Мурат Мамбетов:«УУЛУМ НУРЛАН «ЭЛЕС» ТОБУНДА ЫРДАГАН»

«Композ», «Жаздык» деген ат Мурат деген ысымдан да элге жакын. Эмнеликтен? Анткени берилген образды жеткире, элдин эсинде түбөлүк калгыдай аткаргандыгында. Бүгүн биздин каарман Жаздык байкебиз ар түрдүү боёк менен тартылган жашоосундагы сүртүмдөр менен бөлүшмөкчү.

Режиссёрлук кылган тасмалары: «Аян», «Чиркин өмүр», «Апамдын махабаты», «Кууш жолдо», «Кара жолтой», «Тор», «Күлкүлятор»
Тартылган тасмалары: «Ак куулар конгон айдың көл, «Аян», «Бөрү зындан», «Талаада атылган ок», «Запкы», «Куугунтуктоо»

– Мурат байке, 4-кабатка чыккыча күйүгүп калдыңыз, чылым көп чеккениңиз байкалып турат...
– Туура байкадың, мен чылым чекпейм, жейм. Күнүнө 3 куту жок кылам. Өзгөчө съёмка учурунда тамекисиз тура албайм. 18 жашымдан тарта колума тамеки кармадым. Ошондо тажрыйбам 40 жыл.

– Айрымдар өспүрүм кезден эле бул нерсе менен достошушат эмеспи, сизди ата-энеңиз катуу көзөмөлдөчү окшойт...
– Биздин үйдө тартип аябай катуу болчу. Атамдын сабаганын эстей албайм, бирок көз-карашынан эле катарга тизилип калчубуз. Атам атактуу Мамбет Мамакеев менен бирге окуган кыйын дарыгер эле. Көзү тирүү болсо 87ге чыкмак. Апам тазалыкты жакшы көрчү. Ал кишинин өтүп кеткенине да он жылдай болуп калды. Кесиби мугалим эле.
Чынында, окууга көңүлүм жок болчу, ойноп эле отурчумун. Бирок майрамдык кече, дубал газета менсиз өтчү да, жасалчу да эмес.
Алматыга актёрлукка окууга өткөндө 1-семестрди жалаң бешке тапшырдым. Мектепке барсам мугалимдер «ии, Мамбетов, кай жакта иштеп жатасың?» дешти, «окуп жатам, мына, жалаң беш» деп зачёттук китепчемди көрсөтсөм «дагы актёр болуп жатасың» деп араң ишенишкен.

– Азыркы белгилүү кыргыз актёрлору менен чогуу окудуңузбу?
– Алматыда мени менен кыргыздардан эч ким окуган жок. Мектепте окуп жүргөндө «Ак куулар конгон айдың көл» тасмасына тартылып, Сабира Күмүшалиева чоң энемдин ролун ойногон. Ошондон кийин экөөбүз жашоодо да чоң эне, небередей жакшы мамиледе болуп калганбыз. Алматыга окууга барарымды уккан Сабира апа «актриса Гүлшара Дулатованын эң жакын курбусу сен барчу окуу жайда кафедра башчы» деди. Үйүнө барсам, эже эки кагазга бир нерсе чиймелеп туруп «Рабига Каныбаевага (курбусу) бересиң» деди. Сабира апа «Алматыга кетерде мага сөзсүз жолугуп кет» деген эле. Эртең менен саат жетиде үйүнө бардым. Сабира апа жолдошу Муратбек Рыскуловду ойготуп чыгып «Муке, батаңды бер, мен айткан ушул жигит» деди. Ал киши көздөрүн ушалап «жакшы окуп, адам бол» деп бата берип узатты.
Ата-энем менен Алматыга барып, Рабига эженин үйүн таап, баягы кагазды бердим. Катты окуп «сен кимиси болосуң?» дегенде «иниси» деп койсом, тиги тууганын сурайт, муну сурайт, мен «баары жакшы» деп коём. «Күндө эртең менен саат жетиде келесиң да, бул ырды, тамсилди, монологду жатка айтасың» деп кетирип жиберди. Эртең менен келем, ал халатчан отуруп алып жаттап келгендеримди угат. Ошентип бир жума даярдандык. Экзаменде бакыйган атактуулар алдында Каныбаева баягы мен жаттаган нерселерди айтып бер деди. Мен заңкылдап айтып бердим, ошентип өтүп кеткем. Ал жакты бүтүп келип, дароо Кыргыз драма театрына жумушка кирдим.

– Качан «Туңгуч» театрына кеттиңиз?
– Театрда иштеп жүргөндө эле санаалаш 10-15 адам чогулуп өзүбүзчө «Туңгуч» театры деген ат менен 3-4 спектакль коюп жибердик. Театрдын жетекчилиги бул ишибизди жактырган жок. «Туңгучту» жапкыла же кеткиле» деп маселени кабыргасынан койду. Анын үстүнө көрөрмандар дагы «бүгүн «Туңгучтун» спектаклиби?» деп көп сурай башташты.
Ошентип, Кыргыз драма театрында 13 жыл иштеген соң Жамал эже, Асылбек, Жаркын эже, Каныбек, Эгемберди сыяктуу бир топ актёрлор бөлүнүп чыктык. Арабыздан кайра Кыргыз драмга кеткендер да болду. Биринчи бизге колун сунган театр ишмерлеринин төрагасы Чолпонбек Базарбаев болду. Ал бизге зал берип, «репетиция кылгыла» деди. Опера-балет театрынын директору Амангелди Исаев «тандап алгыла» деп костюмдарды берди. Спектаклдер менен Кыргызстандын аймагындагы клубдарды кыдырчубуз. Гастролдоп жүрүп бутубузга туруп алдык.

– Актёрлук кесиптин ысык-суугуна туруштук берүү оңойго турбаса керек...
– 1990-жылдардын башында аябай кыйналдык. Спектакль коюп гастролдойлу десек Союз тарап, эл өз алапайын таппай калды. Кечинде үйгө кетейин десем чөнтөктө 5 сом бар. Маршруткага түшүп кетсем тамекисиз калам. Тамекини тандап жөө кеткен күндөрүм өтө көп болгон. Ушундай кыйынчылыкта дагы башка кесипке өтүп кетпей туруштук бердик. Өзүбүз жарнама чаптайбыз, жүк ташыйбыз, бетибизди гримдейбиз. Эсимде, бир жолу белгилүү эле актёр афиша чаптап жатсам ак костюм кийип өтүп баратып «шордуу десе, көргөн күнүң ушулбу?!» деп шылдыңдады. «Айлыгың канча?» десем «5000 сом» дейт, «меники 20 000 сом» десем унчукпай басып кетти.

– Учурда кайсы жерде иштеп жатасыз?
– Учурда «Кыргызфильм» студиясында эмгектенип жатам. Жаңы эле Бакен Кыдыкееванын 90 жылдыгына карата документалдык тасма тартып бүттүм.

– Эми маек багытын жеке турмушуңузга буралы, канча жашыңызда үй-бүлөлүү болдуңуз?
– 19 жашымда Алматыдан казак кызына үйлөнгөм. Бул никемден эки балам бар. Улуу балам Нурлан «Элес» тобунда ырдаган. Азыр деле ыр жазып, аранжировка кылат. Экинчим Мээрим медицина илимдеринин кандидаты, азыр жаш баласы менен үйдө. Турмушта ар кандай болот экен. 1-никем менен түбөлүк боло албадым. Венера экөөбүздүн чогуу жашаганыбызга 13 жыл болду, ортодо Нурдан деген уулубуз бар. Нурлан, Мээрим менен күнүгө жок дегенде бир жолу телефон аркылуу сүйлөшөм. Ажырашып кеткенден кийин сөзсүз душман болуш керек эмес. Кээде 1-аялымда маселе болуп калса, жардамымды аябайм. Нурландын 2 баласы бар. Ошентип, азыр 3 неберенин чоң атасымын.

«Улуу балам Нурлан менен кичүүсү Нурдан».

«Венера менен жашаганыма 13 жыл болду».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"30 жылдан бери "Композ" деген атым унутулбай келет
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Saiha.84
2013-12-23 14:04:41
Мен сыйлаган актерлордун бири,чыныгы талант
0
mirlan.tulanbaev
2013-12-23 16:19:10
кыргыздын мыкты актеру.талантынызга таазим.
+1
Diana92kg
2013-12-23 16:34:05
Мурат байке сизге ийгилик каалайм!
+1
Begai_kg
2013-12-23 21:33:35
Ийгилик
-2
talas-1985
2013-12-23 21:42:46
Азаматсыз,суйлогон создору ордунда,мактанбайт башкалардай бар болунуз
+1
alibai
2013-12-23 22:56:28
Мамбет агай !!!!!Азаматсыз!!!! Суйлогон эмоцияныздан билинип турат,кыргыз киносуна канчалык куйгонунуз.
+3
valina
2014-05-23 01:10:21
alibai, здраааасти, сам мамбет,вникай правильно,его зовут то Мурат,знаменитый актер, режиссер,может ты вообще не на ту страничку попал
0
Savai80
2013-12-24 08:36:15
Талантынызга таазим этем
+1
jek87_87
2013-12-24 10:00:18
Ар дайым кыргыз киносун алга суйроп, элдин эмгегинде журо бериниз! Ийгилик ишинизге!
+1
nurbek290992
2013-12-24 21:28:45
ар дайым бар болунуз.
+1
Narynbek
2013-12-24 22:23:30
Кыргыз киносунун эл суйгон актеру болуп журо бериниз.Бору зындан киносундагы Кампоз биз бала кезде популярдуу болчу.
+1
Gul.08
2013-12-25 00:15:01
Жакшы, ийгилик бар болунуз!
0
allan
2013-12-26 14:01:32
Бул агайдын жашы канчада?Ким билсе айтып койосунарбы?
0
chinko
2013-12-29 13:58:05
allan, он сегизге чыкканда тамеки чеге баштагам, ошондо кырк жылдык тажрыйбам бар деп атат. Он сегизге кырк жылды кошсон.
0
s.malejo
2013-12-27 02:05:28
Нурдан ооруп калды деп айтканы бар эле,ахыбалы кандай экен азыр?
+1
k_medi04
2013-12-27 16:04:00
ден-соолук, ишинизге ийгилик каалайм бар болунуз!
0
Turadi
2013-12-28 19:20:16
Дагы да ийгилик жарата бериниз!
0
№ 581, 20-декабрь-26-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан