Белгилүү бийчи Жан Воинов эми цирк аренасында өнөрүн көрсөтөт. Канаданын атактуу Дю Солей цирки жыл сайын жаш таланттар арасынан мыктыларын тандап, дүйнө кезип алардын өнөрлөрүн тартуулап келет. Ал эми Жан быйылкы тандоого келген 10 миң баланын арасынан суурулуп чыгып, Дю Солейдин Лас-Вегаста өтө турган шоусуна катышмакчы болду. Бул тууралуу Жандын апасы, шоу-вумен Ассоль Молдокматова кабарлады.