ЖИГИТТИН КАРА ТОРУСУ, КЫЗДАРДЫН ЖҮРӨК ООРУСУ

Буга чейин шоу-бизнестин өкүлү болгон мырзалар ырчы кыздарды кырка тизип, айымдын идеалдуу келбет-мүчөсүн түзүшкөн эле. Эми кезек кыздарда. Ырчы кыздар сахналаш жигиттердин ар кайсы мүчөсүн атап, идеалдуу мырзанын келбетин түзүштү.

Чыңгыздын кайраттуу кара чачтары

Идеалдуу чачтарды тандоодо Кенже Дүйшеева колуна лупа кармап, абдан кылдаттык менен тандады окшойт. Себеби идеалдуу чач табигый капкара, кайраттуу болушу керек экен. Кенже ушундай критерийге ылайыктуу деп ырчы, ди-джей Чыңгыз Мырзаевди көрсөттү. «Чыңгыздын кара тору жүзү далай кыздын жүрөк оорусу болсо керек» деп да кошумчалай кетти.


Жамбылдын сексуалдуу башынан...

Артисттердин арасынан тамашакөй ырчы Гүлнара Тойгонбаевага идеалдуу формадагы башты тандоону ыйгардык. Гүлнара эжебиз «тарс» эттире эле Жамбыл Камчиевди тандай салса болобу! Бекеринен эң сексуалдуу баш деп жумурткадай жылмакай, соку баштар эсептелбесе керек деп ойлоп калдык.


Акбардын кулагы делдейген эмес...

Келишимдүү кулакты тандоону ди-джей Нурзада Жолдошевага cунуштадык. Нурзада ырчы балдарыбызды кезекке тизип санап отуруп, жыйынтыгында, Акбар Сүйүнбаевдин кулагын идеалдуу деп тапты. Анткени ди-джей кыздын айтуусунда, ырчылардын арасында көпчүлүгүнүн кулагы манты кулак, же делдейген, же кичинекей экен. Ал эми Акбардын кулагы бардык жагынан идеалдуу имиш.


Мирбектин карагаттай көздөрүнө кадалып...

Ойноктогон көз караш кимди гана жалт каратпасын?!

«Мырзалардын көз карашынан канчалык деңгээлде темпераменттүү, сексуалдуу экенин билсе болот. Шоу-бизнестеги мындай көздүү ырчы Мирбек Атабеков. Ал канчалык «серьёзный» көрүнөйүн дегени менен, оттой жанып ойноктогон көздөрүнө кадалып эле каласың. Ал эми каш-кирпиктеричи, тим эле көмүрдөй капкара болуп арбап алат го, чиркин»,- деп тамшанды Айжан Газиева.


Саматтын эстен кеткис эриндери

Болтойгон, табигый кочкул кызыл эриндүү эркекти көргөндө аялзаты эрип кетери анык. Мындай мырзалардын биринчи эле эриндери көзгө илинет. Айя Садырова «шоу-бизнестеги мырзалардын ичинен Самат Дөөлөтбаковдун эрини эстен кеткис» деп атады.


Кырдач мурун, демек, кыраакы эркек Микаэль

«Барбагай мурундуу эркектердин ички дүйнөсү кең, колу ачык» деп коюшат. Теңирейген мурундар болсо өзүмчүл келишет экен. Ал эми кырдач мурундууларчы? Алар кыраакы келишет жана мурун түзүлүшү боюнча да идеалдуу деп эсептелет. Бактыгүл Бадыева мындай мурундууларга Микаэлди киргизди.


Теректей бойлуу Бакыт

Айгүл Чаловага бою узун мырзалар жагарын угуп, ырчылардын арасынан кимиси бой жагынан идеалдуу деп сураган элек. Анда Айгүл теректей бойлуу мырза деп бийчи, алпаруучу Бакыт Байсариевди атады. Биздин көпчүлүк ырчы жигиттерибиз бала кезде сабизди азыраак жешкен окшойт.


Айдиндин «лакыйган» колунда береке...

Бегимай Эсенгулованын билдирүүсүндө Айдин Шердин колу анык эркектин колу экен. «Ал булчуңдары түйүлгөн карысы, шадылуу манжалары,«лакыйган» алаканы менен башкалардан айырмаланат. Мындай колдуу эркектер берешен да келишет»,- деп ишендирди ырчы кыз.


Эрмектин 32 тиши аманбы?

Жылмайса тиши акактай тизилген, өзүнчө эле «Голливудская улыбка» Эрмек Маматовдуку экен. Муну Айнура Салахидинова айтып кетти. «Ойлоп көрсөм кесиптештеримдин биринин тиши орсок болсо, дагы бирөөнүкү жасалма. Билишимче Эрмектин 32 тиши аман, курт түшпөгөн, анан да жылмайганда тиштери «жарк» дей түшөт»,- дейт Айнура.


Бекчородой көк жал моюн жигитте, Көп күч жатат тийишпе

«Жигиттин күчүн сынагың келсе, моюнунун жоондугун кара» деп коюшат. Аида Кулуева ырчы жигиттердин арасынан Бекчорону сууруп чыкты. Жигиттердин моюнуна кызыкпаган кыздарды да кызыктырып, ырчы бекеринен моюнуна ар түрдүү жоон зер буюмдарды тагынып албайт экен да.


Кең далылуу Темирди Апполонго теңешти

Сайкал Садыбакасова: «Апполон Грецияда кең далылуу, сулуулуктун символуна айланган мырза деп айтылса, ошол эле Апполонго мен Темир Назаровду салыштырмакмын»,- деп болгон эмоциясын төгүп салды.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
jazka
2009-09-28 17:16:37
Mirbeke tamshandyby je Mirbektin kozdoryno tamshangan Aijan Gazieva m-n makul emesmin!
0
zzz
2009-09-29 11:26:55
Темир Назаров-Апполон менен салыштыруу кыйын
0
tentek
2009-10-03 02:44:19
мирбек мирбек элэ дейсинер Газиевадан откон ырчы жокко туугандар!!!
0
№ 360, 25-сентябрь - 1-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан