7-8-декабрь күндөрү Спорт Ордосунда юмор сүйүүчүлөрүнө арналган «Тамашоу» долбоорунун 6-сезонунун чейрек финалы болуп өттү. Эки күн ичинде 26 команда «Карапули», «Фристайл» тапшырмалары боюнча күч сынашты. Иргелип отуруп 7-декабрда «Позитифф», 8-декабрда «Рота» командасы биринчиликти утуп кетишти. Оюндун жыйынтыгында эки күндө тең эң аз упай алган 7 команда ыргып, калгандары жарым финалга жолдомо алышты.
Андан сырткары Сочиде өтчү «КиВин-2014» фестивалына Кыргызстандын атынан 4 команда аттанууда. Алардын арасында «Азия Микс» менен «Тамашоу» курама командалары бар.