Экс-депутат Камчыбек Ташиевдин уулу Тимурлан Ташиевге карата кылмыш иши токтошу мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин башчысынын орун басары Александр Белунскас билдирди. Анын айтымында, айыпталуучу материалдык чыгымдарды кайра калыбына келтирген. Мындан улам жабырлануучу Данияр Сапаров «доом жок» деп арыз жазып берген. «Бирок дөңгөлөк уурдоо боюнча башка 2 фактыда аталган топтун катыштыгы бар экендиги такталган»,- деди Белунскас. Эске салсак, 1-декабрда «Унаа ууру» рейди жүргүзүлүп, анын натыйжасында 18 жаштагы Т.Тимурлан, 17 жаштагы М.Самидин, 18 жаштагы А.Фарух, 17 жаштагы М.Эрнист кармалган.
Бул боюнча «Ата Журт» партиясынын тарапкери Нурланбек Шакиев: «Окуя болгон күндүн эртеси Камчыбек Ташиев жана анын ошол ишке кириптер болуп калган уулу менен жолуктум. Уулу «Дөңгөлөк уурдамак түгүл, уурдоого бара жатканымды да билген эмесмин. Балдар бир жакка барып келели деп калышты, бир жерге келгенде алар машинадан чыгып кетишкен. Анан эле балдарды милиция кызматкерлери кармап келишип, мени чогуу алып кетишти» деп айтып берди. Милиция кызматкерлери катуу уруп-сабабаса да, опузалашыптыр. Бирок мойнуна албай койгону үчүн өздөрү чыгарып беришти»,- деди.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg