ӨЗ НАРИСТЕСИН КӨМҮП САЛГАН АТА

Жакында Бишкек шаарында дагы бир үрөй учурган окуя катталды. Анда 6 айлык ара төрөлгөн баласын жаш ата өзү көмүп салган. Учурда ымыркайдын денесин соттук-медициналык экспертиза текшерүүдө. Анын жыйынтыгында наристе тирүүлөй көмүлгөндүгү билинсе, анда бул кылмышка тиешеси барлар мыйзам чегинде жоопко тартылмакчы.

ТАЛААДАН ЫМЫРКАЙДЫН ДЕНЕСИ ТАБЫЛГАН
Свердлов РИИБинин кызматкерлерине Бегимай аттуу 18 жаштагы кыз төрөп, бирок жаңы төрөлгөн ымыркай өз атасы тарабынан талаага көмүлгөнү тууралуу маалымат түшкөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө талаадан көмүлгөн жансыз ымыркай кыздын денеси табылган. Соттук-медициналык эксперттердин катышуусундагы кароодо түйүлдүк денесине жабышкан чел кабыктын калдыктары жана 20 сантиметрлик кесилбеген киндиги менен болгон. Окуя төмөндөгүдөй болгону окуянын жыйынтыгында билинди.
2012-жылдын апрель айынын ортолорунда 17 жаштагы Талас облусунун тургуну С.Бегимай аттуу кыз 19 жаштагы Б.Илгир аттуу бала менен интернет аркылуу таанышат. Экөө кыз-жигит болуп жүрүшүп, бир күнү Бегимай Илгирге кош бойлуу болуп калгандыгын кабарлайт. Муну уккан Илгир азырынча ата болууга даяр эместигин билдирип, түйүлдүктү 6 айга чейин алып салууга болорун айтат. Андан соң Бегимай менен Илгир узак убакытка чейин телефон аркылуу гана байланышып, бирок жолугушпай калышат.
25-октябрда Илгир Бегимайга жолугуп, аны шаардагы менчик клиниканын бирине алып барат. Болочок эне гинекологдун текшерүүсүнөн өткөндө түйүлдүккө 22-23 жума болуп калгандыгы билинет. У.Арель врач-гинеколог Бегимайга мындай чоңоюп калган түйүлдүктү алдырып салууга болбой тургандыгын жана мындан ары тукумсуз болуп каларын түшүндүргөн. Айласыз кырдаалда турган Бегимай гинекологдон жардам берүүсүн өтүнгөндө, ал 15 миң сом акча алып келсе жардам бермекчи болот.

ТАЛААДА ЖАЛГЫЗ ТӨРӨП...
Бир жума өткөн соң Бегимай Илгирдин Айзер аттуу таанышы менен колуна 12 миң сом алып, врачка келишет. Бир нече текшерүү, кароолорду жүргүзгөн соң гинеколог У.Арель дарыларды сунуштайт. Ал дарылар төрөттү мөөнөтүнөн эрте чакырат деп түшүндүрүп, эртеси күнү да келгиле деп узатат. Кийинки күнү Бегимай гинекологго калган 3 миң сомду алып келип, дарылардын калганын алып кетет. Гинекологдун айтымында, бир нече суткадан соң толгоо башталмак, бирок ошол эле күнү кечинде Бегимайдын ичи түйүлүп ооруп чыгат. Ата-энесинин шекшип калуусунан корккон Бегимай үйдөн чыгып, жашаган жерине жакын жайгашкан талаага барып өзү төрөйт. Төрөгөн соң ал бул тууралуу Илгирге кабарлаганда, ал досу жана гинеколог менен чогуу келип калышат. Врач Бегимайга ооруну басаңдатуучу бир нече ийне сайып, калган калдыктардан тазалануу керек экенин эскертип, дагы дарыларды жазып берет. Андан соң Илгирдин досу кызды үйүнө чейин жеткизип койгон. Врач жазып берген дарыларды ичкен Бегимай кийинки күнү эле жакшы болуп басып калат да, жумушуна чыгып кетет.
Бул окуя тууралуу эч кимге билгизбей, эч ким сыр бербей жүрө беришет. Арадан бир топ убакыт өткөн соң гана өз боор этинен жаралган ымыркайынын тагдыры кызыктырган Бегимай Илгирге телефон чалат.

«АНЫ КӨМҮП САЛГАМ...»
«Мен аны көмүп салгам. Ал төрөлгөндө эле жансыз болчу». 19 жашар ата милиция кызматкерлерине берген сурак учурунда ушундай деп билдирген. Көрсө, Илгир ошол күнү жаңы төрөлгөн кызын сумкага салып, досу экөө аны жууп, ак түстөгү кездемеге ороп туруп, дагы 2 досун чакырган. Арасынан биринин машинасына түшүп, төртөө шаарды айланып өтүүчү жол жактагы талаага алып барып көмүп салышкан. Бул ата сөрөйдүн достору жана 35 жаштагы гинеколог Арель суракка алынган. Ал эми У.Арель бул иш боюнча «Биздин клиникага бир күндө канчалаган бейтаптар жана кош бойлуу аялдар келишет. Алардын ар бирин эстеп калууга биздин мүмкүнчүлүгүбүз жок. Мен андай оорулууну кабыл алганымды эстей албай жатам» деп билдирүүдө. Ал Бишкек шаарындагы менчик клиникалардын биринде 8 жылдан бери гинеколог болуп эмгектенет экен. Анын клиникадагы кызматы – гинекологиялык оорулууларды дарылоо, аялдарды жана кош бойлуу аялдарды медициналык кароодон өткөрүү, аларды диспансердик каттоого алуу жана гинекологиялык кеңеш берүү гана болуп саналган. Бирок ал бейтаптан өз алдынча белгилүү суммадагы акча талап кылып, Бегимайдын түйүлдүктөн ажыроосуна себеп болгон.

Ымыркайдын денеси ак чүпүрөккө оролуп табылган.

«БОЙГО БҮТҮРГӨНГӨ ЖАРАГАН АДАМ АТА БОЛГОНГО ЭМНЕГЕ ЖАРАБАЙТ?!»
Жогорудагы окуя боюнча дин аалымы ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВ төмөнкүлөрдү билдирди
:
– Кыяматта сурактын бардыгы никесиз төрөлгөн баланын пайда болуусуна себеп болгон эркек менен аялга жана ал экөөнө тарбия берген ата-энелерине болот. Бойго бүтүргөнгө жараган адам ата болууга кантип даяр эмес?! Айткан жигитке да, ага көнгөн кызга да адам өлтүргөнгө шериктеш деген күнөө тагылат. Ымыркай тирүү төрөлүп, атасы тарабынан жаны кыйылган болсо, бул өтө чоң күнөө. Эркек да, аял да баладан кутулуунун жолун издешкени алардын жашоого болгон жоопкерчилигинин жоктугу. Канткен күндө да ымыркай өз шарты менен жерге берилүүсү керек болчу.
Акыркы маалыматтарга караганда, Илгир менен Бегимай үйлөнүп, чогуу жашап жатышыптыр. Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголо элек. Укук коргоо кызматкерлери окуя тууралуу соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышат.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ымыркайды энеси талаада төрөп, атасы көмүп салган
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (74)
sterva
2013-12-18 18:21:05
Жаштык кылышыптыр.Ата энеси деле билишпесе керекле булар жолугуп, жатып жургондорун.Из за глупости и тупости кылышкан бул ишти. Кудай албетте жазасын берет.
0
Shekerbek
2013-12-20 11:45:44
sterva, жаштык кылып булар мектеп окуучусу же садиктеги балдар эмес! ишти кылып койгондон кийин жаштык кылдык деп же болбосо шайтанга тонкошот!
0
uluk1982
2013-12-18 21:59:05
Жакындабагыла...
0
bad.girl
2013-12-18 23:40:45
ошончун бекем кысыып еле журуш керек болчу.уйлонолек болсо не кылат деймда кыздагы женил ойлуу желмогуз экенда
+1
arusha_95
2013-12-19 12:48:37
ооо кудай ай бул не деген корунуш наристе бул жашоонун жарыктыгын корбой коз жумса... ата-энесинин акмактыгы да бул ушундай жаштарга кудай озу инсап берсин
0
Destro
2013-12-19 17:46:06
Булар адам суротундогу айбандар
0
Destro
2013-12-19 17:49:43
"Ыймандуу болсо алганың,
Ыймандуу өсөт балдарың.
Аялзат үйдө мугалим,
Аялуу назик ардагың.
Кадалган карек сыяктуу,
Кадырла сыйла ар дайым.
Кабырганы түздөйм деп,
Кабанак кылып албагын.
Ачык кыл күндө асманын,
Азык кыл үйгө тапканың.
Ал түндө бирге ойгонуп,
Алланы сүйүп мактагын.
Айыктыр өзүv
+1
Shekerbek
2013-12-20 11:43:58
беш кол тен эмес кыздардын баарын мындай женил ойлуу деш туура эмес!
0
jigit85
2013-12-21 22:53:21
emneny aiteshde kantyp sogunuunu bylbei kaldym balkym akylsyzdyk 18 jashda esy jokdor
0
gugus
2013-12-21 23:06:04
экоону тен тируу талаада комуп салыш керек.
0
nuk
2014-01-29 14:12:07
mukaacular o bularda jurok jok
0
arisbekov
2014-02-14 00:16:47
Кандай гана акмактар ушул экоону тен бирдейинен комуп салсан
0
misster88
2014-02-14 00:45:17
Бирооого зар бироого кор деп койо беле,мен 2жылдан бери балаууу бол албай журом ошонон кору Мана окшогонго берсе жакшы болмок
0
ayzharkyn
2014-04-02 15:34:23
уйлонот экен баланы эмне кылат моонотунон мурда торотуп
0
ali1975
2014-06-05 11:40:53
Адамдык касиет жокко буларда
0
abdulazim.kg
2015-08-14 01:00:08
Аллахым кечире гор акылсыз алсыз пенденди алахтын наалаты богон шайтан менен напси
0
№ 580, 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан