ТООК ГРИЛЬ ПАЙДАЛУУБУ ЖЕ ЗЫЯНБЫ?

Тоок грили... Муну шаардын ар бир бурчунан, ал эми облус менен райондун борборлорунан аз да болсо жолуктурууга болот. Конок келип калса чуркап барып алып келе койсоң дасторкондун көркүн ачат. Чынын айтуу керек, тоок гриль даамдуу жана ток болумдуу. Бирок анын зыяны барбы? Бул жагын ойлонуп көрдүңүз беле? Кепти ушул багытта улайбыз.

ШААР ҮЧҮН ТООК ЭТТЕРИ КАЙДАН АЛЫП КЕЛИНЕТ?
Иликтөөбүз алгач Бишкектеги тоок этинен гриль бышырып саткан түйүндөр этти кайдан алары тууралуу болду. Бул үчүн Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна баш багып, санитардык врач МАЙРАМБҮБҮ ИМАНКУЛОВАНЫ кепке тарттык:
– Бишкекте тоок этинен гриль бышырып саткан 32 түйүн бар. Аларды тоок эттери менен 4 жеке мекеме камсыздайт. Тоокторду Сокулук, Токмоктон сатып келишип, өздөрүнүн цехтеринде жууп-тазалап, маринаддашат. Түйүндөргө 2 маал тоок эттерин таштап кетип турушат. Гриль үчүн жаш, эт багытындагы тооктор керектелет.
Биз мыйзамга ылайык гриль саткан түйүндөрдү 1 жылда 1 ирет текшеребиз. Бирок гриль тез даярдалуучу тамак болгондуктан, акимиаттарга, мэрияга айтып, алардан өкүл чогултуп, жыл ичинде 3-4 ирет рейдге чыгабыз. 2012-жылы 11 түйүндөгү тоок эттеринин 42 пайызынын сапаты санитардык эрежеге туура келбегендиктен, ал түйүндөрдү жаптырганбыз. Санитардык эрежелер калыпка келтирилгенде гана иштөөгө уруксат берген элек. Ал эми 2013-жылы 2 түйүндөгү айрым тоок этинен ичеги таякчалары табылып, түйүндөр жабылган.
Шаарда 32 түйүндөн тышкары шаардын чет жактарында гриль аппаратын сатып алып, өз алдынча колдонгондор да кездешет. Рейд учурунда текшерип, талапка жооп бербесе айып салабыз. Алар тоокторду кайдан ала тургандарын биз биле албайбыз.

Эми бизге сырттан кайсы өлкөлөрдөн тоок эттери ташылып келет деп кызыктык. Бул үчүн КРнын өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары ЖАНЫБЕК СУЛТАНОВГО байланыштык:
– Кыргызстанга бүтүн тоок эттери Кытай, Орусиядан келет. Алар гриль үчүн да колдонулуп жатабы жана зыяны барбы-жокпу, айта албайбыз. Анткени алынып келинген эттердин баарынын лизенциясы, сапаты жакшы деген тактамалары бар. Сырттан келген эттер бардык жактарда сатылат.

«ТООК ГРИЛИ РАК ООРУСУН ЧАКЫРАТ»
Тоок грилинин ден соолукка зыяны барбы деген суроого Улуттук онкологиялык борбордун кызматкери, профессор АБДУМАЖИТ МУРЗАЕВ төмөнкүдөй жооп узатты:
– Окумуштуулардын жүргүзгөн изилдөөлөрүндө тоокту электр мешинде бышырганда 260 градус ысыктын тегерегинде бышат. Ал эми электр грилинде 1090 градуска чейинки ысыкта бышырылса, газ грилинде 1650 градуска чейин ысыкта бышырылары аныкталган. Тоокту катуу ысытып, бат бышырууда бензапирен (химиялык кошулма) пайда болот экен. Бензапирен организмге жылдап аздан кирип отурса, акырындап рак келип чыгат. Анткени ал канцерогендерге (химиялык зат, онкогендик вирус) кирет.

Ал эми «тоок грили ууланууга да алып келет» деген КММАнын балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын доценти ДАМИРАХАН ЧЫНЫЕВА буларга токтолду:
– Бат бышырылгандыктан, кээлеринин ичи толук бышпай калгандары болот. Мындай эттен сальмонеллёзго кабылуу мүмкүн. Сальмонеллёз бул – таякча түрүндөгү сальмонелла микробу козгой турган оору. Аталган микроб организмге кирген соң денени ууландырып, ашказан-ичегини ооруга чалдыктырат. Адам кусуп, ичи өтүп, ичи көөп, башы ооруп, чыйрыгып, дене табы көтөрүлөт. Грилдин ич жагы жакшы бышпай калганда андагы сальмонелла микробдору өлбөй калат. Сатуучунун колу, колдонгон буюмдары кир болсо, ал да кошумча болот.

БИЗГЕ ЖЕТКЕН МААЛЫМАТТАР БОЮНЧА...
Арзан үчүн айрым ишкерлер сырттан алынып келингендерди көп колдонушат. Аларды болсо бат чоңоюп, семирсин деп ээлери убагында гормондорду, антибиотиктерди көп беришкен. Андыктан тооктун денесиндеги микроб антибиотикке көнүп калган. Андай тооктун этин адам пайдаланганда эт менен кошо жанагы микроб кирет да, адамда ооруну козгойт. Адам антибиотик кабыл ала баштайт, бирок антибиотик ал микробго таасир этпейт. Оору күчөп, татаалдашат. Тоокторго берилген гормондор эт аркылуу адамдын организмине кирип, семиртет.
Дүкөндө өтпөй калгандарды пайдаланышат. Мөөнөттөрү өткөн эттер көбүнчө ыргытылбай, сактоо мөөнөтү жаңыртылып, кайра сатыкка коюлат. Дагы өтпөсө, анда аны гриль үчүн арзан баада сатышат. Ошентип, уксус аралашмасына чыланган эттин эски жыты түрдүү татымалдар менен «өлтүрүлүп», гриль үчүн келип түшөт.
Кээде дүкөндөрдө тооктун мөөнөтү өтүп кеткен этин формалин менен жууп, грилге сатып жиберишет. Формалин – суюк аралашма. Анын этти былжыратып ийбей көпкө чейин баштапкы калыбында сактап туруучу касиети бар. Ал организмге киргенде ичегидеги микрофлораны өлтүрүп, боор, бөйрөк, сөөккө зыян келтирет.
Бышырылган күнү өтпөсө, грилди эртеси кайра ысытып сатышат. Мындай этте уулар көбүрөөк топтолгондуктан, организм көбүрөөк жабыркайт.
Сырты кыпкызыл болсун үчүн айрымдар натрийдин глутаматын колдонушат. Глутамат – тамак-ашка даам берүүчү кошулма. Акырындап ашказан-ичегиде оору жаратып, боордун иштөөсүн бузат. Астманы күчөтүп, депрессиялык абалды өнүктүрөт.

ЖЕСЕМБИ, ЖЕБЕСЕМБИ?
Тоок грилди ошончолук жегиңиз келсе, анда 1 айда 1 жолу жаңы бышырылганын алып жеңиз. Тооктун терисинде жана жоон санындагы майында химиялык заттар (онкогендик вирустар) көп топтолот. Андыктан анын терисин сыйрып, майын кесип салып колдонуңуз. Же помидор, капуста, же сарымсак кошуп жесе тоок териси жана майы менен кошо кирген уулар организмден аздан бөлүнүп чыгып кетет. Бирок картошка кошуп жебеш керек, ал уулардын чыгышын кечеңдетет.
Туура бышырылган тооктун майы акпайт. Териси алтын түстөнүп, бүтүн, ичи толук бышкан болот. Экологиялык жактан таза өстүрүлгөн тоокту сатып алып, үйдө электр мешинде бышырып жеш бул – эң жакшы чечим.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
Jamalym
2013-12-24 21:26:48
Мен такыр эле жебейм грилди.Тоокту сагынганда эле тоок союп жейбиз.
0
erke.brat
2013-12-24 21:51:10
Маалымат учун суперге рахмат. Ушуга окшогон пайдалуу маалыматтарды дагыда бат-бат берип турсаныздар,сураныч.Аркандай ушак-айын кептерге караганда ото пайдалуу деп ойлойм,жаштарыбыз учун чон кенеш,тарбия болушу анык.
0
madiyar1
2013-12-25 10:17:55
ммм туура
0
emilkyrshab
2013-12-26 10:38:54
Студенттик кез. Курсак ач. Анан бир жолу олло курсак ачып, пирожкиден тажап, гриль жейин десек акча жок, айлабыз кетип, ар кимден 5-10 сомдон кылып, чогултуп анан гриль сатып алдык. Уйго келип, дасторконду жайып, билекти туро эми жейин десек, кашайган гриль учуп кетсе болобу...
0
Altyndai
2013-12-26 11:14:53
Кечегинде мен да кордум кандай эттен жасашканын.:
фуу! Сасып-сасып кеткен тооктон жасайт экен,Грильди жакшы корчумун,эми жебейм деп жатам.
0
Mamat_ele
2013-12-26 22:03:45
Тьфууу
0
Ermek_sher
2013-12-27 04:28:02
Баары тамактар химикат болуп калдыго кимисинда тандайбыз? эт, жумуртка, айрыкса шаардан экологический таза сапаттуу тамак табуу кыйын болуп калганго!
0
Sezim123
2013-12-27 13:51:36
ммм
даа
0
Debi
2013-12-27 21:31:07
Бизге тамак-аштын кайдан келери, алардын сапаты, кандай шартта өндүрүлгөнүн аныктоо дээрлик мүмкүн эмес болгону кооптуу көрүнүш. Базарларды тооктун эти, өрдөктүн эти жайнайт. Алардын баарын кайдан өндүрүп жатышат, таза эле жол мененби, билүү кыйын. Мына ушуну иликтеп, аныктаган жан болсо...
0
elizka.abdieva
2013-12-28 17:49:18
азыр халал деп саткан тамак-аштар деле арам болуп жататго.эн жакшысы баарын оз колун м.н жасап жеш керек
+2
Baktygyl
2013-12-28 19:08:30
Озбек,тажик орус порустардын тамактар фууу
0
Baktygyl
2013-12-28 19:09:18
Фляяя фуууу оооааагг!
0
lucky_star
2013-12-29 17:25:17
Мен эмнегедир эт жебейм, мисалы говядина жесем торпокту элестете берем, кой этин жесем козуларды, тоок этин жесем тоокту элестетип алып, жыты жыттанып жаман болом. Өткөндө билбей говядинадан киичине кесим оозума түшүп калдыле, көңүлүм айнып, аппетит өлгөн. Эжем гриллди жакшы көрөт. Эми ушуну окутпасам!!! Негизи өтпөй калганын уксуска салып кайра ысытып сата турганын билсе деле жей бергендер бар го.
0
allan
2013-12-29 20:29:26
lucky_star,Сиздейлерди Вегетарианка деп койушат.
0
kg.boi
2014-01-27 23:34:16
Пайдалуу эмес болсо да адам затты сатып алаберет тамак жасагандан зээригип!!!
0
ayzharkyn
2014-06-20 19:59:04
гриллдин жанынан отуп баратканда ушундай аппититинди ачат дейсин
0
№ 581, 20-декабрь-26-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан