1-7-ЯНВАРЬ – ЭС АЛУУ...

  • «ЗАМАНДАШ-СОВРЕМЕННИК» саясий партиясын мындан ары беш тең төрага башкарат. Алар: энергетика жана өнөр жай министринин мурдагы орун басары Сапар Асанов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Таалай Сагынов, Станислав Епифанцев жана Кумар Стамкулов. Ал эми бешинчи тең төрагалыкка орун азырынча бош.
  • Өлкөдө 27 МИҢДЕЙ Баатыр эне бар. Аларга Соцфонд тарабынан төлөнө турган акчанын суммасы жылына
    147 миллион сомго жеткен.
  • Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын билдирүүсүндө, 16-22-декабрь аралыгында аймактардан келген 100 ИМАМ Бишкек шаарында молдолордун билимин жогорулатуу боюнча бир апталык окуудан өтүштү.
  • Өлкөнүн сот системинде учурда 447 БОШ КЫЗМАТТЫК орун бар.
  • ЭСТОНИЯНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ Андрус Ансип 12-13-декабрь күндөрү Кыргызстанга иш сапары менен келип кетти.
  • «Альфа Телеком» ЖАКынын иши боюнча айыпталып жаткан РАУШАН РЫКУНОВА 9 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланмакчы болду. Ал аталган компаниядан 500 миң доллар чыгарып кеткен деп күнөөлөнгөн. Ошондой эле күйөөсү В.Рыкунов менен сиңдиси А.Сим 6 жылга эркинен ажыратылган. 
  • Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2013-жылы январдан сентябрга чейин 1460 НАРИСТЕ каза тапкан.
  • 2014-жылы Орусия Кыргызстанга баасы 1 МИЛЛИАРД ДОЛЛАРЛЫК курал-жарак берүүнү пландап жатат.
  • ЖКнын депутаттары Бишкектин жылуулук электр борборун модернизациялоого Кытайдын экспорттук-импорттук банкынан 386 миллион доллар кредит алуу жана аны Кытайдын ТВЕА компаниясы ишке ашырары тууралуу келишимди ратификациялашты.
  • Кыргызстандыктар 2014-жылдын 1-7-ЯНВАРЬ күндөрүндө эс алышат. Анын аралыгындагы иш күндөрүн январь ичиндеги ишемби күндөрүнө жылдырганын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги маалымдады.
  • 10-декабрда «Кара-Кече» көмүр кенинде 2 көмүр ташуучу ЗиЛ урандынын астында калып, анын кесепетинен 3 АДАМ каза болду.
  • ЖКнын депутаты ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ «Улутташтыруу жөнүндө» мыйзам долбоорун даярдап, аны коомдук талкууга алып чыкканын маалымдады. Мыйзам долбоорунда өлкө аймагындагы кайсы ишкана болбосун, кандай учурда болсо да мамлекеттин эсебине алууга мүмкүнчүлүк жаралат.
  • Бишкек шаарынын прокурору ТАЛАНТ КОЖОНОВ жана Октябрь райондук прокурору МАРАТ БУСУРМАНКУЛОВ кызматтарынан Башкы прокуратура тарабынан бошотулушту.

Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Kg.lady
2013-12-16 18:28:02
Замандаш-современник саясий партиясын беш жетекчи башкарат))) .Че, та азго,дагы бешоону кошуп койгулада!
0
Aitunuk
2013-12-20 19:37:12
"Көп суур ийин каспайт, касса да терең каспайт" дейт элде, мурда М.Өмүракунов партияны башкарууга өзү эле жетишчү эле...
0
№ 580, 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан