Tелеалпаруучулуктан астына ат салдырбай келген Нурзат өзүн мектеп директору катары сынап көрүптүр. Иштеген жеринен ага бир мырза ашык болуп калганы да кызык. Бирок биз баяндап жаткан сүйүү баяны азырынча жашоодо эмес, кино талаасында өттү. Дегенибиз, Нурзат жакында Эрнест Абдыжапаровдун «5000 сом» деген тасмасына тартылып, жаш директор айымдын образын жараткан. Бул комедия жанрындагы фильмге ырчылар Асел Турдалиева, Съездбек Искеналиев, куудул Жамбыл Камчиев, «Мык» аты менен таанылган Максат Тасмаев катышышкан. Сүйүү баяны демекчи, тасмада башкы каарман Нурзат «Мык» байкенин ашыгы болуптур.