"ТАЛАК" ФИЛЬМИ ТҮГӨЙЛӨРДҮ ЫНТЫМАККА ҮНДӨЙТ

Ары күлкүлүү, ары терең философиялык маанини камтыган “Талак” фильми тартылып бүтүп, жакында жарыкка чыгуу алдында турат. Баш-аягы 20дан ашуун белгилүү куудул, ырчылар катышкан тасмага кызыктар болуп, актёрлорду кепке тарттык.

Асел Турдалиева: “Кубик менен жаткандан баш тарттым”

– Мен буга чейин “Достор” менен “Стоп-трафик” фильмдеринде эпизоддук ролдорго тартылган элем. “Талак” фильминде чоң роль алдым. Тасмада Ошко тийген нарындык ачык-айрым, бетке айткан, адилеттикке тике караган аялмын. Кубик менин күйөөм болуп ойнойт. Сценарий боюнча экөөбүз бир төшөктө жаткан эпизод бар эле. Баарын аткарып келе жатып эле ошол эпизодго келгенде токтоп калып жаттым. Элдин арасында түшүнгөнү бар, түшүнбөгөнү бар. Ошол жерди бир нерсе кылалык деп туруп алдым. Анда Кубик: “Эмне мен сага тийишмек белем?! Жөн эле жууркандан башыбызды чыгарып коёбуз” деп жатпайбы. Ошентип жатып ал эпизодду менин таң атпай эшикти шыпырып жүргөнүм менен алмаштырдык.

Баса, кызым Бегимай да мени менен жүрүп роль аткарды.

Борончу Кудайбергенов: “10 күн менттин кийимин чечпей жүрдүм”

– “Талак” кыргыздын кулк-мүнөзүн, табиятын чагылдырган фильм болду. Мен участкалык милиция кызматкеринин ролун аткардым. Укук кызматкеринин мүнөзүн, кандай абалда кандай мамиле кыларын өздөштүрүп билүү үчүн 10 күн форманы чечкен жокмун. Тасма Токтогулда тартылган эле. Кызыгы, милиция кызматкеринин кийимин кийип алып базарга барганбыз. Мени карап бири “бул Борончунун иниси окшойт” деп айтса, экинчиси “жок, бул Борончунун так өзү, киного тартылып жатат” деп шыбырашып жатышты. Баса, тартуу кезинде бир мас келип алып тоскоол болуп калды. Образга кирип жаткан кербезим болчу. Ал жигитти ичке уруп, колун кайрып туруп, эшикке чыгарып койдум. Тиги эч нерсени түшүнбөй эле туруп калды. Кийин жолугуп кечирим сурадым.

Абдылда Иманкулов: “Жашоодо динден алыс адаммын”

–“Талак” тасмасында молдонун ролун ойногонум менен, турмушта динден алыс адаммын. Молдочулук кылмак тургай куран окуганды да билбейм. Талак деген сөздүн маанисин дагы кийин билдим. “Ар бир айдын алтысы, "Аралаштын" азили” деген тамаша концертте Рысбектин уруксаты менен тасманын идеясын интермедияга айландырып алып чыкканбыз.
Негизи, кыргыз киносунда комедиялык жанр жакшы өнүккөн эмес. Ыраматылык Сабира Күмүшалиева эже аткарган “Лифт” тасмасы кичине жакындашканы болбосо, мындай фильм тартыла элек эле. “Талак” фильми комедия жанрындагы саамалык дебесем да, жол салуучуларынан болот деп айтат элем.

Рысбек Жабиров: “Тасма жаштарды ажырашпоого үндөйт”

– Тасманын атын “Талак” деп атаганымдын себеби бар. Азыркы жаштар ошол сөздүн маанисин түшүнбөйт. Талак ачык талак, кыйытма талак деп бөлүнөт. Эгерде биз ушул сөздөрдүн маанисин жакшы билген болсок, менимче ажырашуулар саны азаймак. Бул маселе оор болгондуктан, элге жакшы жетсин деген максатта комедия жанрында бердим. Азыркы жаштар “кет, жогол, мен сени менен ажырашам!” деп эле эки күндөн кийин кайра жашап калып жатышпайбы. Бул деле кыйытма талак. Талак бергенден кийин аялы менен күйөөсү кайрадан нике кыйдыруу­лары керек. Менин максатым жаштарга ажырашуу деген нерсени кылдат түшүндүрүп берүү болгон.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
aichuk
2009-09-30 17:49:33
Асел эже бул жерден абдан эле туура кылган
кыргыздарга андай жарашпайт да!
0
jazka
2009-10-02 20:45:21
respect anda sizge Rysbek baike!emi kachan koro alabyz?!
0
kgjigit
2009-10-04 09:39:56
Эртерек чыкса болот эле коруп, боорубуз эзилип дегендей
0
№ 360, 25-сентябрь - 1-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан