ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (23-декабрдан 29-декабрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын башында касташкан адамдар элге сизди жаман көрсөтүп, стресске жеткирүүлөрү мүмкүн. Ошентсе да ачууга алдырбаңыз. Шаршембиде тамак-аштын сапатына көңүл бурбасаңыз, ууланып калуу коркунучу бар. Жума күнү жаңы буюмга ээ болсоңуз, ишембиде достор чогуу эс алууга чакырат. Апта аягында сүйүктүүңүздүн пикирин угуп, чогуу-чаран иш кылуу абзел.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Ашыкча түйшүк тартпайын десеңиз, ишенимдүү эмес адамдарды жаныңызга жолотпоңуз. Шейшембиде тааныштар буга чейинки жакшылыктарыңыз үчүн сыйлашып, кубантышат. Ишембиде аягы бүтпөс чырга айланып кетпеши үчүн тобокел иштен баш тартуу оң. Жекшембиде үй-бүлө мүчөлөрүнүн кашында болуп, энергия топтойсуз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Кумарга, азгырыкка тартылуу күчөйт. Өзүңүздү колго алып, азгырыкка берилбеңиз. Анчалык шаан-шөкөттү кааласаңыз, чакан чөйрөдө гана кече уюштуруңуз. Шаршембиде базар кыдырууга туура келет. Жума күнү шашылыш иштер жакшы көргөн адамыңызга жолугууга жолтоо болот. Аптанын соңу жакшы жаңылыктары менен кубантат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жумушта сизге түшүнүксүз болгон ишти колго алуудан качыңыз. Бирок баш тартуу аброюңузга доо келтирет. Үнөмдүү болбосоңуз капчыгыңыз бош калып, карыз сурооңуз мүмкүн. Шейшембиде эски достор менен убакыт өткөрөсүз. Бейшембиде жакын адамыңыз менен урушуп, кайра тил табышууңуз ыктымал.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апта башында бирөөлөр менен чырдашуу күтүлөт. Айрымдардын кер какшыгына илинүүңүз мүмкүн. Бирок сабырдуулукту сактаңыз. Болбосо аброюңузду түшүрүп аласыз. Шаршембиде майда кырсыктар тооруйт, этияттык керек. Бейшембиде үй-чарбаны калыпка келтирүү иштери күтөт. Жума күнү пландалбаган нерселерге акча коротууңуз ыктымал. Жекшембиде тааныштар конокко чакырат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта жаңылыктар менен башталат. Шейшембиде күтүлбөгөн жаман жагдайга туш болуп, колдоо издеп жакшы таанышыңызга чалууңуз мүмкүн. Шаршембиде үйгө, конокторго байланыштуу маселени чечүү керектелет. Бейшембиде өз оюңузду үйдөгүлөргө таңуулабаңыз, колдоо таппайсыз. Жекшембиде аты жүрөгүңүзгө жакын адам менен баарлашасыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Мүнөзүңүз менен кылык-жоруктарыңыз эл көзүндө болуп, талкууга алынат. Жакшы жактарыңызды көрсөтүүгө умтулуңуз. Апта ортосу каржылык ийгиликтерди алып келет. Жума күнү үй-бүлөңүз менен маданий жайга баш багууңуз мүмкүн. Жеке жашоодо таарынычтарды унутуп, жаңыча мамиле түзүү кажет.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жагымсыз окуянын алдын алуу үчүн аптада романтикалуу идеяны ишке ашыруу зарыл. Бейшембиде кызыкчылыгыңызды коргоо үчүн айрымдар менен кер-мур айтышасыз. Балдардын талабын да аткаруу ушул күнгө туш келет. Ишембиде сүйүктүүңүз мамилени териштирүүнү талап кылат.
Жекшемби – белектен жолдуу күн.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Сиздин жүрүм-турумдан ийгиликтер гана эмес, сүйүктүүңүз менен мамиленин андан аркы өнүгүшү да көз каранды. Бул аптада карыздарыңызды кайтарышат. Шаршембиде тааныш эмес адамдар менен кагылышуу көйгөй жаратат. Бейшембиде аян түштөрдүн бири туш келет. Апта аягы Жаңы жылга даярдык көрүү менен аяктайт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптанын алгачкы күнү энергия менен кыраакылык төмөндөйт. Андыктан каржылык жоготууга учурабоого аракет кылыңыз. Апта ортосунда акчалуу болосуз же баалуу буюм таап алууңуз мүмкүн. Бейшембиде иштер менен жүрүп суукка урунуп калууңуз ыктымал. Дем алыш күндөрү жакындарыңыз менен үй-бүлөлүк бюджетти бөлүштүрүүгө убактыңыз көп кетет.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Баары жайында көрүнгөнү менен, жетекчиликтин сизге карата нааразылыгы бар. Абал кайсы учурда болбосун курчуп кетиши мүмкүн. Сүйлөгөн сөзгө аяр болуу кажет. Шейшембиде достор үйүңүзгө баш багуусу мүмкүн. Жекшембиде күтүлбөгөн чечимдериңиз менен сүйүктүүңүздү таң калтыргандан тышкары бир топ чыгымга дуушар болосуз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптанын башында сыркоолоп калган жакыныңызга убакыт бөлүүңүз мүмкүн. Апта ортосунда сүйүктүүңүз кубанарлык жаңылыгын угузуп, чогуу убакыт өткөрүүнү сунуштайт. Апта аягында сиздин оюңуз үйдөгүлөрдүн пикирине каршы келип, бир аз чыр жаралат. Жана да пландалбаган чыгашалар капчыгыңызды жукартат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 581, 20-декабрь-26-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан