– Көптөн бери менин сол колум уюп, чымырай турган болду. Мындай абал көбүнчө эртең менен болот. Ошондуктан, жүрөгүм дартка кабылган го чочулап жатам. Же мен туура эмес деп ойлоп жатамбы? Сажира, Талас.
– Сиздин чочулаганыңыздын жана шекшигениңиздин жөнү бар. Уюп, чымыроо жүрөктө ишемиялык оорунун пайда болушунун белгилери болушу толук мүмкүн. Ошондуктан, убакытты текке кетирбей кардиологго көрүнүп, ЭКГдан (эхокардиограмма) өтүүңүз зарыл. Калганы ошондон кийин айкын болот.
УЧУКТУ ИТТИН МАЙЫ МЕНЕН АЙЫКТЫРАБЫ?
– Учук оорусуна кабылган адамды иттин майы менен айыктырууга болот деп угам. Аны тамакка же сүткө бир аздан кошуп ичиш керек экен. Ушинтип дарылануу туурабы? Макен, Каракол.
– Учук оорусунан (туберкулёз) комплекстүү дарыланууда калориялуу тамактануу башкы нерсе болуп саналат. Бирок, эмне үчүн иттин майын колдонуу керек? Иттин майы калориялуу экендиги талашсыз. Бирок, ошол иттин майы аркылуу канчалаган оору да жуктуруп алуу мүмкүн да. Өзүңүздүн үйүңүздөгү ит болсо да анда оору жок деп ким кепилдик берет? Андыктан, иттин майын эмес эле эт, сыр, чучук сыяктуу калориялуу тамак-ашты колдонуу туура.
БЕЗЕТКИ ШОКОЛАДДЫ КӨП ЖЕГЕНДЕНБИ?
– 16дагы баламдын бетинде безеткилер көбөйүп кетти. Тааныштарым: «бул балаңдын шоколадды жакшы көргөндүгүнөн» дешүүдө. Ушул чынбы? Калыя, Жалалабат.
– Негизи, өспүрүмдөрдүн бетиндеги безетки таттууларды, анын ичинде шоколадды жакшы көргөндөн эмес, нанды көп жегенден чыгат. Ак ундан жасалган нан организмде эркек гормондордун көбөйүшүн шарттайт. Бул болсо безеткинин чыгышына алып келет. Ошондуктан, өспүрүмдөргө нанды азыраак жегенге үгүттөп, тамак-ашына жашылча-жемишти көбүрөөк кошуу зарыл.
УЙКУСУЗДУКТАН ЖАПА ЧЕГЕМ...
– Кийинки кезде түнкүсүн уктай албай чыкчу болдум. Жумушта жүргөндө башым ооруп, шалдырап, кыйратып эч нерсе бүтүрбөйм. Ошондуктан, уйкусуздукка каршы эң жөнөкөй ыкмалар барбы деп сурайын дегем. Сыргак, Кемин.
БАЛАНЫН БОЮ КЕЛЕЧЕКТЕ КАНЧАЛЫК БОЛООРУН БИЛҮҮГӨ БОЛОБУ?
– Менин келинчегимдин бою кичине болгону менен менин боюм узун. Ушундан улам баламдын бою келечекте кандай болот болду экен деп ойлоном. Баланын кичинекейлигине карабай, келечекте анын бою канча болоорун билсе болобу? Мырза, Көкжаңгак.
– Баланын бою чоңойгондо канчалык болоорун билсе болот. Бул үчүн мындай ыкма колдонулат. Өзүңүздүн боюңуздун узундугу менен келинчегиңиздин боюнун узундугун кошуңуз (мисалы, 170+150). Чыккан санды 2ге бөлүңүз (320:2). Эми жыйынтыкка эркек бала болсо, 6,5 сантиметр кошуңуз (160+6,5=165,5). Демек, балаңыздын келечектеги бою 165,5 сантиметр болот.
Эгер кыз бала болсо, анда жыйынтыктан 6,5 сантиметрди кемитесиз (160-6,5=153,5).
ЭНТИККЕНДЕ КАНТИП БАТ ӨЗҮҢӨ КЕЛСЕҢ БОЛОТ?
– Мен жумуш кылганымда энтигип, көпкө чейин өзүмө келе албай калам. Ушундай кезде канткенде бат өзүңө келсең болот? Канат, Баткен.
– Кытай медицинасында эң жөнөкөй төмөндөгүдөй ыкма колдонулат. Энтигүүдө мурундун оң таноосун кол менен басып, сол таноо менен дем алуу кажет. Ушинткенде жүрөктүн кагышы акырындап, адам өзүнө бат келе түшөт.
ОСТЕОХОНДРОЗДОН ДАРЫ ИЧПЕЙ АЙЫГУУГА МҮМКҮНБҮ?
– Мен өнөкөт остеохондроздон жапа чегем. Кээде оорум кармаганда ооруканага жатууга шарт болбой калат. Ошондой кезде дары ичпей кандай ыкмалар менен айыкса болоорун так билбейм. Мүмкүн болсо ушул жөнүндө маалымат берип коёсуздарбы. Эмил, Ноокат.
Элдик медицинада колдонулуучу төмөнкүдөй ыкмалар бар.
ДУШ КӨТӨРҮЛГӨН КАН БАСЫМДЫ ТҮШҮРӨБҮ?
– Элден душтун денсоолукка пайдалуулугун угуп жүрөм. Эми суроом, душ көтөрүлгөн кан басымды түшүрүүдө да колдонулабы? Арина, Бишкек.
– Душ көтөрүлгөн кан басымды түшүрүүдө мыкты каражат катары колдонулат. Ал үчүн жылуу суунун (ысык эмес!) күчтүү агымын далыга, ийинге багыттоо керек. Мындай ыкманы моюндун остеохондрозуна да колдонуу пайдалуу.
Даярдаган Канымжан Усупбекова