«2012-жылдын супер тобу» наамын алган «Чоро» тобу Түркияда өтчү «Turkvizyon-2013» фестивалына катышууга жолдомо алганы маалым. Фестивалдын шартына ылайык, Кыргызстандын атынан калыстыкка Айчүрөк Иманалиева көрсөтүлүп, 15-декабрда учуп кетерин кабарлады. «Мага ушундай жоопкерчиликти берип, Түркияга жөнөтүп жатышканына кубанып жатам. Ал жакка барганда сөзсүз өзүбүздүн балдар үчүн жан үрөп, «болеть» этем»,- дейт ырчы. Маалымат катары айтсак, сынакка 24 өлкө катышып, 22-декабрда жыйынтык концерт өтүп, жеңүүчү аныкталмакчы. «Чоро» тобу жана Айчүрөк айымдын ийгилик менен кайтып келишин каалайбыз!