АНДРЕЙ ГУБИН

Орус шоу-бизнесинде популярдуулуктун туу чокусунда турганда карьерадан баш тарткан бир гана ырчы болду. Ал – 90-жылдары катар-катар хиттерди жараткан Андрей Губин. Бир кездери кыздардын жүрөк оорусуна айланган сакадай бою сары алтын мырза учурда чыгармачылыктан алыстап, ден соолугуна кам көрүп келет.

ИЙГИЛИКСИЗ ЖУРНАЛИСТ
90-жылдардын секс-символу атыккан Андрей Губиндин ата-энесинин Москвада туруктуу каттоосу жок болгондуктан, батирден батирге көчүп жашашчу. Дээринен чыгармачылыкка жакын баланы өгөй атасы Виктор Викторов Губин колдоп, сахнага чыгуусуна көп аракет жана каражат жумшаган. Окуучу кезинде балакай Андрюша футбол менен машыгып, Москва шаарынын курама командасында ойноого чейин жеткен. Бирок бутунан катуу жаракат алып, спорттогу карьерасын токтотот. Андан соң өзүн журналист катары сынап, биринчи жолу Андрей Макаревичтен интервью алган. Жылдыз менен болгон маеги ийгиликтүү болбой, болочок ырчы музыкадан өзүн издей баштайт. Ал чакта кичинекей Андрюша «р» тамгасын айта албай, чулдурап сүйлөчү. Музыкага болгон ышкысы анын атайын китептерди окуп, кемчилигин жоюуга түрткү болуп, кыялына жол ачылат.
1980-жылдардын аягында ал «16 жашка чейин жана андан жогору» («До 16 и старше») берүүсүнө конок болуп, элге жүзү тааныла баштайт. Андрейдин атын чыгарган «Мальчик-бродяга» ыры 1986-жылы жарык көргөн. Бирок 1994-жылы Леонид Агутин менен биргеликте чыгарган «Мальчик-бродяга» альбому эки жыл ичинде
500 000 даана сатылып кеткен. Анын артынан удаа-удаа альбомдору чыгып, жылдыздын жер кезген гастролдору башталат.

Андрей популярдуулукту багынтып жүргөн учур.

ДАРТЫН АНЫКТАЙ АЛБАЙ КОЮШКАН
Акыркы 10 жылдан бери Андрейдин сахнага чыкпай калганы коомчулукта ар кандай пикирди жараткан. Бири аны «ичип кетиптир» десе, бири «психикалык клиникага түшүптүр» дешкен. А чындыгында кандай? Бул боюнча Андрей Малахов изилдеп, каарманды «Мейли, айта беришсин» программасына чакырган. «Акыркы кезде жүзүмдүн сол жагындагы тамырлар тартышып, ашыкча мимикаларды кыла албай калдым. Өзүмдү жаман сезип, бир нече күн тура албай жатып калган күндөр болду. Күтүп жата бергенден пайда жок экенин түшүнүп, аракет кыла баштадым» деп ырчы оорусун жашырбай айткан.
Ошентип, ал Израиль, Германиядагы менмин деген дарыгерлерге көрүнөт. Ары-бери чапкылап жүргөнүнө 3 жыл кетип, 50 миң доллар корогон. Бирок кайсы жакка барбасын, дартын аныктай албай коюшкан. «Бул нерсе катуу чарчагандан, нервдин катуу чыңалышынан, депрессиядан келип чыгат экен» деп айтканы бар. Ошентип, мыкты дарыгерлер жардам бере албай ырчы Москвадагы невроздор клиникасына жатып чыккан. Бир далай дары ичип мурункуга салыштырмалуу жылыш болсо да, Андрей дале өзүн жакшы сезбегенин айтып келет. Анын программада өзүн алып жүргөнүн көргөндөр «психиатрдын жардамы керек» дешсе, айрымдар «баңгизат колдонуп алганы көрүнүп турбайбы» дешкен. А бирок ырчы эч кандай баңгизат колдонбоорун эскертет. Депрессия демекчи, Андрейдин жакындары анын жашоосун Люся аттуу мурунку «Карамель» тобунун солисти аңтар-теңтер кылып кеткенин жашырышпайт. «Люся менен сүйлөшпөй калгандан кийин көпкө чейин эч нерсеге реакция кыла албай калдым. Калп айтпасам, 6-8 жылдан кийин гана өзүмө келдим. Бирок Люся кечирсин, мен аны үйлөнчү аял катары көргөн эмесмин» дейт ырчы.
Учурда жашы 40ка таяп калган ырчы мырза дагы деле үйлөнө элек. Себебин ал «азыркыга чейин мен үйлөнчү кыз жолуга элек» деп түшүндүрөт. Акыркы берген маегинде 3 жылдан бери сүйлөшкөн кызы бар, бирок үйлөнүү тууралуу ою жок экенин айткан.

Жашы 40ка таяп калган ырчы дагы деле үйлөнүүгө шашпайт.

Андрей «Стрелки» тобунун экс-солисткасы Юлия Беретта менен да мамиле курган.

«Карамель» тобундагы Люся менен ажырашкан соң ырчы көп жылда өзүнө келген.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Elnuram090
2013-12-23 14:45:52
Даа!коп адамдардын убалына калса,каргыш тийсе адам ушунтип шал болот же карыганда тошоктон турбай калат дешетко.Кичинемде ушул ырчыны озумчо кумир тутуп ырларын калтырбай угат болчум.
0
balshirin
2013-12-25 16:33:45
Такие девушки как звезды , Зима-холода деген ырларын эстеп кеттим
0
MaRmeLaDka
2013-12-26 12:09:02
Андрей Губиндин кезинде чыккан ар бир ыры хитке айланган. Азыр ырларын угуп отурсам, почти 95 %инин текстин билет экемин. Сонун эргүү алып жатам ырлардан, артта калган бактылуу күндөрдү эске салып. Ырчынын ооруп, мындай кейиштүү абалга түшүп калганы өкүндүрөт. Дагы да чыгармачылыктан кетпей ырларды жарата берсе сонун болмок...
+2
№ 581, 20-декабрь-26-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан