Балдар, силер сүйгөн Том менен Жерринин кандайча жаралып калганын билесиңерби? Анда кыскача тарыхын айтып берели.
Америкалык мультсериал 1940-жылдан бери экрандан түшпөй келатат. Том менен Жерринин «аталары» – Уильям Ханна менен Жозеф Барбер деген мультипликаторлор. Томду Ирвин Спенс деген сүрөтчү күзгүдөн өзүн карап, мимика, кыймылдарын көрүп тарткан. Ал эми мышыкты Кеннет Мьюс тарткан. Томдун 1-сериядагы аты Жаспер, Жерриники Жинкс болгон. Кийин гана персонаждардын атын өзгөртүшкөн. Мультфильмдин күйөрмандарынан келген каттарга ал кезде аты чыга элек актёр Жек Николсон жооп берип турчу. 2001-жылы Уильям Ханна, 2006-жылы Жозеф Барбер каза тапса да, алардын сериалы бүгүнкүгө дейре шедеврге айланып келет.
Гүлжамал Бөрүкулова
balakai@super.kg