АКШ бийлиги Гуам аралында (Тынч океандагы АКШга караштуу арал) көбөйүп кеткен күрөң бойга жыландарын азайтуу максатында чычкандарды учактардан ташташты. Тактап айтканда, уулантып өлтүрүлгөн чычкандар бутактарга илинип калсын үчүн картон парашюттар менен түшүрүлдү. Дарактарда жашаган бойга жыландары аларды жесе ууланып өлөт. АКШ бийлиги бул долбоор үчүн 8 миллион доллар бөлгөн. Аталган жыландардын саны аралда орточо эсеп менен
2 миллион болгон. Алар экзотикалык канаттуулардын санын кыскартып жатышат.