Түркиянын Анталия шаарында 30-ноябрь-8-декабрь аралыгында болуп өткөн кикбокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда мекендешибиз Авазбек Аманбеков Дүйнө чемпиону аталды. Ал «кик-лайт» боюнча 57 килограммга чейинки салмактагылар арасында беттеш өткөрүп, 4 атаандашын утуп, алтын медаль тагынды.
Мындан сырткары «фул-контакт» боюнча Кумар Жалиев, Айбек Дүйшембиев жана Уланбек Касымбеков коло медалга ээ болушту.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg