МУЗЫКАДАН ЖАСАЛГАН «ПИЦЦА»

Аз убакыттын ичинде туруктуу күйөрмандарын таап, маңызы терең, бирок жөнөкөй ырларды жаратып келаткан «Пицца» тобунун ырларын уксаңыз керек. Алардын «Пятница», «Париж», «Оружие» аттуу хит ырлары учурда ар бир уюлдук телефондо бар десек жаңылышпайбыз.

АТАЛЫШЫ ЭМНЕГЕ «ПИЦЦА»?
«Пицца» – топтун лидери, башкы солисти Сергей Приказчиковдун сахнадагы каймана аты. Сергей топ түзүлгөндө ушул аталышты ыйгарган. «Пицца» деп аталышынын дагы бир себеби, топтогу музыканттардын ар биринин өзүнчө музыкалык долбоорлору бар. Ушундай ар түрдүүлүктөн улам «Пицца» деген аталыш келип чыккан.
Ырчы Сергей Приказчиков: «Биздин топтун ырлары пиццадай, ар түрдүү музыканын аралашмасынан турат. Аталышыбызды пиццадай «даамдуу» бололу деген максатта койгонбуз. Музыканын ар кандай жанрларын эксперимент кылганды жакшы көрөбүз. Мисалы, соул-поп, регги, фанк, керек болсо рэп да ырдайбыз. Ырларыбыздын уккулуктуулугу стилдерди аралаштырып ырдап жатканыбызда болсо керек»,- дейт.

КАЧАН ПАЙДА БОЛГОН?
Топтун негизги ырчысы Сергей Приказчиков Уфа шаарында 1983-жылы 16-июлда музыканттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Сергей – дасыккан гитарист. Ал музыкалык мектепти, андан кийин жогорку музыкалык окуу жайдын гитара бөлүмүн бүтүргөн. 14 жашында ырларга текст, обон жаза баштайт.
«Пицца» тобу 2009-жылы негизделген. Курамы Сергей жана Виталий Овчар аттуу аспапта ойногон музыканттан турат. Кошумчалай кетсек, Сергей «Пицца» тобун ачканга чейин «Виа Чаппа» аттуу топтун ырчысы эле. «Пицца» тобунун ырларынын текстин, обонун, баарын өзү жазат. Ушуга чейин топ музыкант Сергей Приказчиковдун жеке чыгармачылыгынын жемиши катары эсептелип келет. Анан да топтун өзгөчөлүгү, концерттерде  жалаң жандуу үн менен ырдашат. Өзгөчө романтикалуулугу менен айырмаланган топтун  «Пятница» ыры Орусияда гана эмес, Украинада, Эстонияда, Нью-Йоркто атын таанытканга жардам берген.

Сергей Приказчиковдун маалымат булактарына берген маегинен.Сергей Приказчиков: «КЛИПТИН ДИСКИН ПИЦЦАНЫН КУТУСУНА САЛЫП ТАРАТКАНБЫЗ»

– Сергей, «даамдуу» музыка жаратыш үчүн эмне кыласыз? Эргүүнү кантип чакырасыз?
– Тилекке каршы, эргүү  каалаган учуруңда келе бербейт. Эгер аны чакыруу менден көз каранды болсо, мен мындан да көп музыка жаратмакмын. Ырлар көз ирмемдик кыялдан, каалоодон жаралат. Бир билгеним, ал татаал жашоону баштан өткөрүп, кубанып же кайгырып жаткан учурларда көп келет.

– «Пятница» ыры кантип жаралган?
– Отуруп эле жазып койгом. Хит болорун ойлобоптурмун деле. Баса, аталган ырдын клибинин дискин телеканалдарга «Төрт сыр» деген пиццанын кутусуна салып таратканбыз (күлүп).

– Топто келишпестиктер болуп турабы?
– Бир адам мага аябай жардам берген. Аты  – Виталий Овчар. Ал мени музыка жазганга үйрөткөн, мен өзүм аранжировщик болом дечүмүн. «Виа Чаппа» тобунда ырдап жүргөндө музыкадан аябай көңүлүм калган эле, акыркы убактарда сахнага чыккандан да баш тартып калгам. «Пицца» тобу Виталик экөөбүздөн эле турат, калган музыканттарды концерт учурунда жандуу үн менен ырдаш үчүн гана чакырабыз, ыр жаздырууда деле алар кээде эле катышат. Ошондуктан топто келишпестиктер деле болбойт.

– Жубайыңыз сиздин чыгармачылыгыңызга кандай мамиледе?
– Жубайым мени аябай сүйөт. Дал ушул айым менин Уфадан Москвага көчүп келип чыгармачылыгымды улантуумду сунуш кылган.

– Пиццаны жакшы көрөсүзбү?
– Жакшы көрөм, анткени аны өзүм музыкадан жасайм. Нанын хип-хоп, суусун музыканын түрдүү стилин кошуп, айтор, менден сонун пицца жаралат.

«Негизи, топто өзүм эле ырдайм, ал эми музыканттарды ыр жаздырууда, концерттерде чакырам».

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Puwkin
2013-12-17 06:33:40
uwu gruppa olo jagat, yrlaryn uksan kadimkidey es alasyn. bravo, Alga!
0
tilek-x
2013-12-19 10:00:41
угуп коруш керек экен
0
№ 580, 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан