«Кыз-Бурак» тобунан чыккан «үч мушкетёр» ырчыны көпчүлүгүбүз тааныйбыз. Бир тууган эже-сиңдилердей жүргөн Кенже Дүйшеева, Айжамал Кабылова жана Гүлнара Калдаровалар курамдагы эң көрүнүктүү ырчылардан болчу. Бүгүн биз коңур үндүү, жылдыздуу жылмаюунун ээси Гүлнара Калдарова менен баарлашмакчыбыз.
– Куш келипсиз, Гүлнара айым, өзгөрүп кеткендей сезилдиңиз?
– Саламатсыңарбы, арыкташ үчүн атайын диетада отурбадымбы, аракеттин жыйынтыгы ушул (күлүп).
– «Кыз-Бурак» тобунун даңазалуу курамында элеңиз, топко канча жашыңызда келгенсиз?
– 17 жашымда «Кыз-Буракка» келип, 27 жашымда топтон кетиптирмин. Чынында, ал кезде жаш болчубуз, ырдаганыбызга сүйүнүп кыйынчылыктарга моюн сунбай жүрө бериптирбиз. Жакшысы, эл кыдырдык, жер кыдырдык, топтун арты менен элге таанылдык дегендей. Негизи эле чыгармачылык менен алектенип жүргөнүмө жаңырган жылы 20 жыл болот экен.
– Топтун тарыхындагы кыздардын эң атактуулары силерсиңер. Бул эмнеге байланыштуу?
– Анткени биз топто эң көп кармалдык, «Кыз-Бурактын» хит ырларын биз аткарганбыз. Эл деле менин оюм менен макул болсо керек. Биздин курам элге сиңимдүүрөөк болду.
– «Кыз-Бурак» тобунан кетип, жеке ырчы катары калыптана алдым деп ойлойсузбу?
– Айтып коюшат эмеспи «аялдын бактысы – үй-бүлө» деп, анын сыңары мен да турмушка чыгып, көп жыл үйдө отуруп калдым. Андан соң кыздуу болуп, торолуп-чоңойгуча аны менен алпурушуп жүрдүм, жакында үчкө толот. Чыгармачылыкты деле биротоло таштаган жокмун, топтун чоң концерттеринде катышып жаттым. Ар бир нерсенин өзүнүн убактысы келет экен, жеке ырчы катары калыптанууга эми убакыт келип жетти го дейм. Акыркы 2-3 жылдан бери ыр жаздырып, клип тарттырып жандана баштадым.
– Сулуу ырчы кыздарга кызыккан күйөрман жигиттердин саны да арбын болсо керек эле кезинде?
– Билесиңер, бизде тартип темирдей бекем болчу, жигит жандаганга намысыбыз жол бербейт эле. Бирок тажаткан күйөрмандар болгон. Биз алардан концерт бүтөрдө башка бир ырчыны ырдатып, өзүбүз запастагы эшиктен чыгып кетип кутулчубуз. Бирок коопсуздугубуз үчүн концерттерде дайыма күзөтчүлөр менен жүргөнүбүз эсимде.
– Тартип бекем болсо, жолдошуңуз менен кантип таанышып, кантип турмушка чыгып калдыңыз?
– 26-27 жаштарга келгенде тууган-урук «турмушка чык» деп кулак-мээни жей баштады. Жолдошум Мырза менен бир тууган эжем тааныштырган, менден сурабай эле номеримди берип коюптур. Ал кезде эч кимди теңиме албай жүргөн кезим. Чалышып, кийин жолукканда анча деле жаккан эмес. Тез-тезден чалып көңүлүмдү алып жатып багындырды. Романтикалык күндөрдү деле көп өткөргөн жокпуз, телефондон көп сүйлөшчүбүз. Ошентип жүрүп үйлөнүп калдык.
– «Кыз-Бурак» тобун таштап, турмуш куруп кеткениңизге азыр өкүнбөйсүзбү?
– Жок, эч качан өкүнбөйм. Тескерисинче, кеч чыкканыма өкүнөм. Кыз киши турмушка чыгууда кечикпеш керек экен. Чыныгы аялдык бакыт үй-бүлө кургандан кийин келет тура.
– Балалыктан калган кайсы мүнөзүңүз азыр да бар?
– Шоктугум бар, кааласам азыр деле шоктонуп коё берем. Көк бетмин, өзүмдүкүн бербейм.
– Кызыңыз Аянаны турмуш курган соң 6 жылдан кийин төрөпсүз, жолдошуңуз шаштырган жокпу?
– Жок, тескерисинче, ал мени көп жубатчу. Той-топурга барып калганда кичинекей балдарды көрүп «биз качан балалуу болобуз?» деп аялдык алсыздыкка алдырып ыйлап алчумун. Ал мени «ыйлаба, сен биринчи өзүңө окшош, жашыл көздүү кыз төрөйсүң» дечү, айткандай эле кыз төрөбөдүмбү.
– Үй-бүлөңүз тууралуу да айта өтсөңүз?
– Атам орган кызматкери, тилекке каршы, көзү өтүп кетти. Апам эсепчи. Үй-бүлөдө жети бир тууганбыз, алты кыз, бир эркек, мен бешинчисимин. Өзүм көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгонгобу, буюрса, көп балалуу болгум келет. Сиңдим Мунара (ред. Темир Назаровдун жубайы) менен жакшы сырдашам.
– Кенже Дүйшеева менен Гүлшайыр Садыбакасова араздашып жүргөндө сиз эки тараптын тең таламын талашпай, нейтралдуу позицияда турдуңуз окшойт?
– Менин милдетим – нейтралитетти сактоо болчу. Анткени Гүлшайыр эжени устатым катары сыйлайм, Кенже менен «Кыз-Буракка» келгенден баштап жашоонун ачуу-таттуусун чогуу татып, бир сындырым нанды тең бөлүп жеген жакын санаалаштарданбыз. Өзүмдүн позициямды кармап, интригаларга аралашкым келген жок. Албетте, бул нерсе мен үчүн да кыйын болду, ортодо бузукулар чыкты, бирок андайга өзүмдү алдырган жокмун. Учурда баары өз ордуна келди.
Лунара Бекиева
star@super.kg