаш улуу.
  • Бир уул, бир кыздын атасы. Кызы 2-курста окуйт. Уулу Атай ырчынын атасынын үйүндө жашайт. Атайдын 1 уул, 1 кызы бар.
  • Ырыскелдинин атасы баянда мыкты ойноп ырдаса, апасы укмуш кошокчу болгон.
  • Ырчы 10 бир тууган. 7 кыз, 3 уул.
  • “Мен ойлойм” деген сөздү көп айтат.
  • Балыктан жасалган тамакты тамшанып жейт. Кымызды кере-кере, моокуму кангыча жутат.
  • Тамекини көңүлү каалап кеткен кезде тартып коёт.
  • Көңүлүнө ыр келе калса, аны майына чыгарып, ийине жеткирип ырдап, жаздырмайынча көңүлү жай албайт.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
simon
2009-10-02 04:10:55
Эх чыныгы талант!!!
0
jazka
2009-10-02 20:39:12
krasavchik!
0
Асанбеков
2009-10-04 20:57:32
+1000
0
Асанбеков
2009-10-04 20:57:32
+1000
0
Асанбеков
2009-10-04 20:57:35
+1000
0
№ 360, 25-сентябрь - 1-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан