– Нурланбек мырза, коррупцияга каршы күрөштүн агымында «Ата Журттун» мүчөлөрүнө кылмыш иши көп козголуптур. «Ата журтчулар» «Жалаң эле биздин депутаттар көзүңөргө көрүнүп жатабы?» деп Башкы прокуратурага суроо салышууда. Балким, «Ата Журттун» тизмеси туура эмес түзүлүп калгандыр?
– Президенттин коррупция менен күрөшүүсүн кош колдоп колдойм. Ал чоң эрдикти баштады. Өкүнүчтүүсү – бир беткей, оппозициялык маанайдагы саясатчылардын камалып жатканы. Дароо эле камабай, үй камагына чыгарып, тергөө иштерин жүргүзүп, сотто күнөөсү далилденсе камап, күнөөсү болбосо актап чыгуу керек. Ызы-чуулар да чыкмак эмес. Коррупция менен күрөшүүнүн формасын ушинтип өзгөртсө жакшы болмок.
Бишкек мэри болуп турган Иса Өмүркуловго кылмыш иши козголуп, ал кызматтан кетүү менен кутулду. Беренелерин оор дешти, анда эмне үчүн аны камашкан жок? КСДПнын мүчөсү, Балыкчынын мэрин эмнеге камакка алышкан жок? Экөө тең камалса, коррупцияга каршы күрөш тегиз жүрүп жатат дешмек.
Тизмеге келсек, анын түзүлүшү кыска мөөнөттөгү долбоор сыяктуу болуп калганы көрүнөт. Идея үчүн эмес, кызыкчылык үчүн биригип калышкан. Мындай катачылык орун алганын Келдибеков, Ташиев, Жапаров да айтып жүрдү.
– Мелис Мырзакматов Ахматбек Келдибековду колдоо максатында митингчилерге кошулам деп кызматтан алынды. Анын «Улуттар биримдиги» партиясы ЖКнын депутаты Бакыт Төрөбаевдин «Өнүгүүсү» менен бириккендиги жарыяланды. Жакынкы пландарда «Ата Журттун» «Улуттар биримдиги» менен чогуу болуусу каралбай элеби?
– Мырзакматов эле эмес, аттуу-баштуу саясатчылар, карапайым калктын арасындагылар Ахматбек Келдибековду колдоп жатышат. Келдибеков буга чейин кай жерде иштебесин, өзүн татыктуу жетекчи жана мыкты менеджер катары көрсөтүп келген. Спикер болуп турганда Жогорку Кеңештин азыркы учурдан өзгөчөлөнгөн таасири жана күчү бар эле.
Келдибековдун «Кумтөр» макулдашуусун денонсациялоо жана «Кыргызгаздын»
1 долларга сатылышына каршы болуусу, дегеле оппозициялык фракциянын моторуна айлануусу саясий чечим менен камалышына алып келди.
Мырзакматовго келсек, ал аймактык деңгээлде мыкты жетекчи, бирок өзүн республикалык деңгээлде көрсөтө элек. 2012-жылкы Ош шаардык кеңешине болгон шайлоодо Мырзакматовдун партиясына колдоо көрсөтүү иретинде «Ата Журт» менен «Бүтүн Кыргызстан» шайлоого катышкан эмес. Бул эки партия мындай кадамга барбаганда, анын «Улуттар биримдиги» жеңишке жетмек эмес. Мырзакматов моралдык жактан карыздар. Камчыбек Ташиев камалганда ал менменсинип, кайдигер карап койгон. Азыр Ташиев менен Мырзакматов жолугушуп жүрүшкөнүн билем. Таарынычты жыйыштырып, бир бололу дегендей маселелер козголуп жатат.
– Келдибеков «1 долларга мага эле саткыла, мен иштетейин» деди. Бирок «Кыргызгаздын» бир нече миллиондогон карызын төлөө, инвестиция салуу тууралуу сөз кылган жок. Бул жарыялары популизм болуп калган жок беле?
– Бул жерде эч кандай популизм жок. Тескерисинче, мекенчилдик сезим менен айла кеткендеги жан ачыткан сөз. Муну элге коррупция менен күрөшүү катары көрсөтүп жатышат. Гезиттерге жарыяланган байлыктарынын дээрлик жарымы жок экен, айрымдарын мурун сатып жиберип, бирок документ иштери аягына чыкпай калганы үчүн ушундай болуп калыптыр.
– Экс-депутат Камчыбек Ташиевдин уулунун «дөңгөлөк уурдамакчы болду» деген шек менен милиция кызматкерлери тарабынан кармалуусу тууралуу жаңылык SUPER.KG порталында кызуу талкууга алынууда. Буга байланыштуу кандай комментарий бере аласыз?
– Окуя болгон күндүн эртеси Камчыбек Ташиев жана анын ошол ишке кириптер болуп калган уулу менен жолуктум. Уулу: «Дөңгөлөк уурдамак түгүл уурдоого бара жатканымды да билген эмесмин. Балдар бир жакка барып келели деп калышты, бир жерге келгенде алар машинадан чыгып кетишкен. Анан эле балдарды милиция кызматкерлери кармап келишип, мени чогуу алып кетишти»,- деди.
Милиция кызматкерлери катуу уруп-сабабаса да, опузалашыптыр. Бирок моюнуна албай койгону үчүн өздөрү чыгарып беришти. Жакшылап абай салганга деле билинет, милиция кызматкерлери тарабынан кыштар, дөңгөлөктү чечүүчү аспаптар көрсөтүлүп жатты. Кирпичтер жаңы жана таптаза, эгерде дөңгөлөктү уурдоого пайдаланылса, алар сынып же кара май болуп калмак.
Милиция кызматкерлери ушундай майда-чүйдөнү эске албай калганынан орой «подстава» болду десек жарашат. Ахматбек Келдибеков боюнча Камчыбек Ташиев өзүн активдүү алып жүрүп, митингдерге чыгып жатат, ошого аны тизгиндеп туруу үчүн жасалды окшойт. «Өзүмдү камашты, бир тууганымды соттоду, досторума кылмыш иштери козголду, эми келип балама кылганы өтө кечиримсиз. Жалгыз аялым калды» деп жатат Камчыбек Ташиев.
– Парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстандын» катарында элеңиз, кандайча «Ата Журтка» келип калдыңыз?
– 2010-жылы элдик төңкөрүштөн кийин Адахан Мадумаров менен сүйлөшүп калдык. Экөөбүз ага чейин Президенттик администрацияда да чогуу иштегенбиз. Парламенттик шайлоого карата даярдыктар башталганда биринчилерден Мадумаров «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен чогуу шайлоого баралы» деп сунуш киргизди. Дароо макул болдум. Көп өтпөй Камчыбек Ташиев «Ахмат, Садыр болуп чогуу «Ата Журт» партиясы менен шайлоого катышканы жатабыз» деп мени чакырды. Мен Адахан Мадумаров менен жигитче кол алышып койгонумду айттым.
Шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» керектүү добушту алды, бирок бизди шайлоодон өткөрбөй коюшту. Бир апта өткөндөн кийин Камчыбек Ташиев «биз менен барсаң болмок, тийиштүү кызмат берели, мындан ары биз менен бол» деп калды. Мен «ойлонуп көрөйүн» дедим. Коалиция түзүлгөн күнү «Маданият жана маалымат министрлигине иштеп бербейсиңби. Буга чейин таза иштеп, түз жүргөнсүң. Биз сага токтолдук» деп чакырды, макул болдум.
– Азыр фракциядагы ички абал кандай?
– Мыктыбек Абдылдаев фракция лидерлигине партиянын саясий кеңешинин жана фракциянын чечими менен шайланып иштеп жатат. Мыктыбек Юсупович салмактуу, тажрыйбалуу саясатчы болгондуктан, фракциянын ички тартибин жана ынтымагын бекемдөөнү колго алды. Буюрса, жакшы жакка өзгөрүү бар.
Эльвира Караева
politika@super.kg