«Чыгармачыл адамдын чыныгы эмгеги анын отчёттук концертинде билинет» деген Абидин Темировдон жагымдуу жаңылык. 5 жылдан бери ойлогон оюн кыстаган турмуш жеңип жаткан ырчы агабыз быйыл чыгынып отчёттук концертин бермей болуптур. «Жылда эле элиме концерт берейин дейм, бирок баары каражатка келип такалат экен. Ошентип, 5 жыл дегенде араң тилегим ишке ашканы турат. Буюрса, бул кечемде көп жакшы нерселер болот, күйөрмандарым келип чер жазып кетишсе»,- дейт Абидин Темиров.