Аптаптуу май айында башталган Жети-Өгүздүн Саруу айылындагы митинг кыш мезгилинде өздөрүнө «өзгөчө кырдаал» жарыялоо менен уланууда. Анын себебин айыл тургундары «УКМК менен милиция кызматкерлери айыл тургундарын четинен кармап кетип жаткандыктарынан улам алардын аракеттерине каршылык иретинде жана айылдыктарды ар кандай провокациялардан сактоо максатында жасалган кадам» деп түшүндүрүшүүдө. Маалыматка ылайык, 9-декабрда 4 айыл тургунун укук коргоо органдары кармап кеткенден кийин айыл эли ушундай чечимге келишкен. «Өзгөчө кырдаал» саат 22:00-7:00 чейин болуп жатат. Бул убакта жергиликтүү тургундарга көчөдө жүрүүгө тыюу салынган. Сырттан келген чоочун автоунааларды айылдыктардан түзүлгөн элдик кошуун мүчөлөрү текшеришет. Маалыматка караганда, декабрдын башында башталган бул көрүнүш 23-декабрга чейин созулат.
Ал эми саруулуктардын бул кадамын Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы мыйзамсыз деп эсептөөдө.
Кошумчалай кетсек, Конституция боюнча, өлкөгө өзгөчө кырдаалды президент гана жарыялайт.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg