КӨМҮРДҮН АКЧАСЫНА ЭМЕС,САПАТЫНА КАРАҢЫЗ

Элибиз эзелтеден очокко от тамызып оокат кылып көнгөн. Айырмасы, илгери малдын тезеги арбын колдонулса, эми көмүрсүз кышты элестете албайбыз. «Бул жылы көмүрдүн баасы канча? Кайсы жердин көмүрүнүн сапаты мыкты жана көмүрдү эмнесине карап тандоо керек?» деген суроолор көпчүлүктү кызыктырса керек. Мына ушул суроолордун жооптору төмөнкү макалада камтылган.

«ӨҢҮНӨ КАРАП АЛУУ КЕРЕК»
Кайсы жердин көмүрүнүн сапаты мыкты жана көмүрдү эмнесине карап тандоо керектигин билүү үчүн алгачкы кадамыбыз Бишкек шаарындагы көмүр базага болду. «Көп жылдан бери базада көмүр ташуучу болуп эмгектенип, анын түрлөрүн да, сырларын да үйрөнүп бүттүм» деген САМАТ КОЖОМБЕРДИЕВ төмөнкү кеңештерди айтты:
Учурда Казакстандын Шабыркүл, Кара-Жыра жана өзүбүздүн Кара-Кечеден чыккан көмүрлөр сатыкта турат. «Жок жаман» демекчи, бар болсо баары эле жакшы. Болгону көмүрдүн түрүнүн өзүнө тиешелүү сапаттары болот.

  • Шабыркүл көмүрүнүн табы жогору, бирок жыгачтай тез күйүп кетет жана ышы көп. Ал эми Кара-Кече менен Кара-Жыраныкы көпкө жетет, жылуулукту сактайт, бирок жай күйөт. Андыктан «Шабыркүл» менен «Кара-Кечени» теңме-тең аралаштырып жакса, эң жакшы чечим болот.
  • Көмүрдү жамгыр жаабай турган убакта жана жер кургак маалда сатып алып койгон оң. Анткени көмүргө суу тийип же нымдуу абада ачык туруп калса, сапатын жогото берет. Ошондой эле нымдашып калган соң оор болуп калат да, ашыкча акча коротуп капчыгыңызга зыянын тийгизет.
  • Сактаганда да кургак, суу тийбеген жайда сакташ керек. Эгер сыртта калтыра турган болсоңуз, астына сөзсүз бийик такта төшөп, үстүн суу өтпөй турган нерсе менен жакшылап жабуу керек. Туура сакталган көмүр 2 жылга чейин сапатын жоготпойт.
  • Сапаттуу көмүрдү өңүнөн билүүгө болот. Эгер жалтырап турса, бул анын жакшы бышкандыгынан кабар берет. Ал эми күңүрт, топурак өңдө болсо, жетиле элек, начар көмүр деп билиңиз.
  • Көмүрдүн кесегин отту чоң жагууга пайдаланып, майдасын түнкүгө колдонсоңуз жакшы үнөм болот. Өтө майда болсо, бир чака көмүргө бир чөмүч суу кошуп, андан соң жаксаңыз үбөлөнүп түшпөй, аягына чейин күйөт.
  • Морду, мешти туура орнотуу да көп мааниге ээ. Адистер менен кеңешип мешти туура бөлмөгө, туура жерге орноттуруу зарыл. Эгер аба туура эмес айланса, кандай гана кымбат же мыкты көмүр болбосун, түтөп айлаңызды курутат. Морду жана мешти маал-маалы менен көөлөп туруу абзел.

«БЫЙЫЛ КӨМҮР АРЗАН»
«Көмүр аласызбы? Көмүр керекпи?» деп жолумдан утур бири чыгып жатты. Баамдап жатканыңыздай эле, бул – көмүр базары. Тагыраак айтканда, Бишкек шаарында жайгашкан «Старый толчоктогу» көмүр базар. Быйылкы жылга карата көмүрдүн баалары канчадан болуп жаткандыгына он жылдан бери көмүр сатуу менен алектенген БАТЫРБЕК АДЫЛОВ жооп берди:
– Быйыл кыштын башталышы жылуу болуп, кардарлар азыраак болгондуктан, көмүрдүн баасы өткөнкү жылдарга салыштырмалуу арзан. Былтыр Кара-Кеченики башкаларга салыштырмалуу кымбат болду эле, быйыл андай эмес. Казакстандын бир канча жана өзүбүздүн Беш-Сары, Берекет, Мээрим, Ак-Жол деген бир нече карьерлерден келген көмүрлөрдүн бардык түрү дээрлик бир баада болуп жатат. Сапаттарында айырма бар. Адистеринен, шарттарынан, жер кыртышынан дегендей. Айрымдар карьерге жакын жерлерди өз алдынча казып, аны сатып акча жасап иштешет. Албетте, мындай көмүрлөрдүн сапаты начар болот. Андыктан ар бир көмүр жагуучу өзүнө ыңгайлуу түрүн тандай билиши зарыл.
Кыдырып саткандардан эмес, дайыма бир жерде туруп соода кылгандардан алган оң. Бул учурда начар болуп калса, кайра кайтарып бере аласыз. Ар бир сатуучу өз көмүрүнө жоопкер. Койгон бааларында гана айырма болбосо, бир түрдү башка түрдүн атынан сатышпайт. Айрымдар тамак бышырыш, үйдү жылытыш үчүн кесек көмүр ыңгайлуу деп издеп келишет. Андайда элеп, каалаганындай кылып салып беребиз. Калган күкүмдөрдү Жылуулук электр борборлоруна, кыш заводдорго же ири ишканаларга өткөрөбүз. Аларда көмүр майда болсо да аягына чейин күйгүзүүгө жардам берген аба айдоочу атайын аппараттар болот.

«КАЗАКСТАНДЫН КӨМҮРҮНӨ МУКТАЖДЫК БАР»
«Кыргызстандын көмүр запасы канча? Өзүбүздүн көмүр өлкөнүн керектөөсүн камсыздай алабы? Эмне үчүн түштүк жергесинде баалар кымбатыраак?» деген суроолорго «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын өндүрүш бөлүмүнүн башкармасы ВАЛЕРИЙ БОБРОВ төмөнкүчө жооп берди:
– Кыргызстанда жалпысынан 70ке чукул көмүр кени бар болсо, алардагы көмүрдүн запасы бардыгы биригип 1,3 миллиард тоннаны түзөт. Кыргызстандыктардын жылдык керектөөсү 1,9 миллион тоннага жакын. Биздин көмүрлөрдү таш көмүр жана күрөң көмүр деп эки түргө ажыратып кароого болот. Сапаты жагынан таптуу, көп убакытка сакталгандыктан, таш көмүр мыктыраак деп эсептелет. Бирок күрөң көмүрүбүздүн сапаты да жакшы. Өзүбүздүн көмүр биздин мамлекеттин керектөөлөрүн толук жапканга жетет. Бирок Жылуулук электр борборлору СССРдин убагында Казакстандын көмүрлөрүнө ылайыкташтырылып курулгандыктан, ал жактан келген көмүргө муктаждык бар. Акыркы жылдары бул маселени чечүү үчүн өзүбүздүн көмүрлөргө ылайыктап оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.
Отундун чет өлкөдөн келгени бизге бир четинен пайдалуу. Анткени канчалык сунуш жогору болсо, ошончолук атаандашуу да жогорулап, өлкөдөгү көмүрдүн кымбаттап кетишине жана начар сапаттагы көмүрдүн сатыкка чыгуусуна тоскоолдук жаралат.
Ал эми түштүктө баанын түндүктөгүдөн кыйла кымбат болгону мыйзам ченемдүү көрүнүш. Себеби түштүк жергесинде көмүрдү жердин астынан 200-300 метр тереңдикте казып алгандыктан, чыгым көбүрөөк сарпталат. Ошого жараша баасы да жогору коюлат. Ал эми Кавак бассейниндеги (Кара-Кече, Миң-Куш, Кашка-Суу) көмүр жердин үстүнкү катмарынан сузулуп алынат да, ага чыгым азыраак коройт. Көмүрдү казып алуу жана аны элге жеткирүүгө чейинки чыгымдарды эсептесек, түндүк менен түштүктөн казылып алынган көмүрлөргө коюлган баа бирдей эле.

КӨМҮРДҮН БААЛАРЫ

«Супердин» сурак бурчу
КӨМҮРДҮ ЭМНЕСИНЕ КАРАП САТЫП АЛАСЫЗ?

Сталбек Асанов:
– Алгач бир кап алып, аны жагып көрөм. Тутанганы, табы, ысыкты кандай сактаганын байкайм. Эгер көңүлүмө толсо, анда көбүрөөк сатып алам. Көөнү көп чыгарса да жаман экен. Мор тез толуп калса, аны тазалаган да оор.

Зарина Атагелдиева:
– Биринчиден, баасына жана сапатына көңүл бурам. Анан таразадан алданбаганга аракет кылам. Өтө майда эмес, чоң да эмес, орточо жана бирдей өлчөмдөгү көмүрдү тандап, салдырам. Мен Шабыркүл көмүрүн жагып көнүп калдым.

Асылбек Садыков:
– Мүшөктүн көлөмүнө, өңүнө, анан албетте, баасына карап алам. Биринчи жолу жагып жатпагандыктан, бирөөнүн кеңешине көз каранды болбой, өзүм тандаганды билем. Эч кимден кеңеш сурабайм.

Жыпар Ибраева:
– Мурдатан бери көмүр жагып жүрүп кайсынысы сапаттуу экенин билип калганбыз да. Кара-Кеченикин эле тандайм. Баасы болсо бардык эле нерсеники барган сайын өсүп жатпайбы. Ага карабай деле калдык.

Тоймат Нусупов:
– Бергенин алам. Менин 5 балам бар. Көп балалуу болгондуктан өкмөт жылына бир жарым тонна көмүр берет. Ошону үнөмдөп жеткиргенге аракет жасайбыз. Жакшы эле го, күйсө, жылуулук берсе болду да.

Гүлзат Закирова:
– Көмүр саткандардан кеңеш сурайбыз. Тап бере турганын алганга аракет жасайм. Сапатына жараша баасы да жогору болот эмеспи. Арзанына качырам деп начарын алып алсаң, андан да көп чыгым болуп калышың мүмкүн.

Рахат Садыков:
Баасына эмес, сапатына карайм. Казылып алынган жерин, карьерин тактап сурайм. Өзүбүздөн чыккан Кара-Кеченики эле жакшы деп ойлойм. Анын үстүнө кымбат эмес.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
kadam
2013-12-16 16:13:27
Кара-Кеченин күйгөнү жакшы,бирок чактап алыш керек экен.Биздики былтыркыдан артып калды эле,быйыл кубаты начар болуп аябай жүдөдүк.
0
Атасынын баласы
2013-12-17 00:46:56
урматтуу супер! Чоктан же йонтан боюнча да маалымат берип койбойсуздарбы?
0
Мэри
2013-12-17 10:11:05
Көмүр жакканда абайлап жаксаңар, ич чыгат го, ошондон этият болсоңор...
0
asdef
2013-12-17 22:07:35
Мэри, Ич эмес эле ис эмеспи?
0
tilek-x
2013-12-19 11:50:30
Бааларын жазбапсыздарго комурдун супер инфо тундукто канча туштукто канча экен баасы?
0
admin_media
2013-12-19 12:06:47
tilek-x,
Саламатсызбы! Кошуп койдук. Рахмат!
0
№ 580, 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан