КУРМАНБЕК БАКИЕВ БЕЛАРУСТА ХАН САРАЙ САЛЫП ЖАТЫПТЫР

2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Кыргызстандан качып кеткен президент Курманбек Бакиев Беларустан баш паанек тапкан эле. Жакында эле белгилүү болгондой, ал аталган өлкөдөн баш калка алып эле тим болбостон, орун-очок да ала баштаганы айтылды. Муну беларустук журналисттер кабарлап, Бакиев Минск шаарынын эң кымбат саналган районуна 2 кабаттуу хан сарай салдырып жатканын сүрөтү менен жарыялашты. Иштеп жаткан куруучу журналистке үйдү Бакиевге салып жатышканын айтып берген.
Кошумчалай кетсек, Курманбек Бакиевди экстрадициялоо маселеси эки өлкө ортосунда келишим жок болгондуктан көтөрүлбөй келет. Бишкек гарнизондук аскер соту тарабынан Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу Курманбек Бакиев 24 жылга кесилген.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (40)
sladkaja_konfetka
2013-12-17 09:31:25
Молодец! Элдин канын соруп алып, хан сарайда жаша!
-4
Boss77
2013-12-19 18:53:13
sladkaja_konfetka, адашасын.
0
Saiha.84
2013-12-17 11:54:38
Кыргыз элинин канын соруп кеткен ошол хан сарайы буюрбайт го ага...Кыргыз элинин каргышы тийсин сага
-4
Eli75
2013-12-17 23:13:42
Бакиевдин адам олтургон деп соттолгонун ушул макаладан билдим. Ой,тообо. Кызык, Минсктин эн кымбат жеринен уйду кайсы акчасына салып жатты экен. Канча кыргыз Россиянын корунгон шаарында канча жыл иштеп уй эмес,аман уйумо кетсем деп журот.
-5
Shekerbek
2013-12-18 09:11:16
Eli75, аз билсен коп жашайсын
+1
Eli75
2013-12-20 20:04:13
Shekerbek, Канча жашашымды Аллахтын озу билет.
0
ZUR.NUR8693
2013-12-18 17:23:03
Бакиев жакшы иштегени учун коро албай куйгондон бийликтен кетиришкен егер билсенер канчалык алдыга умтулуп елинин камын корсо да коро албагандар бар екенда
+1
ROUSE
2013-12-18 23:41:14
ZUR.NUR8693, аз да болсо окшоштуруп жазчы ээ?
0
bad.girl
2013-12-19 00:10:43
ееех бакиевдер кыргыздардан алып кеткен акчаларын жайына алып келип койгондоооо кыргыздар онугуп кетсек керек ее булар ото коп суммадагы акчаларды алып кетишкен болуш керек баласы экоонукун чогултса канча болот экен аа
0
arzuu1
2013-12-19 02:06:33
Бакиев татыкттуу президент!
-3
Altyn10076
2013-12-19 11:03:32
arzuu1: Сен кайдан билесин Бакиев акен жакшы ажо экенин канча адамдын канын токту .Менин тайкемдин каны куткарбас!
0
Guldeste
2013-12-19 12:54:31
Siler kaidan bilmeksiner ozuncho olturup adamdy syndaisynar..bir nerseni bilip anyj bilip turup jazgylachy.
+2
Boss77
2013-12-19 18:47:53
Бакиевдин эмгеги ото чон жакшы иштерди жасаган. Азыркы убакта оозу кыйшык опкосу жок жинди болсо да байдын баласы бийлике келип ото чон наарызычылык жаралууда. Бут жерде СДПК айыл окмотко чейин.. Аз калды буюрса ..
-2
tiletork
2013-12-19 19:38:47
пендебиз да ар кимибиз жердешчил болуп оз адамыбызга ал кандай адам болбосун жактап мактап жатып калабыз, минтип журсок биз жонокой адамдар, ушундай болунсок келечек кандай болоор экен, 21кылым ан сезим онуккон мезгилде, популист,демогог псевдопатриоттордун созуно, озуно ишенип журо берели.
0
beka90kg
2013-12-21 00:52:53
Merry sen ne Bakievke tuuganchylygyn barby balyk bawynan sasyit bolup kalypsyn
+1
aitowa11
2013-12-22 14:09:10
Бакиев президентке татыктуу эле. А алмазчы шалбырап.
0
nurik838383
2013-12-23 00:02:13
aitowa11, бир жагынан туура айтасын келбети озун алып журуусу (бийлегенин эске албаганда)суйлоо манерасы президенттей болчу, ал эми кылган иштерин айтпай эле койоюн эл билет, Атамбаев кичине ажодой суйлогонду уйронсунчу чынында , угуп отуруп намысына тиет экен
+1
nurik838383
2013-12-23 00:03:12
nurik838383, мунун менен Бакиев аябай жакшы иштеген дегенден алысмын албетте
0
nurka_85
2013-12-23 08:12:57
бакиевдин иштеген эмгектерин баарынар эле билсенер керек анан неге айткынар келбей айлык акы элуу пайыз да кошулуп жаткан мектептердеги окуучулардын тамагычы. ошто паркта сигарет чегууго тыйуу салган тартибичи неге ушуларды айтпай эле опазизсия уюштуруп кыргыз жигиттерин кырган ишке аны куноолой бересинер
0
nurjana83
2013-12-23 09:33:52
Элинен качкан эр, эл башкарган эл атасы, журт атасы хан сарай салмактан, асманга жол салбайбы, баары бир ата журтка кайта албаса анын бакыйганы, жакшы жашоосу бир тыйын.Бакиев озун тирикмин деп эсептеген бир олуу жан. Хан сарайда жашаган, элди таштап качкан эрден, эшиктеги кое берсен да качпаган, талыкпай иштеген эшек артык.
0
nusi95
2013-12-24 13:36:22
Эмне эле кан соргон дейсинер анын кандай иштегенин билебиз акыркы кундордо Бакиев эмес баласы башкарып ошол каргашалуу 7 апрельди да туугандары азыркы бийликтегилер кылганын жакшы билебиз. Мен Бакиевти эч качан кунолобойм. Азыркы ажобуз келгенден бери корунуктуу эмне иш жасады Россияга Манастын эстелигин койгондон башка эч нерсе корбодум. Хан сарайда жашайбы чатырда жашайбы ага эмне баш оорутушат.
+1
№ 580, 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан