Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов жетектеген «Улуттар биримдиги» партиясы менен ЖКнын депутаты Бакыт Төрөбаевдин «Өнүгүү» партиясы бириккенин алардын лидерлери 7-декабрда расмий билдиришти. Мелис Мырзакматов менен Бакыт Төрөбаев мындан аркы саясий жарыштарга, анын ичинде парламенттик жана президенттик шайлоого бирге аттануу ниеттерин айтышты.
Ал күнү Мелис Мырзакматовду колдоп Ош шаарынын борбордук аянтына көп эл чогулуп, 10 пункттан турган резолюция кабыл алышты. Булардын айрымдарын белгилеп өтүүгө болот: Ош шаарынын жана Облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков ээлеген кызмат ордунан четтетилсин; алдыда боло турган Ош шаарынын мэрин шайлоону мыйзам талаптарына ылайык, эл алдында ачык жана таза өткөрүү бийлик тарабынан суралсын; Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлсүн жана ага карата тергөө иштерине саясий боёк сүртүүгө жол берилбесин. Мына ушундай резолюцияны кабыл алуу менен митинг токтоду.
Эл алдында сөз сүйлөгөн Мелис Мырзакматов «Урматтуу элим, мени подставить этип, провокацияга алдырбагыла. Сооронбай (губернатор Сооронбай Жээнбеков) жакка баспагыла. Менин саясатым өзгөрүлүп кетпесин. Бир ручкам ордунан жылбасын. Көпүрөнүн иши башка нукка бурулуп кетпесин. Мен жок, жер сатылып кетпесин. Шайлоодон кийин келип, кайрадан саясатымды улантам»,- деди. Мелис мырзанын сөзүнөн Ош шаардык кеңешиндеги «Улуттар биримдиги» фракциясы аркылуу шаар башчылыгына кайра келерине өтө эле ишенип турганы байкалды. Демек, шайлоого чейин Ош шаардык кеңешинде кызуу соодалашуу жүрөт.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg